Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 116 (Peter and John race to the tomb)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
1. Пасах майрамы маалындагы окуя (Жакан 20:1-10)

б) Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап жөнөштү (Жакан 20:3-10)


Жакан 20:6-8
6 Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди. 7 Ал кепинди жана Ыйсанын башына орогон орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле. 8 Анан биричи келген шакирт да мүрзөгө кирди. Ал көрүп ишенди.

Шакирттердин улуусу катары урмат көрсөтүү үчүн, Жакан мүрзөнүн ичине кирбестен, сыртта Петирдин келишин күтүп турду; мүрзөнүн ичин жана анын бош экендигин биринчилерден болуп ал көрүшү керек болчу. Жаш Жакан мүрзөнүн оозундагы таштын жылдырылганын, мүрзөнүн оозу ачык экендигин жана дененин жок экендигин көрүп, солт эте түштү. Анын ойлору баш-аламан болуп чаташты; эмне болгонун түшүнүү үчүн ал сыйынып, Теңирден болуп өткөн нерсени түшүндүрүп берүүсүн сурады.

Петир жетип келип, ачык мүрзөгө дароо кирди; Ыйсанын бетине жабылган чүпөрөк алынып, өзүнчө четке коюлганын көрдү. Мунун өзү демек дене кепиндин оролушун бузбай туруп чыгып кеткени дененин уурдалбаганын далилдеп жатты.

Петир буга ишти изилдөөчү сыяктуу киришти, бирок бул белгилердин маанисин түшүнбөй жатты. Жакан болсо таразалап, сыйынып жатты; анын жүрөгүндө үмүттүн жарыгы жанды. Качан ал Петирдин чакырганын угуп, мүрзөгө киргенде, анын жаны жарыктана баштады; ал Ыйсанын тирилүүсүнө ишене баштады. Жакандагы ишеним Тирилген Теңири менен бетме-бет кезигишкенден пайда болгон жок, бирок бош мүрзө менен дыкан турган кепин ага чындыкты көрсөтүп, ишенимге багыттады.

Жакан 20:9-10
9 Анткени алар Ыйсанын тирилиши керектиги жөнүндө айтылган Ыйык Жазуудагы сөздөрдү түшүнүшө элек болчу. 10 Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.

Башка ойчулдар, пайгамбарлар жана күнөөкөрлөр сыяктуу Ыйса мүрзөдө көмүлгөн бойдон калып калган жок, бирок ташталган кепиндей Ал өлүмдү таштап, тирилүүгө ээ болду. Ыйык Теңир күнөөсүз. Анын үстүндө өлүмдүн бийлиги жок болчу. Кудайдын сүйүүсү эч качан жеңилбейт.

Машайактын душмандары Анын денеси чириндиге айланганын далилдей алышпады, себеби мүрзө бош бойдон калган эле. Машайак качып кеткен жок, же Аны бирөө уурдап кеткен жок, себеби Аны орогон кепин ирээттүү бойдон калган болчу. Мунун өзү Жакан үчүн Ыйсанын бул дүйнөдөгү жабдыгы мындан ары кереги жок болгондуктан, аны таштап кеткендигин күбөлөндүрдү. Ал жашоосун акырдын ичиндеги оролгон жалайактан баштап, акыры кепинден чыгып кетти. Тирилгенден кийин Анын асмандагы жаңы жашоосу башталды. Ошентсе дагы, Ал адамдык табиятты дагы да болсо сактады.

Мүрзөдөн кайты келе жатканда, мына ушулардын бардыгы тууралуу Жакан терең ойлонуп келе жатты. Булардын баарын өз көзү менен көргөндүгүнө мактанбастан, ал Кудайдын Уулунун Тирилүүсү тууралуу биринчилерден болуп түшүнсө дагы, Ыйык Жазууда бул тууралуу жазылып турса дагы, бул кереметке кечирээк ишенгени үчүн кечирим сурады. Ышайа китебинин 53-бөлүмүндө айтылган Кудайдын Кулунун өлүмүн жана тирилүүсүн жана ушул эле мааниде жазылган Дөөттүн пайгамбарчылыктарын (Лука 24:44-48; Элчилердин Иштери 2:25-32; Забур 15:8-11) окуп жатканда, Жакандын көздөрү жабык болчу.

Улуу Майрам күнү эртең менен болуп өткөн окуяларга күбө болгон эки шакирт коркунучта да үмүтүн үзбөй, ишенсе дагы көп суроолорго жооп издеп, мүрзөсүнөн дайынсыз жоголгон Ыйсага сыйынган бойдон үйлөрүнө кайтып келе жатышты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сага жүрөк толо ыраазычылык менен келебиз, анткени шакирттериңе Өзүңдүн тирилүүң тууралуу ишенимди жаратууң менен, алардын жүрөктөрүндө Сен Жеңүүчү болдуң. Сен бизге түбөлүк өмүрдүн арыгыс улуу үмүтүн арнадың. Биз Сага табынабыз, анткени Сен түбөлүктүү Кудайсың, жана Сенин ырайымың аркылуу биз да түбөлүктүүбүз. Күнөөдө өлүп жаткан биздин досторубузду куткар жана Өзүңдүн курмандыгыңа болгон ишеним аркылуу аларга да түбөлүк өмүрүңдү арна.

СУРООЛОР:

  1. Бош калган мүрзөнүн ичинде турганда, Жакан эмнеге ишенди?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:03 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)