Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 098 (Christ predicts the joy of the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

5. Ыйса тирилгенде, шакирттери кубана тургандыгын Ал алдын ала айтат (Жакан 16:16-24)


Жакан 16:16-19
16 «Бир аз убакыттан кийин силер Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр, анткени Мен Атама бара жатам». 17 Ошондо Ыйсаны кээ бир шакирттери: «Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр», «Атама бара жатам», - дегенин кандай түшүнсө болот? 18 «Бир аз убакыттан кийин дегени эмнеси? Эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз», - дешти. 19 Ыйса алардын эмне жөнүндө сурагылары келип жатканын билип, мындай деди: «Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр», - деп айтканым жөнүндө бири-бириңерден сурап жатасыңарбы?

Ошол кечте Ыйса кетип жаткандыгы тууралуу үч ирет айтты. Мунун кайталанып айтылышы шакирттерин айраң-таң калтырды; алар мунун максатын түшүнө албай жатышты. Ошондо Ал Пасах майрамынан бир аз өтпөй эле тирилип, аларга кайрадан кайтып келерин айтты. Кийни Ал дубалдан өтүп шакирттерине келген; Ал Атасына барардан мурда, шакирттерине келип, жүз көрүшүүнү каалады.

Ыйса бул пайгамбарчылыктарды Зайтун Тоосуна чыгып бара жатканда айткан, бирок шакирттери айтылган кептин маанисин түшүнө алышпады. Андан мурда да Ыйса кете тургандыгы тууралуу айткан эле. Эми болсо алардан бөлүнүү маалы келип калгандыгын айтты. Бул боло турган окуяларды түшүнө алышпай, баштары маң болуп жаткандыгын шикирттери да жашырышкан жок. Ыйсаны асманга эмнеге кетип жатканын алар түшүнө алышпай, көңүлдөрү чөктү.

Жакан 16:20-23
20 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар, бул дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат. 21 Төрөр маалы келген аял толгоо тартып кыйналат. Төрөгөндөн кийин, дүйнөгө наристе келди деп кубанганынан, кыйналганын унутуп коёт. 22 Ошол сыяктуу эле силер да азыр кайгырып жатасыңар. Бирок Мен силерди кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычты силерден эч ким тартып албайт. 23 Ошол күнү силер Менден эч нерсе сурабайсыңар. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал берет.

Ыйса укпаса дагы, шакирттеринин ойлорун туюп, аны ачыкка чыгарды. Шакирттер айтылган кептин төрүн түшүнө албай жатканда, алардагы коркунучту басаңдатып, сооротуунун ордуна, Ыйса алардын жашоосунда жакын арада кайгы, көз жаш жана аза күтүү боло тургандыгын ачык айтты. Бул такыбаа, адил падышанын каза болгондо, эли кайгыга түшүп, аза күткөн сыяктуу эле. Качан шакирттер боздоп жатканда, Анын душмандарынын чырактарына май таамып, жыргашмак. Душман деп Ыйса Жүйүттөрдү гана эмес, бирок бүтүндөй дүйнөнү айткан. Машайактын жыйынынан сырткаркылардын баары адашкан, Кудайдан алыс жана Анын Ыйык Рухуна кас.

Бирок андан ары Ыйса шакирттерине улуу кубанычка бата тургандыгын убадалады. Эненин толгоосу өткөндөй эле, көз жаштын жана аза күтүүнүн маалы тез аяктарын Ыйса айтты. Наристеси төрөлгөндөн кийин, аны колуна алгандагы кубанычы толгоо маалындагы азапка салыштырылгыс экенин энелер билишет.

Ыйса тирилгенден кийин шакирттери үчүн табышмактуу нерселер ачылды. Алардагы күнөөлүү сезимдер жоголду; өлүмдүн күчү алсырап, Шайтандын бийлиги кулатылды жана Кудайдын каары сот күнүндө аларга төгүлбөй турган болду. Шакирттердин коркоктугу, баш тартуусу Машайактын кайтып келүүсүн жана аларга бериле турган кечиримди токтото алган жок. Жүйүттөр аларды кармай алышкан жок, себеби Ыйсанын сактоочу колдору аларды үстүндө болчу. Ошентип, Куткарылуу күнүндө, Тирилүүгө ээ болгон Ыйсада дартка даба табылгандай, шакирттеринин тынчын алган бардык түшүнүксүз суроолорго, азаптарга эми жооп табылды.

Жакан 16:24
24 Буга чейин силер Менин ысымым урматына эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болуш үчүн сурагыла, аласыңар!

Кош айтышуунун башында Ыйса шакирттерине каалаган нерселерин сурашса берилерин жана ал аркылуу Атанын ысымы даңкталарын айтты (Жакан 14:13). Мындай суранычтар Жыйынды куруу жана жакшы кабар таратуу иштерин камтыйт, анткени Ыйса адамдардын көбү Үч Бирдик Кудайын сүйүүсүнө бөлөнүүсүн каалайт. Ыйса: «Кудайдын Падышачылыгын жана Анын адилдигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет», - деген. Муну менен Ыйса Кудайдын асмандык нерселерди сураган сыйынууларга жооп бергендей эле, жердеги нерселерди сураган сыйынууларыбызга дагы жооп бере тургандыгын, бирок асмадыкы жердик нерселерге салыштырмалуу биринчи орунда турарын түшүндүрдү.

Сенин жүрөгүңдө суроолор, өтүнүчтөр барбы? Сага акча, ден-соолук жана ийгилик керекпи? Башкалар менен болгон мамилең тууралуу сурагың келеби? Кудайдын бар экендиги тууралуу жана Анын ырайымы сен үчүн мол экендиги тууралуу күмөн санап жатасыңбы? Айып сенин үстүңдөн басып жатабы? Кыйынчылыктан, кыйроодон жана кырсыктан жаның азапка баттыбы? Жамандыктын рухунан коркосуңбу? Машайактын келишине, Анын жеңишинин тынчтыгы бүт дүйнөгө тараларына ишенесиңби? Сенин жаныңды, рухуңду жана денеңди кайсы суроолор кыйнап жатат? Жашоону үстүртөн карайсыңбы же андан терең чындыкты жана акылды издейсиңби? Келечекке ишенесиңби же үмүтсүздүккө ишенесиңби? Сенин сезимдериң тез жараат алабы? Теңирдин Сени Ыйык Рухуна толтурсун деп сурандың беле?

Андай болсо, эми сен ушул ар бир көйгөйдү сыйынууга айландыр. Жүрөгүңдү асмандагы Атаңа ач. Сыйынууда ашык сөздүүлүктөн сак бол, бирок айта турган нерсеңдин үстүндө алгач ойлон. Адегенде Ыйса сага берген баталары, белектери тууралуу ой жүгүртүп, анан ошолор үчүн Ага ыраазычылык айт. Ыраазы болуу адамга жарашат. Андан соң күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, кечирим сура, себеби ишенимдин жетишсиздиги, сүйүүнүн сууганы жана үмүттүн алсыздыгы Кудайдын купулуна толбойт. Күнөөлөрүң үчүн кечирим сурап, өзүңдү мертинте турган зыяндуу нерселерди сурабашың үчүн, Анын сага болгон каалоосун сурап бил. Андан ырайым сура жана Ал сени угуп жатканына толук ишен. Кудайдын сүйүү экенин жана Ал башкаларга да батасын берүүнү кааларын эч убакта эсиңден чыгарба. Мол ырайымы менен досторуңа да, душмандарыңа да батасын төксүн деп, алар үчүн арачылык кылып өтүн. Муктаждыкта азап чеккен жалгыз гана сен эмессиң. Мында баарыбыз тагдырлашпыз. Тайманбастык менен суроолоруңду Ыйсага багытта, өз көйгөйлөрүңдү, башкалар үчүн өтүнүчүңдү айткан соң, ыраазычылык менен сыйынууңду аякта. Ошондо сен Ыйсанын ысымынан болгон чыныгы сыйынуунун сырын табасың.

Чыныгы сыйынуу бул өтүнүч, ыраазычылык жана табынуу аркылуу Кудай менен болгон маектешүү. Маектешүүдө татаал сөз айкаштарга толгон майдачыл сыйынуу болбосун. Ата-энеңе кайрылгандай эле, ойлоп жатканыңды жөнөкөй жол менен билдир. Ийбадатканадагы салык жыйноочу адам: «Теңир, мендей күнөөкөргө ырайым кыл», - деп шыбыраганда, ал кечиримге ээ болду. Качан Ыйса жөнөкөй сыйынуусу менен Лазардын тирилүүсүн суранганда, асмандагы Атабыз аны тирилтти. Куткарылууга, жардамга жана ийгиликке жеткире турган бул ишеним. Тайманба, Кудайга ырайым, тайманбастык жана ыраазычылык менен сыйын. Сен Анын баласысың, демек Анын баласы катары сүйүнүч менен сүйлө, Андан эч нерсени жашырба.

Машайак сага кубанычты тартуулоону каалайт. Бул кубаныч сенин сыйынууңа жооп катары эмес, бирок сен Уулу менен Атабыздын карамагында экениңди түшүнгөндөн улам келет. Сен үчүн кайсынысы кымбат, белекпи же белекти берүүчүнүн Өзүбү? Сага толуктукту Теңир берет, бирок толуктуктун Өзү бул Теңир экенин унутпа. Ыйса биздин кубанычыбыздын толук болушун каалайт. Качан Ыйса биздей алсыздардын сыйынуусуна жооп бергенин түшүнгөнүбүздө, биздеги кубаныч артыгы менен болот. Биздин сыйынууларыбыз аркылуу Ал башкаларды куткарып, батасын берет. Качан булуттардын арасында келе жаткан Ыйсаны көргөндө, биздеги кубаныч шаттыкка айланат. Ошондо сөз менен айтып болгус кубанычка толобуз. Ыйсанын даңазалуу кайтып келүүсү биздин сыйынуубуздун негизиби?

Сыйынуу: Асмандагы Ата, жан-дилибиз менен сага биз ыраазыбыз, анткени Сен Уулуңду бизди куткаруу үчүн жибердиң. Дүйнөнүн түйшүгүнө батканыбыз үчүн бизди кечирчи. Айкаш жыгачтын маңызы канчалык терең экендигин жүрөктөрүбүзгө жеткире түшүндүрчү. Балдар ата-энеси менен кандай жөнөкөй сүйлөшсө, биз дагы Сени менен ошодой жөнөкөй сүйлөшкөнгө үйрөтө көр. Күнөөнү жүк кылып көтөрүп жүрүп чаалыккан, жүрөктөрү баш-аламандыкка жана жек көрүүгө толгон биздин душмандарыбызды да куткар. Сендеги кубанычты алар менен тең бөлүшүшүбүз үчүн, аларды кишендеринен бошото көр.

СУРООЛОР:

  1. Кудай Атабыз Ыйсанын ысымы аркылуу келген сыйынууга кандай жооп берет?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:37 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)