Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 008 (The Good Shepherd and His lost sheep)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
2. Жакшы Кайтаруучу жана Анын жоголгон кою

Жакшы Кайтаруучу жана Анын жоголгон кою


Дөөт жаш койчу болуп кой кайтарып, падыша болуп өзүнүн падышачылыгынын негизинде жана пайгамбар катары даңктоо ырларын ырдагандан миң жылдан кийин Ыйса жакшы Кайтаруучу болуп, биз жашап жаткан жүйнөгө келди. Ал Дөөттүн даңктоо ырын ырастап, жоголгондорду издеп тапты. Ыйса Өзүнүн шакирттерине жогологон кой жана аны издеген Кайтаруучу жөнүндө үлгү-насаат аңгеме айтуу аркылуу Кудайдын жоголгондорду тапканга чейин издей тургандыгын түшүндүрүп берген. Эсиңде болсун: Кайтаруучу өзүн адилеттүү эсептегендерди, аябай такыбааларды жана адептүү көрүнгөн эки жүздүүлөрдү издебейт, тескерисинче, күнөөлөрүн мойнуна алып, адашып жүргөнүн сезип, бир гана ишенимдүү Куткаруучунун куткаруусуна үмүттөнгөндөрдү издейт.

Ыйса шакирттерине мындай үлгү-насаат аңгеме айткан: «Силердин араңардан жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун талаага калтырып, жоголуп кеткен бир коюн издебейби? Тапкандан кийин, кубанып, аны ийнине көтөрүп алып, үйүнө келет да, досторун, коңшуларын чакырып, аларга: «Мен жоголуп кеткен коюмду таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула», - дейт.

Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле «Тобо кылууга муктаж эмеспиз» деген токсоп тогуз «адил» адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот» (Лк.15,4-7).

Бул үлгү-насаат аңгемени көз алдыбызга элестетсек, анда белгилүү бир максатка умтулган окуяны көрө алабыз: Кайтаруучу койлорун түгөлдөгөндө, бир кой жок экендигин көрөт. Калган койлорун короого киргизип коюп, жоголгон кой карышкырга жем болуп калбасын деп издеп жөнөйт. Ал таштарга мүдүрүлүп, жыгылганына, денесин жана кийиминин тикенекке тилингенине кайыл болуп, саздарды кечип өтүп коюн издеп кете берет. Чарчап, алсырап калса да, коюн тапмайынча издей берет. Кандай гана болбосун, Ал аны таап, куткарып, үйгө алып келүүнү каалайт.

Акырында алыстан аянычтуу маараган үндү угат. Ал жардын кырынан ылдый жакты караганда, жардан ылдый кулап кетип, тикенекке илинип, тырмалаңдап чыга албай жаткан койду көрөт. Асманда болсо таз жорулар жоголгон койду талап жеш үчүн айланчыктап жүрүшүптүр. Аябай чарчаган койчу жардын кырындагы дарактын бутагына аркан байлап, ээн баш койду көздөй төмөн түшө баштайт.

Коркунучтуу жардын боорунда машакаттанып жатып, ага жакын түшөт. Кайтаруучу койду тикенектен абайлап чыгарат да, жардын боорунда жанын оозуна тиштеп турганына карабай, койду абайлап, ийнине которүп алат (кой оор, анын салмагы 120 кг дай болот). Кой болсо кайтаруучунун ийнинде жөн турбастан сүйүнгөнүнөн тепкилеп, куткаруучусун кайра төмөн карай түшүрүп жибере жаздайт. Аябай кыйналган койчу кыбырап отуруп, араңдан зорго жогору чыгат. Кой жардан дагы секирип кетпеши үчүн, анын эки көзү койдо болот. Койчу койдун бутун сындырып алганын, өзү баса албастыгын көрөт. Түн ичинде үйгө жетүү үчүн, койчу болгон күчүн жыйнап, оор койду кайра ийнине көтөрүп жөнөйт. Кой болсо анын ийнинде тынч жатпай тепкилеп, төмөн түшкүсү келет. Сынган буту менен баса албай тургандыгына карабастан, ал эркин болгусу келет. Жолдун алыстыгына карабай, ал койду көтөрүп алып жөнөйт. Акырында койчу жүгү менен короого жетип, койдун сынган бутуна шак-шак коюп, адашкан койду кепшеп, тынч жаткан койлорго кошот.

Эртеси эртең менен тегерегиндеги койчуларды чакырып, түн ичинде коюн таап, кыйналып көтөрүп келгендигин сүйүнүп айтып берет. Анын кубанычы койнуна батпайт, анткени койлорун жанындай жакшы көрөт. Бул үлгү-насаат аңгеме аркылуу Ыйса жоголгон жана адашкан ар бир адамды сүйүп: «Мен сенин артыңдап күндөп-түндөп, айлап-жылдап чуркайм. Мен сени тапканча издейм. Мен сенин өлүп бара жаткандагы үнүңдү да угам. Мен сага жардамга келем!» - дейт. Мүмкүн, сен шектенип, унчукпай тургандырсың, бирок жакшы Кайтаруучу жаныңа келип, сени ийнине көтөрүп алат. Сен коопсуз болгондо гана Аны ээрчийсиңби? Ал зор эмгек жумшап, сени күнөөнүн тикенектеринен сууруп чыгат. Ал сени кандай болсоң, ошол бойдон кабыл алат. Сени үйгө чейин көтөрүп барат. Оор болгондугуңа карабастан, ийнине көтөрүп алат, сен көп учурда кежирленип, Анын ийнинен жерге секирип түшүп, өзүңчө чуркап кеткиң келет. Бирок Ал сенин колуңан бекем кармап, туура жолго салып, Өзүнүн жыйынына алып келет. Андан кийин Ыйса Өзүнүн үлгү-насаат аңгемесинин ажайып жыйынтыгын көрсөтөт: «Тобо кылууга муктаж эмеспиз» деген токсон тогуз «адил» адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот».

«Асманда чоң кубаныч болот» деген сөздүн маанисин ойлонуп көрдүң беле? Бардык периштелер обон салышат!; Кудай Ата сүйүнөт; Ыйык Рух кубанычка толот; күнөөкөр кайра кайрылып, куткарылгандыгы үчүн жакшы Кайтаруучу бакытка бөлөнөт.

Асманда сен үчүн кубаныч болду беле же сен өзүңдү адилеттүү эсептеп: «Мен такыбаамын, мага тобо кылууну кереги жок», - деп жүрөсүңбү? Жашыруун жана ачык күнөөлөрүмдү кечир деп сыйындың беле? Сен жоголуп жүрүп, Ыйсаны тапкан адамсыңбы, же жүрөгү катуу, ыйык көрүнүмүш болгон, жыйынга келип, Кудайга кайрылып, сооронуу алган күнөөкөр менен кошо кубана албаган адамсыңбы? Кайсынысына киресиң? Сен жалгыз өзүң жарда илинип турасыңбы, же ишенимдүү Кайтаруучуңдун ийнинде коопсуз абалдасыңбы? Ыйыктардын жыйынына келип, жакшы Кайтаруучунун үйрүнүнүн мүчөсү болууга даярсыңбы? Анда асманда сен үчүн чоң кубаныч болот, анткени сен күнөөлөрүң үчүн өкүнүп тобо кылдың. Ошондуктан Теңир сени үйүнө көтөрүп келди. Атайын убакыт бөлүп, Куткаруучунун азап тартуусу жөнүндө ойлондуң беле? Эгерде сен айлана-чөйрөңдөгү адамдарга Теңирдин сени куткарган иши тууралуу айтып берсең, асмандагы кубанычка кубаныч кошосуң.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)