Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 015 (The mystery of our salvation)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Биздин куткарылуубуздун сыры


ЖАКАН 10,29-30
«Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт. Мен жана Атам бирбиз».

Кудуреттүү Машайак өлүм алдында турганда, момундук жана ыраазычылык менен чөгөлөп, шакирттерин Өзү тандабагандыгын, Атасы бергендерди гана кабыл алгандыгын күбөлөндүрөт. Ыйса Өзүн Жаратуучу бергендерди жөн эле кабыл алуучу катары күбөлөндүрөт. Ыйса Өзүнүн сыйынуусунда (Жкн.17) Өзүнүн шакирттери Атасыныкы экенин, Өзү болсо аларды жөн гана кабыл алгандыгы жөнүндө он жолу айтат. Бул жерден биз негизги ачылышты: Кудай Өзү Ыйса Машайактын ичинде келгендигин көрөбүз. Ыйса: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү», - дейт (Жкн.14,9). Жакшы Кайтаруучунун образы аркылуу Кудайдын Аталык сүйүүсү ачылат. Ыйса биздин түшүнүгүбүздү дагы тереңирек ачып, Кудайдын ким экендигин таанытып: «Асмандагы Атабыз!» - деп сыйынгыла деген. «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун. Сенин падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (Мт. 6,9-10).

Шакирттери Ыйса кылып жаткан иштер Кудайдын иши экенин таанып, Аны сыйлашы керек болчу. Ыйса Өзүн басынтып, момундук менен: «Атам баарынан улуу», - деп айткан. Эч бир адам жана эч бир периште Жаратуучу эмес. Эч бир элдик трибун түбөлүккө жашабайт жана кудуреттүү эмес. Бир гана Кудай улуу. Ыйса толугу менен Кудайга багынып, дайыма аны сыйлаган жалгыз жана чыныгы «мусулман» болгон.

Көбүнчө, «Атасы чоңбу, же Уулу чоңбу?» деген дискуссиялар пайда болот. Бул – рухий эмес, шайтандан келген суроо. Ыйсанын ою башкача. Ыйса чоң богусу келген эмес, тескерисинче, Атасын даңктоо үчүн, Өзүн басынтып, өлүмгө баш байлады.

Үч бирдиктүүлүктө момундук, жооштук жана сүйүү бийлик жүргүзөт, эч кандай текеберчилик, өзүн өзү сүйүүчүлүк жана жек көрүүчүлүк жок. Ыйса шайтанга окшоп Кудайдан улуу болууну ойлобойт. Машайак – Атасын дайыма уккан жана Атасы тарабынан жиберилген Уул. «Менин эмес, Сенин эркиң болсун», - дейт Ал. Атасы менен болгондо Өзүнө эч нерсе зыян келтирбестигин билген, ошондой эле деңизде толкун болгон учурда, өлүм алдында жаткандарды айыктырууда, жиндерди кубалоодо, душмандары менен сүйлөшкөндө жана куугунтуктарда буга күбө болгон.

Душмандары Аны өлтүрүүнү каалаганда да, алардын арасынан чыгып кеткен. Ал Атасынын сактоочу колдору күчтүү жана кудуреттүү экенин билген. Ошондуктан Ал шакирттерине: «Силерди Атамдын колунан эч ким тартып кете албайт», - деп айткан. Кайсы ата топ оюнунда баласын топ менен уруп, шылдыңдап күлүшүн кааламак эле? Эгерде адам баласында жоопкерчилик сезим болсо, анда андан бетер Асмандагы Ата Өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын бүт күчүн жыйнап сактайт!

Негизинен алганда, өлүм көлөкөсү астынан алып өтүүчү «үч» колду көрөбүз: Жакшы Кайтаруучунун колу, Кудуреттүү Атанын колу жана Ыйык Рухтун көрүнбөгөн колу. Биз түбөлүккө Атанын, Уулдун жана Ыйык Рухтун ичинде жашырылганбыз. Үч бирдиктүү Кудай Өзү биздин сактоочубуз.

Акырында Ал: «Мен жана Атам бирбиз», - деп айткан. Ыйса Биз экөөбүз», - деп айткан эмес. Эки же үч кудай жок. Жүйүттөр менен мусулмандар Ыйсаны жана Аны ээрчигендерди түшүнүшпөйт. Чыныгы машайакчылардын баары Ата, Уул, Ыйык Рух болуп ачылган бир эле Кудайга ишенишет.

Түбөлүк өмүргө ээ эмес адам адамдык акылга, көзгө көрүнгөн фактыларга негизделгендиктен, түшүнө албайт. Кудайдын бар экендиги чындык экенин эң жогорку жана рухий логика менен гана түшүнүүгө болот.

Ошондуктан биз теологиялык ойлорду талкуулабастан, тирүү Кудайдын чындык экендигин күбөлөндүрөбүз. Ыйса Атасына: «Алар да биз сыяктуу бир болушу үчүн...», - деп сыйынат (Жкн.17,22). Бул сөз Үч Бирдиктин чындык экендигин жөнөкөй жана так формада түшүндүрөт.

Бул түз эле прагматикалык күбөлөндүрүүдө Ыйса эмне кылса да, эмнени айтса да – баарын Атасынан алгандыгын айтат. Шакирттерин да Ыйса Өзү тандаган эмес, тескерисинче, Атасы аларды Ага берген. Дүйнөнүн башталышын жана аягын билген Кудай Өзүнүн Жыйынын Уулу жана Ыйык Руху аркылуу акыркы даңкка жеткирет.

Ошондой эле Атасында эмне бар болсо, ал Уулуна да, мурасчыларына да тиешелүү болот.

Анын өлүмү жана тирилүүсү Атасынын эрки менен болгон. Анын кайра келүүсү да Атасынын даңкы үчүн болот. Кудайдын Уулунун жеңишин жана куткаруусун эс ким тартып ала албайт. Ал Өзүнүн даңктуу ишин аягына чыгарат. Ким Анын колунда жана Атасынын колунда жашаса, жакшы Кайтаруучуну түбөлүккө ээрчийт жана эч качан жалгыз калбайт, Ага ишенгендер менен мамилелешүүдө жашайт. Ыйса бизди Атасынын үйүнө алып барат.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)