Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 115 (Mary Magdalene at the graveside; Peter and John race to the tomb)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
1. Пасах майрамы маалындагы окуя (Жакан 20:1-10)

a) Магдалалык Мариямдын мүрзөгө келиши (Жакан 20:1-2)


Жакан 20:1-2
1 Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жалдырылып калганын көрдү. 2 Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», - деди.

Шакирттери жана Ыйсаны ээрчип жүргөн аялдар Жума күндөгү болуп өткөн окуяны ойлоп терең кайгыга батышты. Ыйсанын мүрзөгө коюлуп жатканын аялдар алсытан карап турушту. Жума күнү кечки саат алтылардан кийин Ишемби күн башталмак, ошондуктан Ишемби күндү бузушту деген айыпка калышпас үчүн Ыйсанын шакирттери жана аялдар шышып үйлөрүнө жөнөштү. Пасах майрамы менен дал келип калган улуу Ишемби күнүндө эч ким мүрзөгө даап бара алмак эмес. Элдер курмандыкка чалынган козу аркылуу Кудай эли менен элдешти деген ойдо кубанып, майрамдап жатышты. Ал эми Машайакчылар болсо бир жерге чогулуп ыйлап жатышты. Алардын үмүтү Ыйса менен бирге көмүлүп калгандай болду.

Ишемби күндөрү аялдар сыртка шаардын дарбазасына чыгышчу эмес. Ошондой эле бул күнү денени майлаганга жыттуу май сатып алганга да болмок эмес. Ошентип алар Жекшембинин таңын чыдамсыздык менен күтүштү. Жакшы кабарчы мүрзөгө магдалалык аял барганын баса белгилеген. Бирок ошондой эле ал жакка башка аялдар да барышы мүмкүн. Себеби Мариям «билбейбиз» деген көптүк түрүндөгү этишти айткан. Жекшемби күкү таң атпай Жакандын энеси Саломи жана башка аялдар ыйлаган бойдон денени майлоо үчүн мүрзөгө барышкан.

Кайгыга батып ыйлап келе жаткан аялдар мүрзөгө жакындап калышкан жана алар мүрзөнүн оозу жабык деп ойлоп келе жатышкан эле. Алардын үмүттөрү талкаланып, аза күтүп жатышты. Ошол маалда тирилүүнүн жарыгы али аларга жана элек болчу жана түбөлүк өмүр алардын акылдарында али тириле элек эле.

Мүрзөгө жакындап калганда, алар мүрзөнүн оозундагы ташты кантип жылдырар экенбиз деп ойлоп келе жатышкан.

Ачык мүрзө ошол күндүн эң алгачкы керемети болду. Бул качан биз тынчсызданганда, же ишенимибиз жетишсиз болгондо, биздин акылыбызды чөгөрүп жаткан салмактуу ташты Ыйса оңой эле жылдырып коёт деген сабакты үйрөтүп жатат. Ишенген адам Кудайдан күч табат; ишенимдин келечеги кенен.

Периштелердин пайда болгондугу тууралуу Жакан эч нерсе жазган эмес. Бул жерде, магдалалык Мариям башка аялдарды мүрзөгө аз калганда, кууп жеткен көрүнөт. Анан ал мүрзөнүн ичин карады. Ал жактан ал эч кимди таба алган жок. Мариям коркконунан шакирттерине чуркан жөнөдү. Ал шакирттердин башчылары жана башка шакирттер бул керемет тууралуу сөзсүз билиши керектигин ойлоду. Качан магдалалык Мариям Петирге жана анын жакын шакиртине жеткенде, шашылган бойдон: «Ыйсанын денеси жоголду», - деп айтты. Бул дагы бир кошумча кылмыш болчу. Бул шакирттердин жана Мариямдын рухий жактан сокур экенин көрсөтүп жатат, себеби алар денени кимдир бирөөлөр уурдап кетишти деп ойлошту. Бирок алар Ыйса Теңир болгодуктан, тирилип кетти деген нерсе алардын ойлоруна келген жок.


б) Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап жөнөштү (Жакан 20:3-10)


Жакан 20:3-5
3 Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты. 4 Экөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти. 5 Ал мүрзөнүн ичин эңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө керген жок.

Бул сүйүүнүн жарышы эле. Экөө тең Ыйсанын жанына биринчи жетүүнү каалады. Картаңыраак Петир жаш Жаканга караганда энтигип, Жакандан артта калды. Экөө тең сакчылардан корккондорун унутушуп, шаардын дарбазысынан чуркап чыгышты. Качан Жакан мүрзөгө жеткенде, ал ичине кирбестен, терең урматтоо менен өзүн артка тартып турду. Таштан оюлган мүрзөнүн ичине баш багып, караңгы мүрзөнүн ичинен жибек курту таштап кеткен куту сымал ак кепинди көрдү. Кепин жерге түшпөстөн, дене жаткан жерде калган эле. Бул тирилүүгө байланыштуу үчүнчү керемет болду. Ыйса кепинди айрыбастан туруп, андан чыгып кеткен. Петиштелер ташты Ыйсаны чыгаруу үчүн жылдырышкан жок. Алар муну аялдар жана шакирттер кире алыш үчүн кылышкан эле. Теңир сыртка таш аркылуу чыгып кетти.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, өлгөндөн тирилгениң үчүн рахмат. Сен бардык жамандыкты жеңип чыгып, Кудайга карай жол ачтың. Өлүмдүн өрөөнүндө бара жатканда Сен биз мененсиң жана бизди эч качан таштабайсың. Сен бизди өмүргө ээ кылдың; Сенин күчүң биздин алсыздыктарыбызда жеткилеңдүү болот. Сага табынабыз, Сени сүйөбүз, анткени баардык ишенгендерге арыбас шаттыктын үмүтүн убада кылдың.

СУРООЛОР:

  1. Машайактын тирилүүсүн күбөлөндүргөн үч белгилер кайсылар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:02 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)