Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 072 (Jesus meets Martha and Mary)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

б) Ыйсанын Марта жана Мариям менен жолугушуусу (Жакан 11:17-33)


Жакан 11:17-19
17 Ыйса келгенде, Лазардын көргө коюлганына төрт күн болгонун укту. 18 Бетания менен Иерусалимдин ортосундагы аралык болжол менен он беш стадий болгондуктан, 19 көптөгөн жүйүттөр Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен эле.

Лазардын көргө коюлганына төрт күн болду; ал каза болгон күнү эле коюлган болчу жана кабар Ыйсага ошол эле күнү жеткен. Досу көргө коюлуп калган соң, Ыйсанын шашылып келишинин деле зарылдыгы жок болчу. Анын өлгөнү анык болчу.

Бетания Зайтун Тоосунун чыгыш тарабында, Иорданга бет алып жайгашкан. Анын каршысында Өлүк Деңизи жайгашкан. Батышты карай үч чакырым жердеги Кидрон аймагында Иерусалим жайгашкан.

Каза болгон Лазардын көптөгөн достору келишип, аны жоктоп, көкүрөктөрүн койгулашып ыйлашты. Лазар үй-бүлөсүн бага турган адам болгондуктан, анын өлүмү чоң кайгы алып келди. Өлүмдүн көлөкөсү чогулган элдин үрөйүн учурду.

Жакан 11:20-24
20 Марта Ыйсанын келе жатканын укканда алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо үйдө калды. 21 Марта Ыйсага: «Теңир! Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес. 22 Бирок мен азыр да билем, Сен Кудайдан эмне сурасаң да, Кудай Сага берет», - деди. 23 Ыйса ага: «Бир тууганың тирилет», - деди. 24 Марта Ага: «Акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган күнү тирилерин билем», - деди.

Качан Марта Ыйсанын келе жатканын укканда, ал ыйлаган бойдон Аны көздөй бет алды; ал эгерде Ыйса убагында келгенинде, мындай алаамат болмок эмес деп ойлоп бара жатты. Качан ал Ыйсага келгенде, ишеними менен Анын күчү чексиз экендигине күнөм санабастыгын айтты. Ал кайгысын айтып убакыт короткусу келген жок, бирок Ал өлүмдү жеңерине ишенерин айтты. Мунун кандайча болорун так түшүнө албаса дагы, ал Ыйсанын кудуреттүү бийлигине жана Уулунун сыйынуусуна бардык убактарда жооп берген Кудай менен болгон ажырагыс байланышына ишенди.

Ыйса Мартанын ишенимине ошол замат: «Бир тууганың тирилет», - деп жооп берди. Марта Ыйсанын сөздөрүнүн маанисин толук түшүнө алган жок. Ал дүйнөнүн акырындагы тирилүүнү айтып жатат деп ойлоду. Анда үмүттүн жарыгы жанып, өлүм эң акыркы нерсе эмес экендигин түшүнө баштады. Түбөлүк өмүргө тирилүү - ишенгендердин үзүлгүс үмүтү.

Жакан 11:25-27
25 Ыйса ага мындай деди: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да тирилет. 26 Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?» 27 Марта Ага: Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем», - деди.

Шакирттеринин көзүнчө Ыйса Мартага өтө маанилүү сөздөрдү: «Тирилүү чындап эле болот, ал тирилүү мына Менин ичимде. Лазар тирилүү күнүндө эмес, ал мына бүгүн Менин алдымда тирилет. Мен Жаратуучумун; Ыйык Рух Менден чыгып, сага барат. Сендеги күнөөнү жок кылып, сага кудайлык түбөлүк өмүрдү тартуулоо үчүн сенин ордуңа Мен курман болом. Өлүм сага үстөмдүк кыла албайт. Жакында Мен тирилүүм аркылуу силерге тирилүү алып келем. Ошондо силер өлсөңөр да, ишенимиңер аркылуу Мени менен кайрадан тирилесиңер. Менин өлүмүм силердики, Менин жашоом силердики. Мен жашайм, силер болсо Менин ичимде жашайсыңар».

Машайактагы түбөлүк өмүрдү кабыл алуунун бирден бир шарты бул Ыйса менен ишеним келишимин түзүү. Сен Ыйсага негиз алмайынча, Анын өмүрү сага өтө албайт. Машайакка болгон биздин ишенимибиз Атаны жана түбөлүк өмүрдү түшүнүүгө жол ачат. Анын сүйүүсү бизге түгөнгүс кубанычты, тынчтыкты жана сүйүүнү тартуулайт. Машайактын сүйүүсүнө толгон адам өлбөйт, себеби андагы Кудайдын Руху түбөлүктүү. Бул Рух Машайакка ишенгендердин жүрөктөрүндө жашайт.

Ыйса Лазардын тирилүүсү аркылуу өлүмдүн үстүндөгү жеңишин даңазалап, жар салган жок. Андан көрө, Ыйса Руху менен тирилгендердин өлүмдүн үстүндө жеңишке ээ экендигин аныктап жаткан. Анын оозунан чаккан шартсыз убаданын күчүн түшүнүп жатасыңбы? Эгерде сен Ага ишенсең, анда өлбөйсүң. Өлүм коркунучунан коркпо, тескерисинче, Ыйсаны кара. Сага түбөлүк өмүрдү белек кылып бергени үчүн Ага ыраазычылыгыңды билдир.

Урматту бир тууганым, Ыйса өмүр берүүчү экенине ишенесиңби? Жеке жашооңдо Анын сени өлүмдүн бийлигинен бошотконун, сени күнөөнүн сазынан алып чыкканын көрдүңбү? Эгерде сен рухий тириле элек болсоң, анда Өмүрдүн Теңири азыр алдыңда кучагын жайып, сени күтүп турат. Анын сүйүүсүнө жана күчүнө ишен. Анын колун карма, ошондо Ал сени күнөөдөн сууруп чыгарып, түбөлүк өмүргө ээ кылат. Бир гана Ыйса сенин ишенимдүү Куткаруучуң.

Марта Ыйсанын убадасына ишенди. Ал түбөлүк жашоого гана ээ болбостон, ошондой эле түбөлүк өмүр берүүчүнүн өзү менен болду. Ал Ыйсанын өлгөндөрдү тирилткенге бийлиги бар, убадаланган Машайак экенине ишенген. Ыйсанын акыркы сотту жүргүзгөнгө бийлиги бар. Марта өзүндөгү Ыйсанын ашып-тышып жаткан күчүн, тирилтүүсүн жана ыйыктоосун көрдү. Ыйса Өзүн Кудайдын Уулу деп атагандыгы үчүн, жүйүттөр Ыйсаны таш бараңга алганы жатышса дагы, Марта эч коркпостон, кайраттулук менен Ыйсага болгон ишенимин күбөлөндүрдү. Ал өлүмдөн корккон жок, ал Теңирине болгон сүйүүсүн көрсөттү. Бул аялдын кайраттулугу эркектерди уят кылды. Ошондон улам Мартанын ишеними сүйүүсү менен бирге өсө берди.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сенин улуулугуң түбөлүктүү. Сага өлүм үстөмдүк кыла албайт. Сен биздин өлүмүбүз менен өлүп, бизди Өзүңдүн тирилүүң менен тирилттиң. Сага табынабыз, Сага ыраазыбыз. Өлүм бизге үстөмдүк кылбашы үчүн, Өз өмүрүңдү биз үчүн бердиң. Бизди айыптан, коркунучтан жана өлүмдөн бошотконуң үчүн биз Сени сүйөбүз жана ыраазычылыгыбызды айтабыз.

СУРООЛОР:

  1. Бүгүн биз кандайча өлгөндөн тирилебиз?

Жакан 11:28-31
28 Муну айткандан кийин ал үйүнө барды да, сиңдиси Мариямды тымызын чакырып алып: «Устат бул жерде. Ал сени чакырып жатат», - деди. 29 Муну угары менен, Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү. 30 Ыйса айылга кире элек болчу, Ал Марта менен жолуккан жерде эле. 31 Мариямга көңүл айтканы келгендер анын үйдөн шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, «Бир тууганын жоктоп ыйлаш үчүн мүрзөгө кетти го», - деп ойлоп, артынан кошо жөнөштү.

Аза күткөндөрдүн арасынан чыгарып, ишенимдин сөздөрү менен күчкө толтуруу үчүн, сооротуу үчүн Ыйса Мартадан Мариямды чакырып келүүсүн сурады. Ыйсанын сүйүүсүнүн негизинде Мариямдын ишеними артмак. Ыйса үмүтсүздүк жана мөгдүрөө менен эмес, бирок кайраттуу ишеним менен бизди жеңишке ээ кылат. Ал аза күтүп жаткан Мариямды өмүргө ээ болуп, рухий жашоо менен жашашы үчүн, Кудайдын жарыгынын катышуусуна алып келүүнү каалады.

Мариям кайгыга баткандыктан, Ыйсанын келе жатканын укпаса керек. Ошол учурда Марта ага барып, Ыйса келип, аны чакырып жатканын айтканда, ал ошол замат туруп, Ыйсаны көздөй чуркады. Мариямдын жанындагылар Мариямдын чуркап чыгып кеткенин көрүшүп, аны мүрзөгө ыйлаганы кетти го деп ойлошту. Анан алар да Мариямдын аркасынан шашып мүрзөнү карай жөнөштү. Адамзаттын тагдыры ушул сыяктуу жок болууга жана караңгылыкка шашып бара жаткандай элестетсе болот. Качан философия жана башка диндер өмүр менен өлүмгө туура жооп бере албай жатканда, Машайакчылар үчүн өлүмдүн ичинде чындыктын үмүтү бар экендиги ачыктан-ачык көрүнүп турат.

Жакан 11:32-33
32 Мариям болсо Ыйса турган жерге келди да, Аны көргөндө бутуна жыгылып: «Теңир, Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес», - деди. 33 Мариямдын жана аны менен келген жүйүттөрдүн ыйлаганын көргөн Ыйсанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздады.

Мариям Ыйсаны көргөндө, кайгысына чыдабай, Ыйсанын бутуна жыгылды. Ал Ыйсанын кудайлык күчүнө ишенип, алдыга умтулуп жатканын көрсөттү. Эгерде Ыйса ошол жерде болгондо, агасы өлмөк эмес. Мунун өзү бул үй-бүлөдөгү Кудай Ыйса менен экендигине болгон ишенимдерин аныктап жатты. Бирок бир тууганынын өлүмү алардын ишенимдерин алсыздатып, кайгыга салды. Качан Ыйса жолдоочуларынын ишенимдеги алсырагандарын көргөндө, рухунун кайгырганын Ыйса элден жашыра алган жок. Жолдоочулары өлүмдүн коркунучуна алдырып жатканын Ыйса байкады. Ал боздоп жаткандарды көрүп, бул дүйнө канчалык караңгылыктын туткунунда калгандыгын түшүндү. Ошол маалда Ал Өз мойнуна ала турган дүйнөнүн күнөөсү канчалык оор экендигин сезди; ошондо Ыйса айкаш жыгачтын канчалык маанилүү экендигин, мүрзөнүн ачылган оозу бул муң-зардын жок болуусуна жол ачарын Рух аркылуу көрдү. Ал азыр боло турган тирилүүгө толук ишенген. Бул өлүмгө, ишенбестикке жана кайгы-муңга каршы чечкиндүү сот болчу.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:54 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)