Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 080 (Men harden themselves)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
А – Ыйык Жумага даярдануу (Жакан 11:55 - 12:50)

5. Жазаланып жатса дагы, адамзаттын жүрөгүнүн катууланышы (Жакан 12:37-50)


Жакан 12:37-41
37 Ыйса көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар Ага ишенишкен жок. 38 Ышайа пайгамбардын «Теңир, бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?» деген сөздөрү аткарылышы үчүн ушундай болду. 39 Ошондуктан алар ишене алышкан жок. Ышайа мындай деп да айткан: 40 «Алардын көздөрү сокур, ал эми жүрөктөрү таш болуп калган. Ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, түшүнүшпөйт, айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт». 41 Ышайа бул сөздөрдү Ыйсанын даңкын көрүп, Ал жөнүндө сүйлөгөндөн кийин айткан.

Ыйса Иерусалимден сүйүүнүн иштерин көрсөткөн көптөгөн ажайыптарды көрсөттү. Буга ачык адамдардын баары Анын күчүнө ишенип калышты. Ал эми акылы тайкы, эски түшүнүктөргө чырмалып калгандар болсо Ыйсаны тааный алышкан жок. Алар Ыйсаны өздөрүнүн баш аламан, сокур ой жүгүртүүсү аркылуу өлчөштү.

Көптөгөн адамдар жеке ойлоруна берилгендиктен, Кудайдын үнүн уга алышпайт. Ыйык Рух акырын жана назик сүйлөйт жана ал жүрөктүн көңүл буруусун талап кылат.

Ал эми Жакшы кабар аркылуу сүйлөгөн Ыйык Рухка каршы тургандар жүрөктөрүн өздөрү катуулантпайт, бирок Кудай өзүнүн адилеттиги менен алардагы тубаса угууну алып коёт. Натыйжада алар өздөрүнүн муктаждыктары эмне экенин түшүнүшпөйт. Кудай куткарылуунун жана соттун Төрөсү.

Кээ бир үй-бүлөлөр, уруулар жана улуттар Кудайдын жазасы алдында экенин байкасак болот. Кээ бир адамдарды Кудай кайра-кайра Өзүнүн жетегине жан-дили менен кайрып келгенине карабай, Андай түбөлүккө бөлүнүп кетишет. Акыры мындай адамдарды Кудай да таштап коёт. Ыйык Рухтун үнүнө тил албагандардын жүрөктөрүн Кудай катуулантат. Машайактын таасиринен баш тартып, Анын сүйүүсүн атайылап тебелегендер каарга калышат. Кудай Өзүнүн ыйыктыгы үчүн тил албагандардын жүрөктөрүн катуулантып, акыры алардын жок болуусуна жол бериши керек болот.

Каршы чыккандардын жүрөктөрүн Кудай катууланткандыгы тууралуу түшүнүк чындыкка төп келбеген бир философия эмес, бул жөн гана Кудайдын ыйыктыгына байланыштуу нерсе. Качан Теңир Ышайаны Өз элине куткаруу үчүн эмес, бирок алардын жүрөктөрүн катуулантуу үчүн жирберип жатканда, Ышайа ушул чындыкты түшүнгөн (Ышайа 6:1-13). Кудайдын каарын жана сотун жарыялаганга караганда, Анын сүйүүсүн жар салуу оңоюрак эмеспи. Кудайдын сүйүүсү Анын ыйыктыгы, чындыгы жана адилеттүүлүгү менен айкашкан. Анын ыйыктыгынын нурунун алдында бир дагы жамандык чыдап тура албайт, жамандык андан качып кетет. Ыйса ыйык Сүйүүнүн өзү болгондуктан, Анын инсандыгы адамдарды бөлүүгө алып келет. Ышайа көрүп айткандай, Тактыда отурган Бирөө Ыйса экенин Жакан кайраттулук менен далилдеген. Кудай жана Уулу ыйыктыкта жана даңкта бир.

Жакан 12:42-43
42 Ошондой болсо да, жүйүт башчыларынын көбү Ыйсага ишенип калышты. Бирок синагогадан чыгарылып калбашы үчүн, ишенип калышканын фарисейлердин алдында ачык айтышкан жок. 43 Анткени Кудайдын даңктаганына караганда, адамдын даңктаганын артык көрүштү.

Жакшы кабарчы Жакан жогорку ыйык кызмат кылуучунун үй-бүлөсүнөн чыккан адам катары таанымал болчу (Жакан 18:15). Бул жерде Жакан жалпы коомчулук Ыйсадын алыс болгондугуна карабай, кээ бирлери Ага ишенишкенин айтып жатат. Алар Кудайдын Ыйса менен бирге экендигин көрүшкөн, Анын сөздөрү бийликке ээ, чындыкка толо экенине ишенишкен, бирок алар ачыкка чыгышкан эмес.

Эмне үчүн мындай адамдар өз абийирлери каршы келген ой жүгүртүүгө макул болушат? Алар фарисейлерден коркушкан; алар коопсуздукту жана атак-даңкты артык көрүшкөн. Эгерде иерусалимдиктерден кимде-ким Ыйсаны колдой турган болсо, аларды куугунтуктай тургандыгын айтышып, коркутушкан. Ошондуктан бул адамдар өзүлөрүнүн баркынан ажырап, көпчүлүктүн алдында уяткарылып, куугунтукка түшүшмөк. Элден бөлүнгөн адам бир нерсе сатып алууга, сатууга, үйлөнүүгө жана башкалар менен бирге сыйынууга укугу жок болмок. Ал коомдогу пес оорулуу адамдай болуп калмак.

Эмне үчүн бул ишенип калгандар ишенишсе дагы, тобо кылышкан жок? Алар Кудайдын улуулугуна караганда, адамдык урмат-сыйды артык көрүштү. Алардын максаты ыйык Кудайга жагуу болгон жок; алар Теңирине караганда өздөрүн көбүрөөк сүйүштү.

Жашыруун ишенип, сыртынан Ыйсаны таанымаксан болгон адамга кайгы. Мындай адам кыйынчылык келгенде Ыйсадан баш тартып кетет. Ал Кудайдын урматына, коргоосуна караганда, өзүнүн коопсуздугун жана атак-даңкын артык көрөт. Сени Өзүнүн эркине жаккан жолу менен жетектеш үчүн, Куткаруучу Теңириңден кечирим сурап сыйын.

Жакан 12:44-45
Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Мага ишенген адам Мага эмес, Мени жиберген Кудайга ишенген болот. 45 Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот».

Бул тике айтылган сөздөрү аркылуу Ыйса Өзүнүн окутуусунун анык маңызып ачып берди жана ошондой эле рухий адамдарга муну жөнөкөйлөштүрүү менен, Ыйса элди күнөөлөрүнөн тобо кылууга чакырып жатты. Алгач караганда, бул карама-каршылыкты, башкача айтканда: «Мага ишенген адам Мага ишенбейт!» деп айткандай сезилет. Ыйса адамды Өзүнө байлап албайт, бирок Уул Өзүнүн жолдоочуларын түздөн-түз Атасына багыттайт. Ал Өзүн укуктук артыкчылыктарынан бош кармайт жана адамдардан бир гана Өзүнө ишенүүсүн күтпөйт.Уулу адамдын ишениминдеги Кудайды алып койбойт. Ыйса аларды Кудайдын улуулугунан ажыратпайт. Ал бул улуулукту дайыма ачып, даңктап турат.

Бул чындыкты башка жагынан да алып кароо абзел: Атага адам Ыйса аркылуу гана келе алат; Кудайга болгон чыныгы ишеним бир гана Ыйса аркылуу болот. Атасы ишенгендерди өзгөчө эл катары Уулуна белек кылып берди жана Аны бардык кудайлык табияты менен көрккө бөлөдү. Мына, ушундан улам эч текеберденбестен, Уулу: «Мени көргөн адам, Мени жибергенди да көрө алат», - деген. Ыйса Кудайдын бийлигине толугу менен ээ болгон, ошол эле маалда Ага толук баш ийген Кудайдын чыныгы элчиси. Ыйса чыныгы кудайлык жашоону, жарыкты жана даңкты таанытат. Ыйса өмүрү жана тирилүүсү менен чагылдырган Кудайдан башка кудай жок. Ыйсанын жөнөкөйлүгү жана момундугу Аны Атасынын деңгээлине чейин көтөрдү. Ышайа көргөн бирөө бул Ыйсанын Өзү болчу. Чындап эле Ата менен Уулдун ортосунда эч айырмачылык жок.

Жакан 12:46-48
46 Мага ишенгендердин бирөө да караңгыда калбашы үчүн, Мен дүйнөгө жарык болуп келдим. 47 Сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адамды Мен соттобойм. Анткени Мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келгем. 48 Мени четке кагып, сөзүмдү кабыл албаган адам үчүн сот бар: Мен айткан сөздөр аны акыркы күнү соттойт.

Африканын бир кыштагында жугуштуу ооруу күчөп турган эле. Бейтап адам денесинин ысыганына чыдабай, алачыгында кайналып онтоп жатышкан. Бул айылга барган дарыгер бул оорунун микробдору күндүн жарыгынан өлөрүн билгенден кийин, ал: «Караңгы алачыгаңдан тышка чыккыла, ошондо айыгасыңар», - деп кыйкырды. Бул микробдор күндүн жарыгынан өлмөк. Ошондо көптөрү сыртка чыгышып, ооруларынан айыгышты. Бирок башкалары оорусунан кыйналгандыктан, дарыгердин айтканына ишенишкен жок; алар сыртка чыкпай ичте калып, акыры өлүп калды. Дарыгер оорудан өлүп бара жаткан адамдан: «Эмне үчүн күндүн нуруна чыккан жоксуң?» - деп сурашса, тигил адам: «Мага чала! Мен сенин сөздөрүңө ишенген эмесмин. Бул сөздөр түшүнүүгө оңой эле го, бирок мен оорудан жанып жай таппай жаткан болчу», - деди. Ошондо дарыгер: «Анда сен оорудан эмес, бирок менин айтканыма ишенбегендигиң үчүн каза таап жатасың», - деп жооп берген экен.

Бул окуя Машайактын күчүн чагылдырып жатат. Ал күнөөнүн караңгылыгынын үстүнөн таңын атырган, Адилеттиктин Күнү, жамандыктын булагынын жеңүүчүсү. Анын керемет жарыгына кирген ар ким куткарылат. Ал үчүн адамзатты куткаргандан артык эч нерсе жок. Анын сөздөрү бизди бардык талкалоочу күчтөрдөн бошотот. Анын сөздөрүн угуп ишенген, келип Ага баш ийген адам түбөлүк өмүр сүрөт. Ыйсанын үстүнөн өлүм үстөмдүк кыла албайт.

Анын сөздөрүн угуп, бирок ошол сөздөрдү жүрөгүнө катып албаган адам күнөөгө чөгүп, Кудайдын сотуна туш болот. Ошентип ишенбегендер үчүн Жакшы Кабар сот жана жок болуунун себеби болот. Ыйсаны куткаруучуң катары кабыл алдың беле? Анын сөздөрүн жүрөгүңө катып алдың беле? Аларды жүрөгүңдүн чечими менен ишке ашырасыңбы?

Жакан 12:49-50
49 Анткени Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун. Мени жиберген Атамдын осуяты боюнча сүйлөп жатам. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган. 50 Анын осуяты болсо түбөлүк өмүр экенин билем. Демек, Атам Мага эмнени айтса, Мен ошону айтам.

Ыйса Кудайдын Сөзү. Ыйса сүйлөп жатканда, Ал Кудайдын оюн жана каалоосун гана сүйлөйт. Машайак Кудайдын сага түздөн-түз жиберген кабарчысы.Уулу кастарлоо менен Атасынын үнүн угуп, аны адамдын тили менен түшүндүрүп берет. Кудай Ал аркылуу күнөөкөр дүйнөгө сүйлөйт. Ал: «Мен Түбөлүктүүмүн жана силердин Атаңармын. Ырайымым менен силерге түбөлүк өмүрдү белек кылып берем. Силер Кудайдын каарына жана жок болууга татыктуу болсоңор дагы, Мен эч нерсеге карабай силерди сүйөм; акталуу аркылуу Ыйык Рухка ээ болууңар үчүн, Өзүмдүн ыйык Уулумду силердин ордуңарга курман кылам. Ошондо силер аман каласыңар. Менин Уулумдун колунан түбөлүк өмүрдү алууну силерге осуят кылам. Муну кабыл албаган адам Бейишти жана түбөлүк өмүрдү көрбөй калат», - дейт. Бул сөздөр аркылуу Кудай дүйнөгө бекер куткарылууну сунуш кылып жатат. Бирок Машайакты жокко чыгарган, четке каккан адам тозокко түшөт, анткени ал Кудай сунуш кылган өмүрүн кабыл алган жок.

Сыйынуу: Ата, бизге түбөлүк өмүрдү белек кылып бергениңе рахмат. Биз сени Улуу кубаныч менен даңктайбыз. Сен бизди өлүмдөн өмүргө, күнөөдөн Өзүңдүн сүйүүгө чөмүлгөн дүйнөңө өткөрдүң. Бизди Уулуңдун сөзүнүн ичинде сакта жана мындан ары жакшы түшүм алып келишибиз үчүн, ошол сөз аркылуу жүрөктөрүбүздү, акылыбызды өзгөрт. Жакшы Кабарың аркылуу көптөрдү өзгөрт. Өлүмдөн куткарылып, түбөлүк өмүргөө ээ болушу үчүн, бардык адамзатка Сенин кабарыңды жеткизишибизге бизге жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Кудайдын Машайактагы бардык адамдар үчүн осуяты кайсы?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:05 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)