Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 003 (The Good Shepherd cares for His sheep)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Жакшы Кайтаруучу Өзүнүн койлору үчүн кам көрөт


ЗАБУРЛАР 23,2
«Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат».

Адамдын жашоосунда ачка болгон, чаңкаган учурлар болот. Булар баарынан: дене кумарынан, байлыктан, атак-даңктан, хоббиден алган кубанычтан, модадан да күчтүү. Дөөттүн жашоосунда ачка болгон жана чаңкаган учурлары көп болгон. Анын падыша болууга чакырылгандыгын көрө албай, аны өлтүрүүнү каалаган, кара күчкө байланган Шабул падышадан Дөөт бир нече жылдар боюу качып жүргөн. Ал Кудайдын майланганына ырайым кылып, душмандарынын шаарына качып барат да, ал жерде басынып, жек көрүндү болуп, кордолуп, жокчулуктун каарын тартып, дайыма коркунучта жашаган.

Бирок ал ушундай кыйын күндөрдө, куугунтукталып жүргөндө, бөтөн эл, бөтөн жерде сактап, өзү үчүн кам көргөн Теңирин жана жакшы Кайтаруучусун жакшыраак тааный баштайт. Ал душманына теңелип, чырдашкан эмес.

Кудай Өзүнөн үмүт кылып, сыйынгандардын баарын куткарат. Кудайдын ырайымы алардын үстүндө болот. Жакшы Кайтаруучу жакшы жайыттарга алып барып, жетишерлик тамак жана тунук суу берет. Алар Анын жетектөөсүнөн көз каранды болушат. Ансыз алар жашай алышпайт. Кайтаруучу койлору үчүн кам көргөндөй, алар Теңирдин кам көрөрүн, эң жакшы жерлерге алып барарын билишет.

Бедуиндер өздөрүнүн малдарына оттуу, суусу кенен жайыт табуу үчүн, көп жерлерди кыдырышат. Дөөт өзүнүн койчулук тажрыйбасынан улам, Теңирдин Кайтаруучусу экендигин жакшы түшүнгөн. Сен күн аябай ысыган кезде чаңкап көрдүң беле? Ошондой учурда оозуң кургап, акактап каласың. Бирөө жарым көрүнөр бекен деп, эки көзүң төрт болот. Какыраган чөлдө суу таппай турганда, кимдир бирөө көк жайыкка чакырса, кандай ырайым! Анда кээ бир адамдар суусуну канганга чейин эле ичпестен, бүт боюн сууга ташташат. Сен Кудайдын сөзүнө суусайсыңбы?

Бала ачка болгондо, апасы келип эмчек берип тойгузмайынча, ыйлай берет. Сен Кудайдын Сөзүнө суусайсыңбы? Сен Жараткандын эркин издеп, аны аткарып жашагың келеби?

«Адам бир гана нан менен эмес, Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен жашайт» (Мт.4,4). Ыйса: Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү» (Жкн.4,4) – деген. Ар бир адам Кудайды эңсейт. Анын жүрөгү түбөлүктүү чындыкты билүүнү каалайт. Ким Кудай Сөзүн дайыма окубаса, жүрөгүн өзгөртпөсө, ал рухий жактан өлүп калат. Азыркы замандагы Кудайсыз ойлоп табылган, пландаштырылып жасалган техникалык табият илимдеринин өнүгүшү – рухий начарлоонун белгиси. Бирок сен экөөбүз тең Кудайга муктажбыз. Кудайга күнүмдүк нандан да көбүрөк муктажбыз. Кудайсыз биздин жаныбыз кыйроого учурап өлөт. Рухий жактан өлүк канчалаган адамдар көчөлөрдө кайдадыр шашып бара жатышат.

Алардын күнөө кылып, коркуп, жүрөктөрүндө тынчтык жок жашагандыгы, жүрөктөрү бош экендиги белгилүү. Алар өздөрүнүн жакшы Кайтаруучусунун үнүн угушпайт.

Кудайдын сөзүн окуган адам тоёт. Ким Жакшы Кабардын бир аятын же бөлүмүн жаттап, жүрөгүндө сактап, аны жашоосунда аткарса, анда ал адам чаңкап келип таза, тунук, муздак суу ичкендей болот. Ал суусуну канбаган кишидей тынбай иче берет.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)