Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 102 (Jesus intercedes for his apostles)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

3. Ыйса шакирттери үчүн арачылык кылып сыйынат (Жакан 17:6-19)


Жакан 17:9-10
9 «Мен алар үчүн өтүнөм: бүт дүйнө үчүн эмес, Мага бергендериң үчүн өтүнөм. Анткени алар Сеники. 10 Мендегинин баары Сеники, Сендегинин баары Меники, Мен алар аркылуу даңкталдым».

Ыйсанын сыйынуусу Кудай Атага ишенген ар бир адам үчүн болду. Ыйса жерге бүтүндөй дүйнө үчүн келген эмес, себеби дүйнө Теңирдин Рухунан баш тартып, өзүнө сотту тандап алган. Ыйсанын сүйүүсү жана кам көрүүсү негизинен Анын Жыйынына жана Кудайдын тандап алгандарына арналган болчу. Машайакчылар бүт дүйнөлүк Жыйынга бүтүндөй дүйнө кирет деп эсептешпейт, себеби Жыйын ар бир элден тандалып алынган адамдар. Алар Машайактын алгачкы түшүмдөрү.

Ыйса ишенгендерди Өзүнө ыйгарып алган эмес, тескерисинче Атасы ишенгендерди Ыйсага ыйгарса дагы, Ыйса ошол тандалып алган өзгөчө адамдарды Атасына таандык экендигин күбөлөндүргөн. Сыйынуусунда Уул жөнөкөйлүк менен Өз эркин Атасына арнады. Ыйса Өзүнө ишенгендер аркылуу даңктала тургандыгын айтып жатса дагы, биз Жыйынды соттоп, аны алсыз катары сүрөттөйбүз; бирок Ыйса болсо андан да терең изилдеп карайт. Атабыз бизди айкаш жыгачтын жарыгында көрөт. Ал Ыйык Рухту балдарына Уулу аркылуу төккөн. Рухтун мындай төгүлүшү айкаш жыгачтын канчалык маанилүү экендигин айкындап жатат. Машайак курулай эле курман болгон жок. Ошол курмандык аркылуу Ыйык Рух мол түшүм алып келип жатат. Жогорудан төрөлгөн адам Машайакка даңк алып келет.

Жакан 17:11
11 Мен азыр бул дүйнөнү таштап, Сага бара жатам. Алар болсо бул дүйнөдө. Ыйык Ата, Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду Өз ысымың үчүн сакта, алар да биз сыяктуу бир болушсун.

Чыккынчы аскерлердин тобу менен Өзүн кармоо үчүн келе жатканын Ыйса билген жана ошол эле маалда, Ал Атасына кайтып кете турган маал жакындап калганын да так билген. Ыйса бул дүйнөдө болуп турса дагы: «Мен эми бул дүйнөдө эмесмин», - деп пайгамбарчылык кылуу аркылуу, Өз өлүмүнүн артындагы Атасынын даңкын көргөн.

Ыйса бул дүйнөнү ылдам аккан дарыяга салыштырган. Машайак болсо ошол ылдам аккан адамзаттын агымына каршы сүзөт. Шакирттери жамандыкка каршы туруштук бере албастыгын Ыйса билген. Ошондуктан ал Атасынан шакирттерин Өз ысымы менен сактоосун суранды.

Ыйса өтүнүчүндө «О, Ыйык Ата» деген өзгөчө сөз айкашын айтты. Бул дүйнөнүн жамандыгы кутуруп турган маалда, Уулу Атасынын кынтыксыз экенин, эч арамы жана айыбы жок экенин жарыялады. Сүйүүдөн улам даңк ачыкка чыгып жатканда, Атанын ыйыктыгы Өз сүйүүсү үчүн негиз.

Ошентип, качан азгырык ашынып күчөп турган маалда, Кудайдын ыйык ысымы шакирттери үчүн калканыч болуп калды. Машайактын ичинде жашаган адам Кудайдын ичинде да жашайт. Уулунун ичинде болгон адам Атасынын да ичинде болот. Кудай Өзүнүн Аталык табияты менен Өз балдары үчүн кам көрүп, аларды сактарына ишендирет. Шайтан аларды Атасынын колунан эч качан жулуп ала албайт.

Сактыкта жашоонун бирден-бир шарты бул жек көрүүнүн жашоосу менен жашабастан, бирин-бири кечирип, ар дайым сүйүүдө артып жашоо. Мындай сүйүү адамдын өзүнөн башталбайт. Бул качан гана адам Ыйык Үч Бирдиктин сүйүүсүндө жашаганда гана, алар күчкө толуп, чыдамдуулукка жана башкаларга болгон сүйүүгө толот. Машайак Өзү Атасы менен кандай биримдикте болсо, биз дагы ошондой биримдикте болушубуз үчүн, Атасынан биз менен терең мамиледе болуусун суранды: Бул кептин маңызы, башкача айтканда биздин Кудай менен болгон байланышыбыз курулай сөз эмес. Ыйса кетээр алдында Атасынан сураган өтүнүчүн Атасы орундатты. Биздин ишенимибиз Ыйсанын сыйынуусунун жана биз үчүн азап чегүүсүнүн жемиши.

Жакан 17:12-13
12 Мен бул дүйнөдө алар менен бирге жүргөнүмдө, аларды Өз ысымың үчүн сактадым. Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду сактадым. Ыйык Жазууда жазылгандай, өлүм уулунан башка эч кимиси өлгөн жок. 13 Азыр болсо Сага бара жатам. Бирок Менин кубанычым аларда толугу менен болсун деп , буларды бул дүйнөдө экенимде айтып жатам.

Ар кырдуу мүнөздөрүнө карабай, Ыйса шакирттерин Шайтандын азгырыгынан сактады. Ыйса Петирге: «Шайтан сени капканына салгысы келди, бирок ишенимиңде тайбашың үчүн, Мен сен үчүн сыйындым», - деди. Демек Ыйсанын сыйынуусунан улам биздеги ишеним коопсуз болот жана биз болсо, бир гана ырайымдын негизинде куткарылганбыз.

Шакирттерин коргоо тууралуу өтүнүчү Жүйүүттүн чындыктын Рухун кабыл албастан, жамандыктын Рухуна азгырылганынан улам болгон эле. Жүйүт өлүмдүн уулу болуп калды. Асмандагы Атабыз Өзүнө бала кылып алуу мүмкүнчүлүгүн эч кимге таңуулабайт. Ал адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин, эмне болорун алдын ала билет. Кудай Жүйүттүн чыккынчылыгы тууралуу кылымдар мурда эле, Эски Келишимде жазган болчу. Кандай гана болбосун, Жүйүт Ыйсанын ал тууралуу тынчсыздангандыгын кабыл албагандыгы үчүн жооптуу бойдон кала берет. Биздин кудуретке толгон Атабыз диктотор эмес; Ал акылман Ата; Анын сүйүүсүнүн белгилеринин бири – жердеги ата өз баласына жетилген маалда жоопкерчиликтүү болууга эркиндик берген сымал, Кудайдын дагы адамзатка эркиндикти белек катары ыроолоосу.

Ыйса Атасына бара жаткан жолун караңгылыктын туңгуюгунда жаркыраган жарык жол катары көрдү. Анын Атасына кайтып баруусун Шайтан дагы, күнөө дагы, өлүм дагы токтото алган жок. Уулу ар дайым ыйыктыкка толуп тургандыктан, арыбас кубаныч Анын жанын коштоп турду. Күнөө Анын абийирин жемелей албады. Сыйынуусунда Аны коркунуч каптаганга даай албады. Уулу толук эркиндикте болчу жана Атасы Аны дайыма кайтарып турду; Ал дайыма Атасынын эрки менен болду. Биздин Кудайбыз - кубанычтын жана шаттыктын Теңири. Ыйса шакирттеринин жүрөктөрүнө Кудайдын кубанычы толсун деп Атасынан суранды. Ал шакирттерин кыйынчылыкта мөгдүрөбөй, бакытка жана шаттыкка толуп, дүйнөдөгү караңгылык менен жамандыктын ортосунда жашап жаткандарына карабастан, асмандык кубанычка батышын каалады. Кечирим алгандан кийинки кубаныч жана Кудайдын үй-бүлөсүндө орунга ээ болгондугубуз үчүн болгон ыраазычылык Машайактын биз үчүн болгон өтүнүчүнүн түшүмдөрү.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз үчүн Атабыздын алдында арачы болгонуң үчүн ыраазыбыз. Өтүнүчүңдө бизди ишенимде бекемдеп жатканың үчүн рахмат. Биздин ичибизге чыныгы рахатты салып бергениң үчүн жаныбыз сага таазим кылат. Жашообуздагы Сенин бар болгонуң жана Атабыздын Руху бизге өмүр тартуулады, бизди рухка байытып, түбөлүктүү батасын ыроолоду. Сенин биз үчүн сыйынгандыгың үчүн рахмат; биз сенин арачылык кылууң аркылуу бар болобуз.

СУРООЛОР:

  1. Атабыздын ысымынан бизге келген коопсуздук аркылуу эмнени түшүнсө болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)