Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 012 (Sheep from the other fold)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Башка короодогу койор


«Менин бул короодогу койлордон да башка койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот...» (Жкн.10, 19-29). Ыйса бул сөздөрдү Иерусалимде ийбадаткананы ыйыктоо майрамы болуп жатканда, кыш мезгилинде атйкан.

Шаардын көпчүлүк тургундары Ага ишенишкен эмес. Ошондуктан Ыйса аларга: «Силер Менин койлорум эмессиңер», - деп айткан. Кайтаруучуну Ага ишенгендер гана түшүнүп, артынан ээрчий алышат. Ыйсаны Ага ишенүү аркылуу гана таанууга, куткарылууга, күчкө ээ болуп, тил алчаак болууга болот.

Ага ишенген адам гана түбөлүк өмүргө ээ болот (Жкн.3,15-16).

Ыйса Атасы тарабынан Ысрайыл элинин жоголгон койлоруна жиберилген болчу (Мт.15,24).

Ал шакирттерине бутпарас элдердин жерлерине барбастан, Ысрайыл элинин адашкан койлоруна барууну буйруйт (Мт. 10,6). Ал Өзү да чачылгандарды табыш үчүн келген. Ал: «Мен жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келдим», - дейт (Мт. 18,11). Ыйса Ысрайылдын ишенимдүү Куткаруучусу болгон. Ал Өзүнүн элин бардык күнөөлөрүнөн куткарууну каалаган (Мт.1,21).

Бирок Ыйсаны Өз элинин көпчүлүгү кабыл алышкан эмес. Жалган кайтаруучулар жана Анын элин башкаруучулар Аны римдиктердин колуна айкаш жыгачка кадоо үчүн салып беришти. Жакшы Кайтаруучу Иерусалимдин сыртына ташталып, койлору үчүн айкаш жыгачта курман болду. Бирок буга чейин Ыйса Байыркы Келишимдеги элдин арасында башка койлор бар экендиги жөнүндө айтат.

ЖАКАН 10,16
Ал аларды да чакыруусу керек Эле: «Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.

Ал өлүп кайра тирилгенден кийин, асманга кетеринин алдында элчилерге бардык элдерге Жакшы Кабар таратууну буйруган (Мт. 28, 18-20, Элч.иш.1,8).

Козуларды жана койлорду кайтаруу үчүн Ыйса тарабынан коюлган Петирге (Жкн.21, 15-19) кудайсыз бутпарастарды басынтпоо керектиги, аларды Ыйсага ишендирип, сууга чөмүлдүрүү буйрулду (Элч.иш.10,1-48). Бир кезде Кудайдын эли болбогондор да Ыйса Теңирге ишенүү аркылуу Падышанын ыйык кызмат кылуучулары, ыйык эли, Кудайдын энчилеп алган эли боло алат (1Пет, 2,9-10). Күчтүү чукул өзгөрүш ийгиликтүү болду. Ысрайыл элинин арасынан гана Ыйсаны ээрчигендер эмес, бардык элдин арасынан жакшы Кайтаруучуга ишенгендер Ыйса Теңирдин үйүрүнө тиешелүү болуп калышты. Алар Анын үнүн угуп, өздөрүнүн жашоосун өлүп кайра тирилген Теңирдин жетектөөсүнө тапшырышат.

Аз эле жылдын ичинде Жакшы Кабар Иерусалимден Самарияга, андан Римге тарады. Семиттердин юристи болгон Пабыл элдик миссионер болуп, Ыйык Рухка толуп, Кудайдын куткаруу планын рационалдуу ой жүгүрткөн индоевропалык элдерге жеткирди. Жакшы Кабарды бардык элдерге, тилдерге күнү-түнү токтолбостон тарап жатат. Теңир үйүрдүн алдында бара жатат. Сен да Аны менен бара жатасыңбы?

Биздин планетада бүгүнкү күндө 6 миллиард адам жашайт. 29-32 проценти, болжол менен 1,5-1,8 миллиарды өздөрүн машайакчыларбыз деп эсептешет. Теңирдин ысымы – алардын белгиси. Ислам дини 18-20 процентти түзөт. Атеситтер менен динсиздердин саны мусулмандардын санына барабар. Индустар (калкы 700-800-миллион) 13-14 процент буддисттер (калкы 300-450 миллион) 6-8 процентти түзөт. Алыскы Чыгышта да башка диндер бар, алар 6-8 процентти түзөт.

Анимизм (калкы 170-200 миллион) 3-4 процент. Иудейлер 0,3 процент. Калган 15-19 миллион адам жакшы Кайтаруучунун чакырыгына каршы чыккан. Дүйнөгө Жакшы Кабар таратуу иши акырына чыга элек. Дүйнөнүн аз эле, үчтөн бир бөлүгү гана Жакшы Кабарды угуп кабыл алган. Ошондуктан жоопкерчиликтүү машайакчылар Ыйсанын дагы башка жактагы койлору жөнүндө айткандыгын көңүл коюп угуулары керек. Аларды чакырып, үйүргө алып келиши керек. Алгачкы күндөрдөгүдөй эле дүйнөгөЖакшы Кабар таратуу «керек» деген сөз бүгүнкү күндө да актуалдуу.

Биз Жакшы Кабар таратуу ишинде Куткаруучубузга жардам берип, ишенбегендерге жана жөн эле ишенгендер деп аталгандарга Жакшы Кабарды жеткирүү, мүмкүн болгон жолдун баарын колдонушубуз керек. Биз өзүбүз үчүн жашабашыбыз керек жана өзүбүздүн айланабызда тегеренбестен, кудайсыздарга кызмат кылууну жакшы Кайтраруучудан үйрөнүшүбүз керек. Биз тобо кылып, андан кийин жоголгондорду издеп таап, аларды Ыйсага алып келишибиз керек. Бардык диндерде жана элдерде куткарбай турган мыйзамдарды жана программаларды ойлоп чыгышкан. Алардын көзү өтүп кеткен жетекчилери эч кандай куткарылуу алып келбейт. Бир гана тирүү Машайак – жакшы Кайтаруучу Өзүнүн өмүрүн койлор үчүн берген. Ким Аны ээрчисе, ал адил болот жана түбөлүк өмүрдү белекке берет.

Ким Машайктын куткаруусун күтүп жаткандарды издеп таап, аларга Жакшы Кабарды сүйүнчүлөйт?

Бүгүнкү күндө биз Ыйсанын Ыбрайым тукумуна, жүйүттөргө, жана мусулмандарга берүүчү ырайымын күбөлөндүрүүчүлөрүбүз. Жүйүттөрдүн жана мусулмандардын арасынан миңдеген адамдар Машайакчы болуп, жакшы Кайтаруучуну ээрчип, азап-чегип, кордук көрүп жана куугунтукталып, жалгыз жарым жашап жатышат. Алар биздин көңүл буруубузга, жардамыбызга жана сыйынуубузга муктаж. Ыйсанын кыйынчылык учурда да «таштабайм, унутпайм, кам көрөм» деген убадасы чын.

Ыйса Машайак куткарылуу планын аткарды. Кудайдын сүйүүсү бизди бардык адамдарга Жакшы Кабар айткандарга жана алардын күнөөнүн, өлүмдүн жана шайтандын бийлигинен куткарылышы үчүн сыйынганга багынбайт.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)