Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 117 (Jesus appears to Mary Magdalene)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
1. Пасах майрамы маалындагы окуя (Жакан 20:1-10)

в) Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү (Жакан 20:11-18)


Жакан 20:11-13
11 Мариям болсо мүрзөнүн жанында ыйлап турду. Ал ыйлап жатып, мүрзөнүн ичин эңкейип карап, 12 ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен. 13 Алар Мариямдан: «Аял, эмне ыйлап жатасың?» - деп сурашты. «Теңиримди алып кетишиптир, аны кайсы жерге коюшканын билбейм», - деп жооп берди ал периштелерге.

Мүрзөнүн бош экенин көргөн шакирттери үйлөрүнө кайтышты, Ал жерде тура берүүнүн эч кажети жок болчу.

Бирок, магдалалык Мариям мүрзөнүн бош калганын шакирттерине кабарлагандан кийин, кайрадан мүрзөгө келди. Эки шакирт үйүнө кетсе дагы, Мариям ал жакта тура берди, анткени ал дененин жоголгонуна ишенгиси келбей жатты. Үмүтү Ыйса болгондуктан, ал Ага дайыма таянчу. Эми болсо денеси жоголуп кеткеден кийин анын үмүтүн таш капкандай болду. Анын жаны сыздап, ыйлап жатты.

Аза күтүп, кайгыга батып турганда, Ыйса ага эки периштени жиберди. Бул эки периште башка аялдарга дагы көрүнгөн эле. Бош калган мүрзөнүн ичинен Мариям жаркыраган ак кийим кийген эки периштени көрдү. Бул дагы Мариямды соорото албады. Ал бир гана Ыйсаны көргөндө сооронмок. Анын жүрөгү: «Теңирим, кайдасың?» - деп чакырып жатты.

Бул үнсүз чакырык бизге дагы тийиштү. Бизге эмне керек? Эмне үчүн биз каалаганыбызды алгыбыз келет? Биздин максатыбыз эмне? Магдалалык Мариям сыяктуу биз да Ыйсаны көрүүнү эңсейбизби? Сенин жүрөгүң Анын кайтып келүүсүн көксөп күтүп жатабы?

Жакан 20:14-16
14 Ушинтип а йткандан кийин, ал артына бурулуп, туруп турган Ыйсаны көрдү, бирок Аны тааныган жок. 15 Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» - деп сурады. Мариям Аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгер Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин», - деди. 16 Ошондо Ыйса ага: «Мариям», - деди. Мариям Ыйсага бурулуп: «Устат!» - деди.

Ыйса Мариямдын ыйына назар салды. Качан башкалар бош калган мүрзөнү көрүп, периштелерди угуп кетип калганда, Мариям болсо бир гана Ыйсаны көрүүгө зар болуп, ошол жерде турду. Ошондо Ыйса ага келди; маңдайында эч кандай таажы кийбеген кадимки Ыйса турду.

Кайгыга терең чөккөн Мариям Ыйсаны үнүнөн да тааный албады, периштелерди да уга алган жок. Ал Ыйсанын сөзүн угууну эмес, бирок Өзүн көргүсү келип жатты. Бирок ал Ыйсанын жанында турганын түшүнгөн жок, себеби кайгыга баткан жүрөк Ыйсанын жанында экенин сезе албайт, жана Анын назик сөздөрүн уга албайт. Ошондуктан Жаратуучу Кудайды издеген көптөгөн адамдар Аны таба алышпайт, анткени алар изденгенди, сураганды жакшы көрүшөт, бирок алар Издөөчү Кайтаруучунун Өзүн издешпейт.

Бирок Ыйса Мариямдын сүйүүсүн билген, жана Ал Мариямдын кусалыгын жароокердиги менен жарып кирди; Ал жөнөкөй адам эмес экендигин жана бакчы да эмес экендигин түшүндүрүү үчүн, Мариямды атынан чакырды. Ал баарын билген акылдуу Теңирдин Өзү. Ар биринин аттарын билген, түбөлүк өмүр тартуулаган Жакшы Кайтаруучу койун чакырган сымал, Ыйса дагы Мариямды чакырды. Ыйсаны сүйгөн адам, качан Ыйса аны чакырганда, Анын сүйүүсүнө бөлөнүп, күнөөсүнөн кечирим алат жана Ыйык Рухтун сооротуусуна ээ болот.

Ыйса сени азыр атыңдан чакырып жатат. Ишенбестигиңди, күнөөлөрүңдү артка таштоо менен, Ага келүү үчүн Анын үнүн уккуң келеби?

Мариям Ага «Устат!» деген сөз менен жооп кайтарды. Мариям колдонгон устат деген сөздүн мааниси «баарын билген, барынан күчтүү» деген маанини түшүндүрөт. Ал Устатынын мектебинде үйрөнүүчү болгонуна сыймыктанса, Устаты болсо ага Өз билимин, күчүн, коргоосун жана түбөлүк өмүрүн тартуулады. Ошентип Мариямдын жообу асманга көтөрүлүп кетүүнү узак убакыттан бери күтүп жаткан Жыйын Теңирдин булуттардын үстүндө келе жатканын көргөндө, Ага жан-дилинен берилүү менен табынып, Аны алкыштоо менен даңазалап жатканга окшош эмеспи.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Мариямдын кусалыгын кандыруу үчүн, ага келип көрүнгөндүгүңдү билгенде, жүрөгүбүз Сага табынды. Анын жанында болууң менен Сен аны соороттуң. Сенин сөздөрүң – өмүр. Сенин сөздөрүңдү угуп, кабыл алуу үчүн, биздин кулактарыбызды жана көздөрүбүздү ача көр. Сага кубаныч менен ишенишибиз үчүн, бизге баш ийүүнү үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Эмне себептен Ыйса Мариямга келип, атынан чакырганга чейин, Мариям Теңири Ыйсанын денесин издөөнү токтотподу?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:05 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)