Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 014 (Jesus gives eternal life to His followers)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Ыйса Өзүн ээрчигендерге түбөлүк өмүр берет


ЖАКАН 10,28
«Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт».

Жакшы Койчу жана койлор жөнүндөгү бул үлгү –насаат аңгемени Ыйса сооротуучу сөздөр менен (Өзүн өмүр берүүчү катары ачып берип) бүтүрүп жатат. Кудайдын башка эч ким түбөлүккө жашабайт. Жаратылган бардык нерсенин башталышы жана аягы бар. Бир гана Кудай бардык убакытта түбөлүктөн түбөлүккө жашайт. Ал – түбөлүк өмүр.

Ыйса Өзүн ээрчигендерге түбөлүк өмүр берет. Ал Өзү – түбөлүк өмүр; өлүмгө бара жаткандарга түбөлүк өмүрдү берүүнү каалайт. Ал Өзүнүн өмүрүн, Өзүнүн Рухун, Өзүнүн күчүн жана Өзүнүн сүйүүсүн Өзүн ээрчигердерге берүүнү каалайт. Ал бизге окшогон топуракты Өзүнүн түбөлүк жашоосуна улүштөш, ортоктош кылууну, бардык күнөөлөрдөн тазалап, кудайлык табиятка ортоктош кылууну каалайт. Адамдар адилеттикти, Ыйык Рухту, түбөлүк өмүрдү кабыл алуулары үчүн, Ыйса ыйык канын төккөн. Анын төгүлгөн ыйык каны аркылуу күнөөлөр кечирилет. Күнөөкөрдүн акталышы жана Кудайдын Рухун кабыл алышы жакшы Кайтаруучуну ээрчий баштагандык болуп эсептелет.

Ыйык Рухту бардык адамга төгүү үчүн, Ыйса Атасына кетти. «Кимдин уга турган кулагы бар болсо, ал уксун!»

Ушундай куткаруу аркылуу Ыйса койду койчу, тейлөөгө муктаж болгон адамды кызматчы, өлүм адамдарда өмүр берүүчү адам кылып койду. Ыйсага ишенген адам гана ушундай укукка ээ болот. Адам өзүнөн өзү түбөлүк өмүргө ээ боло албайт. Ыйса менен байланышта болуу аркылуу гана ээ болот. Ыйса – адамдардын жашоосу. Алар Анын ичинде болуу менен гана ал өмүрдү башкаларга бере алышат.

Лазарды тирилтерден мурда, Ыйса анын эжеси Мартага түбөлүк өмүрдүн сырын ачып берет. Ал:

ЖАКАН 11,25-26
«Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби!»
-дейт.

Бул жерде Ыйса Өзүн ээрчигендердин өлүмдөн коркпоолору керек экендигин айтат. Ал: «Мага ишенген адам өлсө да, тирилет», - деп айтат. Ким Ыйсага ишенип, чын эле, рухий жашоого ээ болсо, ал эч качан өлбөйт. Ал үчүн өлүм Машайактын даңкына өтүүчү дарбаза болот.

Өлүм жөнүндө так жообу жок ар бир дин, идеология жана дүйнөлүк көз караш өлүк төрөлгөн балага окшош. Өлүмдү жеңген гана чындыкты билет жана аны башкаларга бергенге укуктуу. Бир гана Ыйса – жол, чындык жана өмүр. Ансыз Атасына эч ким бара албайт (Жкн.14,6).

Тозоктун Кудай Уулуна болгон жек көрүүсү жана шайтандын Ыйса Машайактын Атасына болгон жек көрүүсү абдан чоң. Эгерде жакшы Кайтаруучу түбөлүк өмүрдү белекке алгандарды сактабаса, анда шайтан аларга зор күч менен келип кол салмак. Ыйса аларды Өз кучагына алып сактап турат. Ал – кыйрап кала турган кеменин көмүр сакталуучу жайы эмес, тескерисинче, алар жашына турган бекем аска-зоо. Анын бийлиги бар жерде шайтан жеңе албайт. Ыйсанын колу биз жашап жаткан жерден бийик.

Бүткүл аалам Анын кучагында. Ал Өзүн ээрчиген ар бир адамды кучагына алып жүрөт. Ал бизди: «Сени Менин колумдан эч ким тартып кете албайт», - деп толук ишендирет.

Шайтандын кудуреттүү Ыйсанын алдындагы алсыздыгын көрүп, сооронуп: «Өлүм да, азап да, коркунуч да, көңүл калуулар да бизди Ыйсанын сүйүүсүнөн ажырата албайт», - деп айта алабыз. Эч бир таза эмес рух жана шайтан бизди Ыйсанын колунан жулуп кете албайт. Биз өзүбүздү Ага тапшырган болсок, өзүбүздү өзүбүз андан ажырата албайбыз. Эгерде биз кылган күнөөбүздү моюнга алып, ачык айтып, күнөөнү жек көрүп, аны таштап, кайрадан жакшы Ыйсага умтулсак, анда күнөө да бизди Андан ажырата албайт. Ким Ыйса Теңирдин канынын астында турса, ал Кудайдын кудуреттүүлүгү жана сактоосу астында коопсуз болот. Машайакчылар өздөрүнүн Теңирине толук таянганда, Теңир аларга акыл жеткис, сөз менен жеткире алгыс тынчтыгын берет. Коркуткан ар кандай каттарды алып, өлүмгө бара жатышса да, куугунтуктарда да сооронушат, жүрөктөрүндө тынчтык болот. Эми алардын үстүнөн өлүмдүн бийлиги жок. Алар түбөлүккө жашашат. Ыйса Өзү алардын ичинде жашайт. Куткарылгандарды ар кандайча кыйнаганда, карыганда, ооруганда, эсин жоготкондо да, алар Ыйсанын ичинде коопсуз болушат. Бизде Ыйык Рухтун мөөрү кала берет. Ал – түбөлүк сооротуучу, Ал биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди жана түбөлүк жашайрыбызды күбөлөндүрүп турат.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)