Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 067 (Jesus is the Good Shepherd)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
3. Ыйса жакшы Кайтаруучу (Жакан 10:1–39)

в) Ыйса - жакшы Кайтаруучу (Жакан 10:11–21)


Жакан 10:11-13
11 Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн Өз жанын берет. 12 Жалчы болсо койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, койлорду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат. 13 Жалчы болсо качып кетет, анткени ал – жалчы, койлорго кайдыгер мамиле кылат.

Кудай ишенимсиз падышаларга, пайгамбарларга чыдады, алар өзгөрөр деп көпкө күттү. Өз элинин койчусу жок койлордой чачырагандыгын көрдү. Ошондуктан Ал жакшы Кайтаруучу Машайакты жиберди. Ыйса келгенинде: «Чыныгы аян алып келген чыныгы Падыша, Ыйык Кызмат Кылуучу жана Пайгамбар Менмин жана Мен кызмат кылууга даярмын», - деп жарыялаган. Машайактын табиятынан биз койчунун бардык мүнөзүн көрө алабыз. Ал: «Бардык түйшүк тарткандар жана азап чеккендер Мага келгиле, Мен силерди тынчтандырам. Мен силерди түйшүккө салбайм, силерди адашкан баш-аламан жашоодон, коркунучтан куткарам» - деген.

Ыйсанын чыныгы Койчу экендигине Анын эң башында эле Өз койлору үчүн өмүрүн бергенге даяр экендиги далилдеп турат. Ал Өз денесин бермекмин деген жок; Кудайдын үйүрүн куткаруу үчүн Ал денесин, жанын жана рухун сунуш кылды. Ыйса эң башында эле Өз үйүрүнө кызмат кылуу үчүн Өзүн арнады. Анын денеде курман болушу чыныгы курмандыктын таажысы эле. Ыйса Өзү үчүн жашап, Өзү үчүн өлгөн жок, Ал Сен үчүн жашап, сен үчүн өлгөнүн жүрөгүңө бекем түй.

Койчулардын ишенимсиз экендиги коркунуч маалында керт башын гана ойлоп, качып кеткенинен билинет. Алар койлорун келе жаткан карышкырга салып беришет. Алар айбан эмес, бирок айбандык иш кылышат; алардын атасы Шайтан. Карышкыр сыяктуу Шайтандын максаты - жеп-жутуу. Ал арамдыгынан кубалап, өлтүрүп жок кылат. Ал жагымдуу азгырыктар менен жана жалганды чындыкка аралаштыруу менен келет. Жыйындын Койчулары, жалган сүйүү менен келген жалган окутууга эч кандай жол бербешибиз керек. Бирок сүйүү үчүн акылмандуулук менен чындыкты коргоп, кайраттуу болушубуз керек. Ыйса ар дайым тозоктун күчтөрү менен кагылышта болуп тургандыгын Анын жашоосу бизге айтып турат. Ыйса жүрөгүндөгү чынгы сүйүүсүнүн негизинде шакирттерине шайтандын руху менен беттешүү менен андан коргоп, үйүр үчүн кам көрүү керектигин айткан. Ач карышкырдын максаты белгилүү; ал Кудайдын жыйынына жалган жалаа жаап, аны куугунтуктап, талкалагысы келет. Сен Кудайдын үйүрүнө кызмат өтөп, аны урматтоону каалайсыңбы? Эсиңде болсун, мындай кызмат кагылышууну, азапты жана курмандыкты алып келет. Ал жыргал жашоону убада кылбайт.

Жакан 10:14-15
14 Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем. 15 Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен Өз жанымды берем.

Ыйса Өзүн чыныгы Койчу экендигин дагы бир жолу кайталап айтты. Биз өз душманыбыз тууруалуу жакшы билбесек, койлорубуздун кулк-мүнөзүн түшүнбөсөк, же аларды жакшы жайыттарга кантип алып барууну билбесек, анда биз көп ката кетиребиз, аларга талаптагыдай кызмат кыла албайбыз. Ыйса ар бир адамды аты менен билет, анын өткөн жашоосун, келечектеги жашоосун жана ойлорун да билет.

Ыйса Өз койлорун тандап алып, аларга Өзү жөнүндө терең билүүгө мүмкүнчүлүк берген. Алар Ыйсаны канчалык терең билген сайын, эмне үчүн Ыйса алардан баш тартпагандыгына таң калышат. Ыйсанын катышуусунун өзү адамдын алсыз экендигин айтып жатат. Ыйсанын кара рухтар менен кагылышуусу Анын бизге болгон чексиз сүйүүсүн ачат. Мына ушунун өзү ыраазы болууга жана түбөлүк келишимге, жоопкерчиликке алып келет.

Ыйса менен үйүрүнүн ортосундагы бири-бири тууралуу билим үстүртөн эмес, же ал дүйнөдөн келбейт. Ал Рухтун белеги, себеби биз Ыйсаны Атасын көргөнүн жана Атасы Уулун билери бизге маалым. Ар бир Машайакчы Рухтун жемиши болгондуктан, Кудай тууралуу чыныгы билимди Машайак аркылуу алуусунун өзү сырдуу нерсе. Мына ушунун өзү эле Кудайдын Руху Өз үйүрүндө жашайрын көрсөтүп жатат. Демек эч ким көз жаздымда калбайт.

Жакан 10:16
16 Менин бул короодогу койлордон башка дагы койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.

Ыйса бир гана улут үчүн курман болгон эмес. Ал бардык улуттар үчүн курман болгон. Ал Байыркы Келишимдеги тоң моюн жүйүт элин гана куткарбастан, ар кайсы улуттардагы дин безерлерди да куткарат. Ал Өзүнүн өлүмү менен бүт жер жүзүндөгү элдеринин ичинен көптөрүн куткарып аларын алдын ала айткан. Бир дагы адам Кудайга өз жолу менен келе албайт, аларга жол башчы боло ала турган Жакшы Койчу керек. Ошол Койчу бул Машайактын Өзү. Ыйса ар бир улуттун жана ар бир жеке адамдын Теңири. Анын рухий жетеги Анын айткан ар бир сөзүндө жаңырып турат. Койлор койчусунун үнүн тааныган сыяктуу эле, дүйнөнүн булуң бурчунан Машайактын үнүн тааныганга даяр адамдар Ага кайрылышат. Байыркы Келишимдеги тандалган эл менен башка улуттардан Ыйсага кайрылгандар биригип, Ыйсанын жетегинде болгон жаңы рухий биримдикти пайда кылды. Бүгүнкү күндөгү Жаңы Келишимдин адамдары Кудайдын үйүрү, Ыйса болсо алардын Койчусу. Жакшы Кабарды сүйүнүч менен угуп, Кудайдын Уулу Машайакка ишенген адам чыныгы жыйынга тийиштүү болот. Бизде бир Рух, бир Теңир жана бир Кудай бар. Рух Машайактын каны менен тазартылгандардын баарына келет. Машайактын үйүрү биз элестете алгандан да чоң, алар дүйнөнүн булуң-бурчунан келет. Жакшы Кайтаруучу Өзү жекече келип Өзүнүн ишенимдүү, жөнөкөй жолдоочуларын акыры даңкка бөлөйт. Ошондо бир үйүр, бир Кайтаруучу болот. Бирок бүгүнкү күндө жыйынды өзүнүн адамдык жолу менен кургусу келген, дүйнөнүн максатын көздөгөндөр жана койлорун койчусунан бөлүп кетүүгө аракет кылып жаткандар чоң карышкырдын капканына түшүү коркунучунда турушат.

Жакан 10:17-18
17 Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин. 18 Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам.

Биз Кудайдын сүйүү экендигин билебиз. Ал Уулун дагы чексиз сүйүү менен сүйөт. Ыйса болсо ар дайым Атасына жаккан иштерди кылат. Азыр эле биз Кудайга эмне жагарын окудук; бул – айкаш жыгач. Машайактын өлүмү Кудай аркылуу бекитилген иш болчу. Үйүрдү күнөөдөн куткаруунун бир гана жолу бар болчу, бул Өзунун каны аркылуу сатып алуу жана ыйктоо жолу эле.

Ыйсанын өлүмү жана тирилүүсү чоң керемет; Ал жашашы үчүн өлүшү керек экендигин бизге айткан. Ыйса Өз өмүрүн аргасыздан берген жок, Ал күнөөкөрлөрдүн куткарылуусу үчүн жан дили менен, Өз ыктыяры менен өлүмгө барды. Ал - чыныгы сүйүү. Атасы Ага дүйнөнү куткаруу ишин тапшырды, жана ошол эле убакта өмүрдү кайра алганга бийлик берди. Айкаш жыгачтагы Машайактын жеңишин токтотууга эч кимдин кудурети жеткен жок. Шайтан жана анын кызматчылары Ыйсанын күнөөкөрлөрдү сатып алуу ишин жокко чыгарууга жулунушту, бирок Машайактын улуу сүйүүсүнүн алдында алардын арамдык иштери талкаланды. Кайапа дагы, Пилат дагы, башка эч ким Ыйсанын башын өлүмгө байлаган жок; буга Ыйса Өз ыктыяры менен барды. Ыйса жакындап келе жаткан карышкырдан качкан жок, тескерисинче, бизди куткаруу үчүн Ал Өзүн берди. Мына ушул Кудайдын анык эрки болчу. Бейиш менен тозоктун ортосундагы салгылашты Ыйса айкаш жыгачта жеңип чыкты. Ошол күндөн тартып, Анын үйүрү Козунун каны менен сатылып алынгандыгына толук ишүүгө негиз бар. Кыйынчылык жана азаптар аркылуу Ыйса бизди Өз даңкына жетелейт.

Жакан 10:19-21
19 Ушул сөздөн улам жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты. 20 Алардын көпчүлүгү: «Анын ичинде жин бар, акылы ордунда эмес, Аны эмнеге угуп жатасыңар», - дешти. 21 Кээ бирөөлөрү: «Бул жин тийген адамдын сөзү эмес! Жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» - дешти.

Жүйүт жетекчилери жиберген тыңчылар Ыйсанын жүйүт элинин жеткечилерин ууру жана Шайтандын кызматчылары катары айтканын угушуп, кыжырданышты; айрыкчы Ыйса Өзүнүн Жакшы Кайтаруучу экендигин жана жүйүттөр ыплас деп эсептеген бардык улуттардын да Койчусу экендигин айтканда, алар ого берет каарданышты. Жүйүттөр өздөрүн Кудайдын тандаган эли деп көрүшчү. Алар Ыйсаны жин тийген, акылынан ажыраган адам катары санашып, Андан жийиркеништи. Чогулуп турган элдин көпчүлүгү ушинтип ойлоп жатты. Ыйсанын жогорудан келген окутуусун түшүнө алышпагандыктан, элдин көбү Ыйсага каршы чыкты.

Ошентсе дагы, алардын арасынан Ыйсанын сөздөрүнөн Кудайдын үнүн угуп жатышкан кайраттуулук менен, башкалардан корпостон чыгып айткан адамдар дагы бар болчу. Анын сөздөрү куру кыялдуу ойлор эмес болчу. Анын сөздөрү бийликке жана жаратуу күчүнө ээ болчу. Ал сокур адамдын күнөөсүн кечирди. Ыйсага каршы кастык күч алып жатса дагы, кээ бир чыныгы адамдырдын жүрөктөрүндө Анын сүйүүсү тамырлап жаткан эле. Ыйса мурда дагы жана азыркы учурда дагы Руху аркылуу үйүрүн акырындык менен бир максатка жеткетейт.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, койлордун Койчусу, Сен кежир койлоруңду таштап салган жоксуң. Сен аларды издеп таап, аларга Өз өмүрүңдү арнадың. Биздин күнөөлөрүбүздү кечир. Сен Атаны билгендей, биз да Сени билүүбүз үчүн билимдин Рухун бергениңе ыраазыбыз. Сен бизди ысымыбыздан өйдө билесиң жана эч качан унутпайсың. Бизге Өзүңдүн башка жолдоочуларың менен бирге болгонго жардам бер. Ар кайсы улуттар арасынан Сени угуп, Сенин жолдоочуларыңа кошула турган адамдарды тандап чакырып ал. Аларды ач карышкырдан сакта.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса Кандайча Жакшы Кайтаруучу боло алат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:49 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)