Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 086 (The Holy Trinity descends on believers)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
В – Шакирттери менен коштошуу (Жакан 14:1-31)

2. Ыйык Үч Бирдиктин ишенгендерге Сооротуучу аркылуу келиши (Жакан 14:12–25)


Жакан 14:12
12 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен кылып жаткан иштерди Мага ишенген адам да кыла алат, атүгүл алардан да чоң иштерди кыла алат. Анткени Мен Атама кетип жатам.

Кудай тууралуу билим бул философия же логикалык система эмес. Биздин башыбыздагы билим жок болот, ал эми Кудайдын билими болсо бул Анын сүйүүсү жана Уулу аркылуу болгон куткаруусу. Бул өз ыктыяраң менен кызмат кылуу дегенди түшүндүрөт. Машайак шакирттерине: «Кудайдын сүйүүсүн жашооңордо сыйынуу менен иш аркылуу көрсөткүлө», - деген жаңы осуят берди.

Качан шакирттери Ыйсанын аларды таштап кетип жатканын түшүнүшкөндө, алар Ыйсадан коргоону жана Кудай тууралуу көбүрөөк билимди сурашты. Бирок шакирттери дүйнөгө Жакшы Кабар таратуу үчүн, Ыйса аларды Атасынын ичинде кайраттандырды.

Эң маанилүү нерсе бул алардын убактылуу коопсуздугу эмес, бирок Кудайын кызматына даяр болуу эле. Ата жана Уул тууралуу билим бизди өзүмчүлдүгүбүздөн куткарып, момундук менен кызмат кылууга даярдайт. Ыйса айтат: Мага таянган адам куру сөз сүйлөй бербейт, ал курмандык жол менен Мени ээрчийт. Өзүнөн баш тартып, өлгөндөн тирилген Машайакка даңк алып келүү үчүн, кызмат кылган адамга Ал асмандан батасын берет. Качан шакирттерге Рух түшкөндөн кийин, ишеним менен элчилер Ыйсанын ысымы аркылуу оорулууларды айыктырып, күнөөнүн кечирими тууралуу чындыкты таратып, өлгөндөрдү тирилтишкен. Качан алар өздөрүнөн баш тартышкандан кийин, Ыйса алардын ичинде жашай баштады. Алар Машайакты жан-дили менен сүйүп, Аны жашоолору менен даңкташты.

Улуу тапшырманы аткаруу менен бирге, Ыйса жердеги кыска жашоосунун маалында ишке ашыра албай калган иштерди акырына чыгаруу үчүн шакирттерин жиберди. Окутууда жаңылануу үчүн, Ыйса асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, аларга Ыйык Рухту жиберди. Бул аркылуу таңкы шүүдүрүмдөй болуп, Кудайга жаңы балдар төрөлмөк. Айкаш жыгачка керилген, өлгөндөн тирилген Машайактын күбөлөндүрүүсүнөн өткөн маанилүү нерсе жок. Ушул күбөлөндүрүүгө ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Адил жашоосу менен Кудай Атага даңк алып келүү үчүн, Машайакка ишенген адамга Ыйык Рух келип түшөт жана ал Кудайдын баласы болуп калат.

Жакан14:13-14
13 Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, Атамдан Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам. 14 Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.

Сен сыйынасыңбы? Сыйынууңдун канча бөлүгү сенин тынчсызданууңа жана күнөөлөрүңө кетет? Кудайды даңктоого жана башкаларга кызмат кылууга аз убакыт өткөрүп жаткан жоксуңбу? Сыйынууңда да өзүмчүлсүңбү же Кудайга, адашкандарга болгон сүйүүң артып жатабы?

Душманыңа батаңды берүү үчүн, сыйынууң Кудайдын сүйүүсүнө толгонбу? Сен аркылуу Машайак Өзүн көптөгөн аламдардын Куткаруучусу кылдыбы? Сенин сыйынууң Теңирдин сыйынуусу менен төп келеби? Же дагы эле башкаларды күнөөлөрү үчүн жек көрүп, кечире албай жүрөсүңбү?

Эгерде сен Машайактын ысымынан сыйынсаң, анда сен Анын Рухунун жетеги алдында жашайсың, ой жүгүртөсүң, ошондо сенин жүрөгүң Ыйса каалагандай сүйүүнүн ойлоруна толот.

Машайактын бизге берген убадалары бизди асмандык күчкө жана баталарга толтурат. Ал убадаларын аткаруу үчүн бизге мындайча шарт коёт: «Сени өзгөртүш үчүн эгерде сен Менин сөздөрүмдү уксаң, Мен сенин ичиңде күчтүү болом жана сенин ишенимиң, сыйынууң аркылуу Мен көптөрдү куткарам. Канчалык сен Мага ишенип, Рухтун жетеги менен сыйынган сайын, ошончолук Мен сыйынууга түздөн-түз жооп берем».

Бир тууганым, Ыйса сенин колуңа берген ачкыч үчүн ыраазы болуу менен ойлон. Сыйынууң менен асман кенчин ач. «Мен сенин кошуналарыңа, туугандарыңа куткарылуум менен, батам менен түшөм», - дейт Ыйса. Сенин элиңден кызматчыларды тандап, Өз балдары кылып алуусу үчүн, Ыйсадан өтүнүп суран. Сыйынууда чарчаба; сенин ишенимиң көптөрдү куткаруунун куралы. Сыйнууңа жооп аларыңа ишен; ала турган жообуңа алдын ала ыраазычылык айт. Сыйынууда жана ишенимде бир туугандарыңдын сени менен бирге болуусун сура. Ага табынуудан, даңктоодон чаалыкпа. Ал сага сыйынуунун рухун төгүп берсин деп сыйын.

Эгерде Ыйса сыйынууңа жооп бербей жатканын сезсең, Ал Сени тазалашы үчүн күнөөлөрүңдөн баш тартып, тобо кыл, сыйынууга жол ачпай жаткан тоскоолдуктарды талкала. Ал сага асмандын кудуретин жерге алып келгенге бийлик берген. Ишеним менен сыйынып баштаганда, Ата, Уул жана Ыйык Рухту даңкта.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, бизге сыйынуунун Рухун бер. Биз билгендер үчүн жана билбегендер үчүн көбүрөөк ойлоп, өзүбүз үчүн азыраак ойлогонго бизге жардам бер. Жакындарыбызды куткарышың үчүн, бизди сыйынуучулар кылып даярда. Мен Сени даңктайм! Атанын ысымы менин рухтан төрөлгөн балдарым аркылуу даңкталсың. Сенин ысымың алардын иштери, жашоолору аркылуу жана Рухтун күчү аркылуу даңкталсын.

СУРООЛОР:

  1. Сыйынууга жооп алуу үчүн биринчи шарт эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:12 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)