Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 046 (Sifting out of the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

5. Ыйсаны ээрчүүдөн баш тарткан шакирттер (Жакан 6:59-71)


Жакан 6:59-60
Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада элди окутуп жатканда айтты. Шакирттеринин бир тобу муну укканда: “Катуу айтылга сөздөр экен, муну ким угуп тура алат?” – дешти.

Бул Кудайдын наны болгон Ыйсаны денесин жеген тууралуу айтылган сөздөр ар кайсы учурларда айтылган. Ал кээ бир темаларды кайталап, алардын маанисин ачып, акырындык менен тереңдете берген. Жакан болсо бул сөздөрдү бир жыйнак кылып топтогон. Биз Ыйсаны Капернаумдагы синагогада элге Өзүн Мусадан да жогору экендигин жана бардык ишенгендер Анын денесин жеп, канын ичиши керек экендигин окутту.

Мындай аян Аны ээрчиген тил алчаак ишенгендер үчүн дагы түшүнүүгө оор болгон. Алар күмөн санап, суроо бере башташты. Алар Кудайга баш ийип, кызмат кылууну чечишкен, бирок денесин жеп, канын ичүү деген акылга сыйбас нерсе аларды маң кылды. Баштары маң болуп тургнада, Теңир боорукердиги менен ишенимдүү шакирттерине бул өмүрдүн наны тууралуу үлгүлүү аңгемесинин маанисин түшүндүрүп берди.

Жакан 6:61-63
Шакирттеринин ушул тууралуу нааразычылыктарын билген Ыйса аларга мындай деди: “Ушул сөз силердин кыжырыңарды келтирип жатабы? Адам Уулунун мурун болгон жерине көтөрүлүп бара жатканын көргөндө кантесиңер? Рух өмүр берет, дене эч кандай пайда келтирбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүм – рух жана өмүр”.

Ыйса шакирттеринин ойлорун билип, алардын суроолоруна ачууланган жок. Алардын нааразычылытары ишенбегендер сыяктуу арам ойлуу эмес болчу. Бул Машаяктын сырлары тууралуу үлгүлүү аңгемелерди түшүнбөстүктөн болду. Ыйса аларга билим берүүдөн мурда, үлгүлүү аңгемени түшүнүүгө тоскоол кылган караңгылыктан тазалап, дүйнөнү куткаруучу жолдун толук түшүндүрмөсүн берет.

Өзүнүн денеси менен рухий тойгузуу үчүн, Ал дүйнө үчүн курман болуп гана тим болбостон, кайсы жерден ылдый түшсө, Атасына кайтып баруу үчүн кайра ошол жерге көтөрүлүп кетет. Асмандан түшкөн Ыйса биз жашаган дүйнөдө калбайт.

Шакирттери Аны суунун үстүндө басып келе жатканын көрүшкөндө, Ал – Кудай Адам экенин түшүнүштү. Ал жолдоочуларына Өз рухун төгүш үчүн Атасына көтөрүлүп кетти. Бул Анын бул дүйнөгө келишинин жана курман болушунун максаты эле. Анын жолдоочуларына берген белеги бул денесин сындыруу эмес, алардын жүрөктөрүнө келип кирүү болчу. Бизге Анын материалдык денеси эмес, рухий денеси кирет.

Ыйса дененин пайдасы жок экендигин айтты. Негизинен биз денеде жаралганбыз, бирок ойлорубуз жана жашообуз бузулган. Денебизден күнөөнү гана таппасак, чыныгы жашоого күч бере турган нерсени эч убакта таба албайбыз. Ыйсанын да денеси күнөө кылганга шыктуу болчу, ошондуктан Ал: “Азгырылып кетпес үчүн сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз”, - деп эскерткен.

Кудайга даңк! Ыйса бардык убактарда денесинде Ыйык Рухту алып жүрөт. Анын ичиндеги Ыйык Рухтун катышуусу – Анын табиятынын сыры. Өлүмү, тирилүүсү жана асманга көтөрүлүп кетүүсү аркылуу Ал ушул Рух менен дененин биригүүсүн камсыз кылып, алсыз денебизге Ыйык Рухун алып келди. Бизге чейин Ыйсаны Никедимге суу жана рух Кудайдын Падышалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берерин айткан. Башкача айтканда, суу Жакандын суу менен чөмүлдүрүүсү, ал эми рух Элүүнчү Күндөгү Рухтун чөмүлдүрүүсү эле. Теңирдин кечки тамагын кабыл алагандардын үстүнө өмүрдүн наны болгон Ыйса Өзү келерин түшүндүрдү: Бул белгилер бизге эч пайда алып келбегендиктен, бизге жогорудан Ыйык Рух келип түшкөн. Бизди жогорудан төрөлтүүчү - бул Ыйык Рух. Ишенгендердин арасында Машаяктын катышуусун рух сездирет.

Эми канткенде Ыйык Рух бизге келип түшөт? Бул Машаяк менен жеткилеңдүү биримдикте жашоо үчүн, Анын денесине жана канына ортоктош болууга даяр адамдар үчүн берилчү маанилүү суроо. Ыйса буга жөнөкөй жооп берет: “Менин сөздөрүмдү уккула, жүрөктөрүңөрдү жакшы кабардын кенчине ачкыла”. Машаяк – Кудайдын Сөзү; Анын сөзүн угуп, Ага ишенгендер Ыйык Рухка толушат. Ыйык Жазуудагы көптөгөн аяттарды жаттоо менен алсыз жериңерди Кудайдын күчү менин толтургула. Кудайдын убадаларына таян, Анын далилдерине карман, ошондо сен ойлоп табуучулардан да жана алардын ачылыштарынан да күчтүү болосуң. Ошондо Машаяктын дүйнөнү жараткан сактоочу сөздөрү сенин үстүңө келип, сага Өзүнүн өмүрүн жана бийлигин берет.

Жакан 6:64-65
“Бирок араңарда ишенбегендер да бар”. Кимдер ишенбей коөрун, кимдин чыккынчылык кыларын Ыйса алдын ала эле билген. Анан Ал дагы мындай деди: “Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт”, - деп Мен ошон үчүн айткам”.

Ыйсаны ээрчип жүргөндөрдүн көпчүлүгү бул маанилүү сөздөрдүн маңызын түшүнө алышпай, Андан кетип калышты. Ыйсанын денесин жеп, канын ичүү тууралуу окутуусу Анын Галилеядагы кызматынын өзөгү болчу. Мына ушул окутуунун айынан көп шакирттери кетип калышты. Бул кетип калган шакиртер үчүн адамдык логиканын чегинен чыгып, Ыйсага шартсыз таянуу акылга сыйбас нерсе катары көрүндү. Алар Ыйсанын кудайлык касиетинин чындыгын унутушуп, Анын курмандыгы аркылуу Ыйса менен келишим түзүүгө даап бара алышпады.

Ыйса шакирттеринин кээ бири Рухка каршы болуп, жашоосуна киргизбегендиги тууралуу айткан. Ал шакирттеринин ар биринин жүрөктөрүн көргөн. Ыйса Жүйүт Искириотту башынан эле аларга кошулгандан тартып чыккынчылык кылып келгенин да билген. Жүйүт Машаяктын сүйүүсүнүн Рухуна өзүн толугу менен ачылып берүүнү каалаган эмес. Качан Ыйса курман болору тууралуу айтып жатканда, шакирттеринин бирөөсү ушул азапка түртөөрүн билген.

Жыйынтык катары Ыйса адамда Кудайдын руху иштемейинче, эч ким Ыйсага ишене албастыгын айткан. Рух аркылуу куткарылмайынча эч ким Ыйсаны Теңир деп атай албайт. Биздин ишенимибиз бул жөнөкөй гана ишеним эмес, бул Рухтун иши аркылуу Ыйса менен жекеме-жеке мамилелешүү. Жаныңды Атанын Рухуна ач жана Ыйсанын бир дагы чындыгына каршы чыкпа. Ошондо Анын сага келгенин жана түбөлүккө сенин ичиңде болуп жатканын билесиң. Ал сен үчүн даярдалган өмүр наны.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча өмүр берүүчү Рух Ыйсанын денеси менен биригет?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:08 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)