Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 113 (Piercing Jesus' side)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
4. Айкаш жыгач жана Ыйсанын өлүмү (Жакан 19:16b-42)

д) Ыйсаны капталына сайышты (Жакан 19:31-37)


Жакан 19:31-37
31 Ал күн жума болгондуктан, жүйүттөр алардын ишембиге чейин айкаш жыгачта калышын каалашкан жок. Ошондуктан алар Пилатка барып, алардын буттарын сындырып, өздөрүн жыгачтан түшүрүп салуусун суранышты. Анткени ал ишемби күн улуу күн эле. 32 Ошентип аскерлер келишти да, Ыйсанын жанына кадалган эки адамдын буттарын сындырышты. 33 Ыйсанын жанына келип, Анын өлүп калганын көрүшкөндө, Анын бутун сындырышкан жок. 34 Бирок аскерлердин бири Ыйсаны найза менен кабыргага сайды. Ошол замат кан менен суу акты. 35 Муну өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат жана анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ал силердин да ишенип калышыңар үчүн күбөлөндүрүп жатат. 36 Ыйык Жазуудагы «Анын сөөгү сындырылбасын» деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. 37 Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт», - деп жазылган.

Мыйзамга баш-оту менен берилген жүйүттөр адамдык сезимден ажырап калышты. Негизинен өлгөн адамдын денеси күүгүм киргенге чейин айкаш жыгачтан түшүрүлүшү керек болчу. Ошол себептен жүйүттөр айкаш жыгачка керилген үч адамды түшүрүүнү ойлошту. Алар майрам маалында жийиркеничтүү денени көргүлөрү келген жок. Ошондуктан алар Пилаттан үч кылмышкердин буттардын сындырып, ишти акырына чыгаруусун сурашты. Айкаш жыгачка керилген адам тирүү бойдон кээде үч күн бою турчу. Колго жана бутка мык кадалганда кан анча деле көп акпайт. Ошондуктан аскерлер алардын буттарын сындырып, мунжу кылып таштоо үчүн барышты.

Качан аскерлер Ыйсанын жанына келгенде, Анын өлгөнүн көрүшүп, бутун сындырууга даай алышпады. Анын назик денеси тилиндиге толуп, биздин айыбыбыздан жана дүйнөгө төгүлө турган Кудайдын каарынан жаны онтоп кыйналган. Бизди Кудай менен элдештирүү үчүн Ыйса Өз ыктыяры менен биз үчүн курман болду. Эч бир рухий кырдаалга карабай, жүйүттөр Ыйсанын тезирээк өлүүсүн каалашты. Аскерлердин бирөөсү найзасын алып, Ыйсанын капталына сайып жиберди. Ошондо суу менен кан Анын ичинен атырылып чыкты. Ошентип ал Ишемби күнү алтынчы саатка жетпей каза болду.

Бул окуянын өзү Кудайдын үч жол менен жеңишке жеткенин ишенгендерге айтып жатат. Биринчиси, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Кудайдын курмандыгы деген чындыкты жокко чыгаруу үчүн, шайтан жүйүттөр аркылуу Анын сөөгүн сындыргысы келди. Себеби Пасахтагы курмандыкка Козунун сөөгү сынбаган, эч кемтиксиз курмандык талап кылынган (Мисирден чыгуу 12:46). Ошентип Кудай Өз Уулун өлүм маалында да сактап турду жана Анын Кудайдын Козусу экенин эч ким тана албагандай кылды. Экинчиси, бул аскердин Ыйсанын капталына сайышы тууралуу Захария 12:10-аятында жазылган болчу. Захария 11:13-аятында, Байыркы Келишимдин элдери өз Койчусун отуз гана теңгеге баалай тургандыгын пайгамбар алдын ала билген эле. Мына ушундай мазактоого карабай, Кудай Дөөттүн үйүнө жана Иерусалим элине ырайымын жана Рухун төккөн соң, жүйүттөр айкаш жыгачка керилген Ыйсаны жана Анын Атасын таанышы керек болчу. Кудай алардын көздөрүн ачпаса, алар Кудайды да, Анын Куткаруучусун да таанышмак эмес. «Алар өздөрү сайып салган кишини көрүшөт», - деп жазылгандай, айкаш жыгачка керилген Ыйса Кудайын Рухун ала турган жалгыз гана жол болчу.

Үчүнчүдөн, айкаш жыгачтын жанында турган ишенимдүү шакирти болуп өткөн бардык нерселерге, жана айтылган сөздөргө өзү күбө болгон. Ал аскерлерден коркуп качып кеткен жок. Ал Теңири курман болгондо да таштаган жок. Ал Ыйсанын капталга сайылганын көрдү, жана Үч Бирдиктин биримдигенин ишенимине жана түбөлүк өмүрүнө ээ болушубуз үчүн, ал шакирт Кудайдын б.а.Атанын , Уулдун жана Ыйык Рухтун бизге болгон сүйүүсүн күбөлөндүрдү.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Сен күнөөнү, Шайтанды жана сотту жеңип чыктың. Сен тирүүсүң, Атабыз менен бир рухтагы Падышасың.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын сөөгү сындырылбагандан улам биз эмне билдик?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:59 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)