Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 051 (Disparate views on Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

б) Ыйса тууралуу эл арасындагы жана жогорку кеңештеги ар кандай ойлор (Жакан 7:14-63)


Жакан 7:31-32
Бирок элдин көбү: “Машаяк келгенде, эмне, Бул көрсөткөн кереметтерден да көп керемет көрсөтөбү?” – деп Ыйсага ишенип калышты. Эл арасында Ал жөнүндө айтылып жаткан ушундай сөздөр фарисейлерге жетти. Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө кызматчыларын жиберишти.

Иерусалимдеги мындай оор кырдаалга карабай, көптөгөн адамдар Ыйсадагы иштеп жаткан күчкө ишенип калышты. Алар: “Машаяк ушул болушу керек, себеби Ал күчтүү ажайыптарды көрсөттү. Ага ишенгендер бар. Ал тургай Ага ишенгендер борбор шаарда дагы бар экен көрүп жатабыз”, - деп жатышты.

Сөз ташуучулар аркылуу эл арасында жандануу болуп жаткандыгын жана Ыйсанын кыймылы Иерусалимде дагы тамырлап жатканын түшүнө баштаган фарисейлер кыжырданышып, мурда каршы болуп келген ыйык кызмат кылуучулар жана саддукейлер менен чогу иштешүүгө аракет кылышты. Алар ийбадатканага жооптуу адамдар Ыйсага тыюу салышсын деп аракет кылышты. Ыйык кызмат кылуучулар буга макул болушуп, Ыйсаны кармоо үчүн фарисейлер менен иштешүү аларга да жакты. Теңирдин периштелери бул Кудай Устатты ийбадатканада курчап тургандыктан, кызматчыларга жетекчилеринин буйругун аткарууга жол берилген жок. Ыйса бул кызматчылардын келе жаткандарын көргөн, бирок Ал качып кетен жок. Тескерисинче жакшы кабарчы бизге жазгандай, Кудайдын куткаруу планын алдын ала айтып, Ал Өз даңкын ачты.

Жакан 7:33-36
Ыйса болсо аларга мындай деди: “Дагы бир аз убакыт араңарда болом, андан кийин Мени Жибергенге барам. Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар. Мен болгон жерге силер келе албайсыңар”. Ошондо жүйүттөр өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: “Биз таба албагыдай Ал кайда барат? Эллиндердин өлкөсүнө чачырап кеткен жүйүттөргө барып, эллиндерди окутабы? “Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар”, “Мен болгон жерге силер келе албайсыңар”, -дегени эмнеси?”

Ыйса жакындарынын арасында бир аз убакыт болорун душмандарына айтты. Ал Кудайдын курмандык Козусу катары курман болорун билчү. Ошондой эле ал тирилер маалын, асманга Атасына кайтып барар маалын билчу. Ыйса бизди сатып алуу үчүн жиберген Атасына зар болду. Ал Бизди сүйгөндүктөн, асмандагы үйүнөн алыс болгон бул дүйнөдө болуп турду.

Качан Ыйса тирилип, асманга көтөрүлүп кеткенин көргөн шакирттери таң калышып карап тургандарын Ыйса алдын ала көргөн. Аларды Ыйса менен бирге асманга көтөрүлүп кеткидей рухий денелери жок болгондуктан, алар көңүлсүз кайтып келишмек. Ошондой эле душмандары “жоголгон” денесин издешерин, ал эми Анын денеси мөөр басылып бекитилген мүрзөнүн ичинен көздөн кайым болорун да билген. Куткаруучуну сүйбөгөндөргө кайгы! Алар Анын даңкына ортоктош боло алышпайт, асманга кире алышпайт. Күнөөлөрү аларды Кудайдан бөлүп турат. Ишенбестиги аларды Падышанын ырайымынан куру калтырат.

Жүйүттөр Ыйсанын сөздөрүнүн маанисин түшүнүшкөн жок, себеби алар адамдык ой менен Ыйсаны Жер Ортолук деңиздин тегерегиндеги Грек шаарларындагы жүйүттөрдүн ийбадатканаларына качып кетет деп ойлошкон. Ыйсанын максаты Ыйык Жазууну билбеген жүйүттөрдүн арасынан Өзүн ээрчигендерди чогултуу деп ойлошту. Кээ бирлери: “Ал чечен, сөзмөр болууну өтө жакшы көрөт. Анан Ал окутуусун герк философторуна тааныштырып, аларды тирүү Кудайга алып келет го”, - деп шылдыңдашты.

Качан Жакан Ыйсаны ушул окуяларды жазып жатканда, ал гректердин Эфес деген шаарында жашап жаткан. Куткарылуу тууралуу жакшы кабар ал жактагы тарап кеткен жүйүттөргө дагы жеткен болчу. Көптөгөн гректер дагы Ыйсага ишенишчү. Бул жакшы кабарчы Ыйсанын сөздөрүнөн жана жүйүттөрдүн шылдыңдоолорунан улам герктердин арасында Ыйса улуу окутуучу болорун жарыялап жатканын көрдү. Ыйса пессимистик курулай философияны сунуш кылган жок. Ал өмүр берүүчү; Андан эч качан жеңилбес күч агып чыгып турат.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса Өзүнүн келечеги жөнүндө эмнени алдын ала айтты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:12 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)