Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 096 (The Holy Spirit reveals history's developments)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

4. Ыйык Рух тарыхтагы өзгөчө маанилүү кырдаалды ачат (Жакан 16:4-15)


Жакан 16:4-7
4 «Ошол күндөр келгенде, ушул айткандарымды эстешиңер үчүн, Мен буларды силерге алдын ала айттым. Бул жөнүндө мурун айтпаганымдын себеби: Мен силердин жаныңарда элем. 5 Азыр болсо Мен Мени Жибергенге бара жатам. Бирок эч кимиңер Менден: «Кайда бара жатасың?» - деп сураган жоксуңар. 6 Айткан сөзүмдөн улам жүрөгүңөр кайгыга толду. 7 Бирок силерге чындыкты айтып коёюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. Эгерде кетсем, Аны силерге жиберем».

Ыйса шакирттерине биринчи эле кыйынчылык, азап жана куугунтук тууралуу айтпастан, аларга ачык асманды, Адам Уулуна түшүп келип, кайрадан көтөрүлүп кетип жатышкан периштелерди айтты. Качан алар Уулунун көрсөткөн ажайыптары аркылуу Кудайдын күчү иштеп жатканын көрүшкөндө, жүрөктөрү кубанычка толду. Буга карабастан, динчил адамдар Ыйсага каршы кысым көрсөтүшкөндө, көптөрү жүйүттөрдөн коркушуп, Ыйсаны ээрчүүдөн тайсалдашты. Шакирттеринен башка Ыйсанын жанында эч ким калган жок. Андан кийин Ал куугунтук жана өлүм тууралуу айтканда, аларды кайгы басты. Шакирттер Ыйсанын айткандары келечекте аларга дем бере тургандыгын түшүнүшпөдү, сезишпеди. Бирок алар Ыйса Өзүнүн жанынын кайгыга батып жатканы тууралуу, азабы, өлүмү тууралуу кеп козгобогондугун байкашты; Ал болгону Атасына кетип жаткандыгы тууралуу гана айтты. Ошондо шакирттери Андан: «Кайда барасың?» - деп сурашты. Алар Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетишин каалашкан жок. Ыйса алар менен бирге кала берсе деп ойлошту. Ошондо Ыйса кетиши керек экендигин ачык түшүндүрдү. Айкаш жыгач болбосо, Рух жерге келмек эмес. Качан гана адамзат Кудай менен элдешип, Кудайдын Козусунун өлүмү аркылуу күнөөдөн сатылып алынгандан кийин, Кудайдын күчүнүн булагы ачылып, Анын жолдоочуларына келмек. Жашоо жана сүйүүсү үчүн ишке ашырган Ыйсанын адилдиги ишенгендерге төгүлүп берилет. Ыйсанын өлүмү - Жаңы Келишимдин негизи. Бул сага Кудай менен мамилелешүүгө укук берет. Мунун өзү Ыйык Рухтун жардамы менен аткарылат жана ошол эле Рух Кудай сени менен экендигин жана Ал сенин ичиңде экендигине ынандырат.

Жакан 16:8-11
8 Ал келип, бул дүйнөнүн күнөөсүн ашкере кылат, адилдик жана келечектеги сот жөнүндө билдирет. 9 Бул дүйнөнүн күнөөсү – Мага ишенбегендиги. 10 Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр. 11 Ал эми сот – бул дүйнөнүн төрөсү шайтандын соттолгондугу.

Шакирттерди соорото турган бул Рух. Ал ишенгендердин көздөрүн ачып, ишенбегендердин жүрөктөрүн ушул принциптердин негизинде соттойт.

Рух күнөөнүн маанисин, анын деңгээлин түшүндүрөт. Машайак келгенге чейин, күнөө Мыйзамдын осуяттарын бузуп, Кудайдын эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылып жаткан болчу. Башкача айтканда, бул ишеним жана сүйүүсүз, Кудайга каршы чыккан, Кудайсыз жашоо болчу. Бүт күнөө, мейли адеп-ахлактын болобу, социалдык же рухий күнөө болобу, баары тең Кудайдын Улуулугуна каршылык катары саналат. Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмүнөн кийин, жогоруда айтылган күнөөлөрдүн тобуна дагы бир күнөө – бул адамдын Ыйсаны өзүнүн жеке Куткаруучусу катары кабыл албай коюсу, башкача айтканда, Кудайдын ырайымын кабыл албагандыгы дагы бир күнөө катары кошулду. Машайактын бекер кечиримин этибар албаган адам Ыйык Рухту мазактаган болот жана Кудайды Ата катары кабыл албаган, Ыйсаны Анын Уулу экендигине ишенбеген адам Ыйык Үч Бирдик Кудайдын душманы болуп эсептелинет. Кудай – сүйүү, Ыйсадан чыккан сүйүүнү кабыл албаган адам аны куткаруудан ажырата турган өлүмгө алып баруучу күнөө кылган болот.

Айкаш жыгачта Машайак дүйнөнү куткаруу ишин аткарды. Анын айкаш жыгачта кайрадан курман болуунун кереги жок. Себеби ал бардык доордогу бүт адамзаттын күнөөлөрүн кечирди. Бүт адамзат Машайактын каны аркылуу келген ырайым аркылуу акталды. Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу сыяктуу, Ыйсанын кызматы үч баскычты камтыйт. Биринчиси, курмандык чалуу. Экинчиси, Ыйыктардын Ыйыгына канды алып келип, Кудайдын алдында сатып алуу ишин аткаруу. Үчүнчүсү болсо, батаны күтүп жаткан ишенгендерге берүү. Ыйса мына ушунун баарын аткарган. Курмандыгы аркылуу ал Ыйык Рухтун батасын бизге төгүп берген жана Анын алдында биз эми адилдикке ээ экендигибизди жарыялайт. Машайактын тирилип, асманга көтөрүлүп кетиши айкаш жыгачта баштаган адамзатты актоо ишин аягына чыгарды.

Ыйса дүйнөнү соттоо иши ишенбегендерди тозок отуна таштоо менен гана бүтпөстөн, бирок ошондой эле, бул сот шайтандын жана анын кулчулугунун талкаланып жок болушу менен аяктарын көргөн. Анткени адамзатты Кудайдын сүйүүсүнөн ажыраткан бул ошол шайтандын өзү. Ал адамдарды жек көрүүнүн чынжыры менен чырмап, аларды акыры талкалоочулук максатка толгон шайтандын кызматчыларына айландырат. Ыйса болсо момундугу менен жалганчынын текебердигин талкалады. Уулдун сүйүүсү Шайтанды куралсыздандырды. Качан Ыйса Өз жанын Атасынын колуна тапшырганда, Ал Шайтан каптаткан караңгылыкты жеңип чыкты. Ыйса алсыздыгы менен Жеңүүчү болуп чыкты. Өлүм алдында тургандагы Анын ишенимдүүлүгү Шайтанды сотко тартып, аны жеңип чыкты. Биз азыр Анын жеңишинин күчү бар заманда жашап жатабыз. Машайактын жеңишинен улам, биз Атабызга: «Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта», - деп сыйынабыз.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сага ыраазыбыз, себеби Сен согушта кайраттуу болдуң. Момундугуң менен сүйүүдөн жана үмүттөн тайган жоксуң. Атаңа кайрылып барып, бизди актоо ишин акырына чейин аткаргандыгың үчүн миң мертебе ыраазыбыз. Сенин ысымыңды көкөлөтө мактайбыз, Сени даңазалайбыз, себеби, Ыйык Рухуң аркылуу бизге батаңды төктүң. Эми душман бизди кайрадан бийлеп албашы үчүн, бизди Өз адилдигиңдин сүйүүсү менен сакта. Сенин Падышачылыгың келиши үчүн, дүйнө жүзүндө Атанын аты даңкталышы үчүн, бизди Шайтандан куткар.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйык Рух бул дүйнөдө иштеп жатат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:35 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)