Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 060 (The devil, murderer and liar)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

е) Шайтан - киши өлтүрүүчү жана жалганчы (Жакан 8:37-47)


Жакан 8:44
44 Силердин атаңар – шайтан. Силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.

Ыйса эгерде кимде ким Аны сүйбөсө, анда анын атасы шайтан экендигин айтып жатат. Муну менен Ал Кудайды билебиз деген жүйүттөргө чындыкты ачып жатты. Бул динчил жүйүттөр Кудайдан алыс болчу. Алардын атасы шайтан болчу.

Шайтан кайда гана барбасын, жамандыктын чордону. Анын максаты Кудайдын жаратканын талкалоо. Ал ар бир адамдагы алсыз жерин издеп таап, анын үстүндө бийлик кылуу үчүн, амалкөйлүк менен аны азгырып, күнөөгө түртөт. Анан ал Кудайдын тактысынын алдына сойлоп барып, күнөөдөн жыгылып, ыпластыкка баткан адамды Кудайдын каарына калтырууга тырмышат. Жалгандык кандай жаман.

Ыйса шайтанды жакшылыктан безген, зөөкүр жана кекчил экенин айтат. Баарын жек көрүү менен, ал өзүнө өзү кул болуп калган. Мына ушул эле рух Ыйсанын душмандарынын баарында жашайт, алар өч алуу үчүн адамдын убалына калат. Теңир менен болбогон адамдар жамандыкка, башкача айтканда, шайтандан азгырыгына тез берилишет.

Эмне үчүн шайтан өч алгысы келет? Ал башында эле өлтүрүүчү экендигин Ыйса эскерткен; ал Кудайдын бейнесинде жаратылган адамды жек көрөт. Ошондой эле ал өзүн өмүр берүүчү Кудайдан бөлүп салган. Анда түбөлүк өлүм жашайт. Анда өлүм үстөмдүк кылат. Шайтандын максаты - бардык тирүү жандыкты жок кылуу.

Бул каардануунун тамыры – жалгандык. Шайтан эң башында Адам менен Обону алдап, Кудайдын осуятына ишенбегенге жана аны бузганга азгырган. Алтургай, ал өзү менен бирге башка периштелерди да ала түшкөндө, өзүн Кудайдан да улуу, сулуу, кыйын элестетүү менен, акылынан ажыраган.

Өзүн өзү алдоо бул шайтандын табияты. Ал өз каалоосунун чегин билбегендиктен, түбөлүккө талкаланды. Машайак болсо мунун карама-каршысы. Ал – момун; Өзүн жогору санабайт. Тилекке каршы, адам Машайактай момун болуунун ордуна, текеберленип, жолунан адашат. Шайтан жалган айткандардын ооздору аркылуу жалганчы кошуунду жиберет. Булар чагуучу жыланга окшош.

Бир аял энесине: «Бүт адамдар жалганчы; бири-бирине калп эле жылмайышат; окуучулар экзамендеринде алдашат, сатуучулар жалган айтышат. Алтургай жубайлар да бирин-бири алдашат. Адамдар бири-бирине ишенишпейт, ар ким өзүн гана чынчыл деп ойлойт», - деп айткан экен.

Шайтан жалгандык аркылуу азгырат! Көп учурларда жалган нерсенин ичинде канчалык бир деңгээлде жарты чындык бар. Шайтан жалган нерсени чын кылып көрсөтөт. Ал жалганчы жана жалгандын атасы.

Жакан 8:45-47
45 Бирок Мен чындыкты айткандыктан, силер Мага ишенбей жатасыңар. 46 «Күнөөң бар», - деп Мени кимиңер айыптай аласыңар? Эгерде Мен чындыкты айтып жатсам, анда эмне үчүн Мага ишенбейсиңер. 47 Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпайсыңар».

Бир гана Ыйса чындыкты айтып, Кудайдын чындыгын ача алат. Кудайдын сөздөрүнө ишенген адам бактылуу. Ал ааламдын чындыгын билсе дагы, бардык сөздөрүндө момун жана чынчыл болот.

Көп адамдар бул чындыкты кабыл алышпайт, себеби муну Ыйса айтып жатат да. Эгерде бир саясатчы адам же дин кызматкер Ыйсанын сөздөрүн айтышса, анда адамдар ишенишмек. Бирок Ыйса жөнөкөй адам катары келип айтканда, эл аны кабыл алган жок, себеби адамдар момундукка караганда улуулукту жана бийликти каалашат.

Ыйса жүйүттөргө тике карап: «Эмне үчүн Мага ишенбейсиңер? Силер Менден жалгандыкты, текебердикти, же бир жамандыкты көрдүңөрбү? Жок, анткени Мен дайыма чындыкты сүйлөйм жана чындыкта жашайм. Мен денеде келген чындыкмын, айыпсызмын, адилмин. Менде эч куулук же жалгандык жок», - деп тайманбай айтты.

Акырында Ыйса Өзүнө каршы чыккандарга: «Кудайдан келген Кудайдын Сөздөрүн угат жана Анын үнүн тааныйт. Наристе ата-энесинин үнүн тааныйт. Эне баласынын ыйлаган үнүн укканда, баласына чуркап келет. Кудайдан чакырылган асмандагы Атанын үнүн уга алат, бирок кимде-ким Жакшы Кабарды түшүнбөсө, ал Кудайдан эмес. Керек болсо, динчил, сыйынып, орозо кармаган адамдын атасы шайтандын өзү болуп калышы мүмкүн. Динчилдик бизди куткарбайт, куткарылууга бир гана Ыйсанын каны аркылуу жогорудан төрөлгөндө гана куткарылууга ээ болобуз, ошондо гана Ыйык Рух келип, биздин ичибизде жашайт. Сенин атаң ким? Кудайбы же Шайтанбы? Жооп берүүгө шашылба. Андан көрө өз максаттарыңды Жамандыктын Төрөсүнө, андан соң, Машайактын иштерине салыштыр, анан күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, кечирим сура».

Сыйынуу: О асмандагы Кудай Ата, бизге өзүбүздүн күнөөлөрүбүз жөнүндө жана Сенин сүйүүң жөнүндө чындыкты ачып бергениңе рахмат. Менин жалганчылыгымды кечир. Мени бардык жек көрүүдөн жана текебердиктен бошот. Өзүмдөн баш тартышым үчүн жана өзүмү өзүм алдабашым үчүн, Шайтандын күчүнөн мени куткар. Жакшы Кабарыңа менин кулагымды, жүрөгүмдү ач. Мени момун жана ишенимдүү адам кыла көр.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса бизге шайтандын кайсы мүнөзүн ачып берди?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:42 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)