Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 007 (The crowning of the followers of the Good Shepherd)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Кудайдын ичинде жана Анын Рухунун жетегинде жашоо


ЗАБУРЛАР 23,6
«Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом».

Ким Ыйык Рухту кабыл алып, дайыма Машайактын каны менен тазаланып жашаса, анын жүрөгү өзгөрөт. Ал боорукер болуп калат, анткени өзү кабыл алган Ыйык Рух аркылуу жүрөгүнө Кудайдын сүйүүсү төгүлөт. Анын мүнөзү жакшы болот, анткени Кудайдын Руху жакшы. Анын башкаларга кылган мамилеси оңоло баштайт, анткени ак көңүл Кудайдан үйрөнө баштайт.

Машайак муктаж болгондорго кызмат кылып, аларды жакшы кайтаруучудай жетектеген сыяктуу Ага ишенген адам үстүртөн гуманизмди карманбастан, убактысын, акчасын, күчүн, жашоосун муктаж болгондор үчүн кызмат кылууга арнайт. Кудай аркылуу жаңыланган адам башкаларга да Кудай бере турган өмүрдү бергенге аракет кылат. Кудайдын Сөзү аркылуу рухий өлүмдөн куткарылган адам башкалардын да түбөлүк өмүрдү белекке алуусуна жардам берет. Ырайым кылынган адам ырайымдуу болот. Кудайдын сүйүүсү биздин өзүмчүлдүгүбүздү жеңип, чыдамдуулукка жана ак көңүлдүүлүккө үйрөтөт.

Кудай сага кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин түшүндүңбү? Ал батасын бергенден кийин, сенин да башкалардын бата алуусуна себепкер болууңду каалайт. Ал биздин жүрөгүбүздү акчаны сүйүүчүлүктөн бошотуп, муктаж болгондорго, жакырларга, жетимдерге жана жесирлерге, сокурларга жана майыптарга бурат. Эгерде кааласа, бай өлкөдө жашагандар кедей өлкөдө жашагандарга жардам бере алышат! Ыйса күнөөкөрлөргө кызмат кылган жана насаат айткан. Ал ооруларды айыктырып, адамдарды жиндерден бошоткон.

Биз атактууларды, көрүнүктүүлөрдү жана кино жылдыздарын карабастан, Ыйсага окшоп жоголгондорду жана четке кагылгандарды издешибиз керек. Ыйсаны Руху бизди миссионердик жана диакондук кызматка чакырат. Анын күчү жана акылмандыгы сага ырайым менен боорукердикти таажы кылып кийгизгиси келет. Ыйса Өзүнүн шакирттерине: «Аларды жемиштеринен билесиңер!» - деген, Ыйык Рухтун жемиштери болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн-өзү токтото билүү. Бул тогуз жемиш Теңирдин майлангандарын өмүр бою коштоп жүрөт. Теңирдин даңкы аларда болуп, Кудайдын ыйык сүйүү алардын жашоосунан көрүнүп турат. Кудайга ишенгендердин жашоосунда да ички күрөштөр болору талашсыз, анткени Кудайдын Руху дене, денени Кудайдын Руху жеңгенге аракет кылат. Биз Ыйсага ишенгендерди жомоктогудай кыялданып, кайгы-капасыз жыргап жашашат деп айтпайбыз. Алар кыйын учурларда ишенимдүү жана жакшы Кайтаруучуга таянышат. Ыйса Теңир бизди жалгыз таштабайт. Бизге жардам берүү үчүн бир туугандарды жиберет. Ошондо биз кыйынчылыктарда жалгыз эмес экенибизди билебиз. Кудай биздин суроолорубуздун баарын дароо, бир учурда чечип койбойт, кадам сайын чечип берет. Жүрөгүңдү Ага берип, бардык кыйынчылыктарыңды Ага тапшыр, ошондо сеникине караганда, Анын мүмкүнчүлүгү көп экендигин көрөсүң. Ал сени сүйүүгө толгон адамга айландыргысы келет. Кудай сени жакшы адам деп аталышың үчүн, адилеттү кылган жок. Тескерисинче, Ыйса бардык адамдарга кызмат кылгандай, сен да башкаларга кызмат кылууну үйрөнүшүң үчүн, сени күнөөдөн арылтты. Сен башкаларга кызмат кылууга даярсыңбы, же кожоюн болгонду жакшы көрөсүңбү? Сен улуу, көрүнүктүү, көпчүлүккө көрүнүктүү адам болгуң келеби, же Өзүнүн Кудайлык даңкын таштап кул болуп келген Ыйсага окшошкуң келеби? Ыйса: «Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун!» - деп айткан (Мк. 10,43-44).

Дөөт өзүнүн забурун Теңирдин үйүндө ошол учурда эле эмес, түбөлүккө болору жөнүндө ант берип бүтүрүп жатат. Ал өзүнүн күчү менен тоң моюн элди башкара албастыгын билген. Ал күн сайын күчкө жана акылмандыкка муктаж болгон. Ошондуктан Кудайга жакын болууга аракет кылган. Өлүм коркунучу туулган учурда гана эмес, өмүрүбүздүн эң жакшы учурларында да Кудай менен сүйлөшүүгө, Ага жакын болгонго жана Анын ичинде болгонго муктажбыз. Ким Кудайдын сөзүн дайыма окубаса, ал жүзүм бутагынан кесилген сабакка окшоп, акырындык менен өлө баштайт.

Ыйса Теңирден качып, Анын Сөзүн окубасаң, сага эч ким жардам бере албайт. Ар бир адам жүрөгүндө Кудайды эңсеп, Атасынын үйүнө кетүүнү, максатына жетип, үйдө болууну каалайт. Дөөттүн: «Теңирдин үйүндө болом», - деп ырдаганы Кудайдын үйүндө түбөлүк болууну түшүндүрөт. Ыйса: «Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге орун даярдаганы бара жатам деп айтмак эмесмин», - дейт (Жкн.14,2).

Сен Кудайдын үйүнө барасыңбы? Сенин жашооңдун максаты эмне? Сен ийгиликке, байлыкка, атак-даңкка ээ болгуң келеби? Түбөлүк өмүрдү күтүп жатасыңбы? Асмандагы Атаңды көрүп Анын түбөлүк даңкы менен бирге болгуң келеби? Биз материалдык жана рухий ыракаттары бар бейиште эмес, Кудайдын жанында болууну күтүп жатабыз. Ыйса: «Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайдын көрүшөт», - дейт (Мт.5,8). Жүрөгүңдү сен өзүң тазалай албайсың, сени издеп таап куткарган Ыйсадан кечирим алуу аркылуу гана жүрөгүң тазаланат. Ал сага Атаңдын үйүнө алып бара турган жолду көрсөтүп, үйгө киргенге укук берет. Ошондой эле тынчтык берет, чарчаганыңда көтөрүп алат.

Ушул аркылуу Ал Өзүнүн жакшы Кайтаруучу экендигин далилдейт; Ал бир да коюнун жоголушун каалабайт, аларды максатына жеткирет. Түбөлүк жайда бир чоң короо кой жана бир Кайтаруучу болот; бардык элдердин ичинен Ыйсаны ээрчигендер чогу кубанышат жана коопсуз болушат.

Кымбаттуу окурман, бул забурду жаттап алууну сунуш кылабыз! Бул забур сени өмүрүңдүн акырына чейин коштоп, кыйынчылыкта күч берет. Бул сөздөрдү жаттоодон чарчаба. Буларды жүрөгүндө сактап, ой жүгүртүп, башкаларга да айтып бер. Биз сага 22-забурдун текстинин бардык сөздөрүн жазып беребиз, эсиңе сактап калсаң болот. Аны жаттап алып, чын жүрөктөн сыйын!

1 Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум.
Мен эч нерсеге муктаж болбойм.


2 Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай
аккан суу боюна алып барат.

3 Өз ысымы үчүн жаныма күч берет, чындык
жолуна салат.

4 Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да,
жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени
мененсиң
. Сенин бийлик таягың менен Кайтаруучу
таягың жанымды танчтандырат.

5 Сен мага душмандарымдын көз алдында
дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен
майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат.

6 Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн
аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин
үйүнөдө түбөлүк болом.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)