Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 044 (Jesus offers people the choice)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

4. Ыйса элге: “Кабыл алуу же баш тартуу” деген тандоону сунуш кылат (Жакан 6:22-59)


Жакан 6:41-42
Ыйсанын: «Асмандан түшкөн нан Менмин», - дегенине жүйүттөр мындай деп күңкүлдөй башташты: Мына бул Жусуптун Уулу Ыйса эмеспи? Биз мунун ата-энесин билебиз да! Анан Бул кандайча: «Асмандан түштүм», - деп жатат?»

Жакшы кабарчы Жакан галилеялыктарды «жүйүттөр» деп атаган. Алар ошол жактагы элге тийиштүү эмес болчу, бирок качан алар Машаяктын рухун кабыл албай койгондон кийин, алар жүйттөрдөн да, түндүктөгү элдерден айырмасы жок болуп калды.

Аларды кабыл алышпагандыгынын дагы бир себебин жакшы кабарчылар ачып берген. Алардын мыйзамчыл ойлору жана өз күчү менен өзгөрүүгө болгон ишенимдери Ыйсанын сүйүүсүнө каршы турду. Галилеялыктар Ыйсанын жердеги үй-бүлөсүн билишкен. «Анын атасы» алар менен чогу жашаган. Ал карапайым жана пайгамбарчылык кылууга же башкача бир өзгөчө жөндөмү жок адам болгон. Ал эми энеси Мариямды болсо Кудайдын каарына калганы үчүн күйөөсүнөн ажыраган жесир аял деп эсептешчү. Ал да башка аялдардан эч нерсеси менен айымаланбаган жөнөкөй аял болгон. Мына ушул себептерден Ыйсаны асмандан түшкөн нан экендигине галилеялыктар ишенишкен эмес.

Жакан 6:43-46
Ыйса аларга мындай деди: «Күңкүлдөбөгүлө. Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем. «Пайгамбрлар» китебинде: «Алардын бардыгын Кудай үйрөтөт», - деп жазылган. Атадан угуп үйрөнгөн ар бир адам Мага келет. Бул кимдир бирөө Атаны көргөн дегенди билдирбейт. Атаны Кудайдан келген Бирөө гана көргөн».

Ыйса Өзүнүн кереметтүү төрөлүүсү тууралуу түшүндүрүп отурган жок. Себеби алар баары бир түшүнүшмөк эмес. Биз дагы өз күчүбүз менен Ыйсанын Кудай экенин түшүнө албайбыз, бир гана Ыйык Рухтун жарыктандыруусу менен гана түшүнөбүз. Ага ишеним менен келген ар бир адам Аны жана Анын улуу чындыгын көрөт.

Ыйса Кудайдан келген аяндарга каршы күңкүлдөгөндөргө тыюу салды. Өжөр жүрөк Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эч нерсе укпайт. Бирок анын керек экендигин сезип, көңүл бургандар Кудайдын сүйүүсүнө ээ болушат. Жеремия 31:3-аятында жазылгандай, Кудай сүйүүсү менен элдерди Ыйса Машаякка алып келет, аларды жарыктандырат жана үйрөтөт. Жаңы Келишимде да адам өз күчү менен ишенимге келе албайт; бизди Ыйык Рух жарыктандырат, биздин ичибизге ыйык жашоону курат жана кудуреттүү Кудай чындап эле биздин Кудай Атабыз экендигин түшүндүрөт. Ал Өз балдарын үйрөтөт жана алар менен туура мамилени сактайт. Ал Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүздө ишенимди жаратат. Сен абийириң менен ушуну сездиң беле? Сен Кудайдын сүйүүсүнүн таасирине даярсыңбы?

Атанын Руху бизди Ыйсага алып барат. Биз Ыйса менен жолугуп, Аны сүйүп калганга чейин, Ал биздеги Ыйсага болгон суусоону ойготот. Биз кандай болсок, Ал бизди ошондой бойдон кабыл алат, бизди кууп салбайт, Ал биздин ичибизге түбөлүк өмүрдү себет. Биз Кудайдын даңкына бөлөнүшүбүз үчүн жана тирилүүнүн күчү менен бөлүшүүбүз үчүн Ал мына ушундай иштерди кылат.

Ошентсе дагы, Ыйсанын жана жогорудан төрөлгөн ишенген адамдын ортосунда айырмачылык бар. Ыйсадан бөлүнгөн бир дагы адам Кудайды көрө албайт. Ал башталышта эле Атасы менен бирге болгон жана Аны көргөн. Атасы жана Уулу ажырагыс. Ыйсада асмандын тынчтыгы жана бардык кудайлык касиеттер бар болгон.

Жакан 6:47-50
«Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ. Мен өмүр берүүчү нанмын. Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешти, өлүштү. Ал эми асмандан түшкөн нанды жеген адам өлбөйт».

Атасы менен болгон биримдик жана Анын угуучуларынын ичиндеги рухтун иши тууралуу жарыялагандан кийин, Ыйса аларга Өзү тууралуу чындыкты кайрдан айтты. Ал Машаяктын чындыгын түшүндүрдү: Ыйсага ишенген ар бир адам түбөлүк жашайт. Өлүм аларга үстөмдүк кыла албайт деген чындыкты бекемдейт.

Ыйса Кудайдын бул дүйнөгө берген наны. Беш миң адамды тойгузуу керемети Анын колунан чыккан мол нан сыяктуу, Ыйса - бүт дүйнөгө бардык убактарга жете турган, Анын ичинде Кудайдын молдугу жашаган нан. Үмүттү, кубанычты жана батаны сен Андан аласың. Башкача айтканда, бул дүйнө кабыл албаса дагы, Ал дүйнөгө Кудайдын өмүрүн сунуш кылат.

Чөлдөгү асмандан түшкөн манна Кудайдан келген белек болчу; бул тамак аз убакытка гана жарамдуу болгон. Маннаны жегендердин баары кийин өлүшкөн. Биз боорукердик иштерди, техникалык өнүгүүлөрдү жана илимий ачылыштардын кандайдыр бир деңгээлде убактылуу жардам берерин көрүп жатабыз. Буларда өлүмдү же күнөөнү жеңе турган мүмкүнчүлүк жок. Ал эми ким Ыйсага ишенсе, ал өлбөйт. Ыйсанын сага келип, ичиңде жашашынын максаты мына ушул болчу. Бир дагы башка рух сенде үстөмдүк кылбашы үчүн, Ал сенин ичиңде жашоону каалайт. Ал сендеги бардык жаман кумарларды жок кылып, коркунучтан арылтат; жана ошондой эле алсыздыктарыңды бекемдейт. Ал - сага арналган Кудайдын наны. Башка күнөөкөрлөр сыяктуу өлүп калбаш үчүн, ошол нандан же жана өмүр сүр.

СУРООЛОР:

  1. Угуучулар күңкүлдөгөндө Ыйса аларга эмне деп айтты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:07 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)