Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 11 (Christ's Offer to You)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

11. МАШАЯКТЫН САГА БЕРГЕН СУНУШУНА КАНДАЙ ЖООП БЕРЕСИҢ?


Кудайдын Уулу сага назик үнү менен: «Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам. Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат. Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил». (Матай 11:28-30) - дейт.

Ыйса Өзүнүн шакирттерин ушундай сөздөр менен чакырганда, алар үйлөрүн, үй-бүлөлөрүн жана жумуштарын таштап, Анын чакырыгына ишенип артынан ээрчип жөнөшкөн. Алар Аны ээрчип жүрүп, Аны түшүнүп, Ага ишенип, акырында Ыйык Рухка толгонго чейин өз өмүрлөрүн Ага тапшырышкан. Машаяк бүгүнкү күндө да тирүү, Ал сенден ошондой жоопту талап кылат, себеби сен баарын таштап, Аны ээрчишиңди каалайт. Ошондо сен Аны бара-бара көбүрөөк таанып, түшүнүп өзүңдү Анын ырайымына тапшырууга даяр болосуң. Ал болсо сенин сүйлөгөн сөздөрүңдө жана кылган иштериңде өзгөрүүнү алып келүү үчүн сени таза руху менен майлайт. Ошондо сен чынчыл, керекке жараган, момун жана сүйүүчү адам болосуң. Бардык түшүнүктөн жогору болгон Кудайдын тынчтыгы, сенин жүрөгүңдү жана акыл-оюңду Машаяктын жакындап калган келишине чейин сактап жүрөт.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:26 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)