Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 033 (Healing of the paralytic)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

1. Ыйсанын Бетездадагы оорулуу адамды айыктырышы (Жакан 5:1-16)


Жакан 5:1-9
Ошол күндөрдөн кийин жүйүттөрдүн бир майрамы болуп, Ыйса Иерусалимге келди. Иерусалимдин «Кой дарбазасы» деп аталган дарбазасынын жанында арамейче «Бетезда» деп аталган көлмө бар эле. Аны беш бастырма курчап турчу. Ал жерде көп оорулуулар: сокурлар, аксактар, шал болуп калгандар суунун чайпалышын күтүп жатышчу. Себеби Кудайдын бир периштеси кайсы бир убакта ушул көлмөгө түшүп, сууну чайпачу. Суу чайпалары менен, сууга эң биринчи түшкөн адам кандай оорусу болсо да, айыгып чыкчу. Ошол жерде отуз сегиз жылдан бери шал болуп ооруган адам бар эле. Ыйса аны көргөндө, анын көптөн бери жатканын билип: «Айыккың келеби?» - деп сурады. Оорулуу Ага: «Мырза, суу чайпалганда, мени көлмөгө түшүрө турган адамым жок. Мен жеткенче эле башка бирөө түшүп кетет», - деп жооп берди. Ыйса ага: «Оордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, бас!» - деди. Ал ошол замат оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул ишемби күн эле.

Ыйса Галилеяда тогуз ай жүргөн болушу керек. Анан Ал Иерусалимге чөп алачык майрамына келет. Ал ишенимди чечүүчү согушу борбор шаарда болорун билген. Ыйса мыйзамчылдарга каршы болсо дагы, Ал Өзү мыйзамды аткарууда ишенимдүү болгон. Мүмкүнчүлүгү болгондо, Ыйса жылына үч жолу Иерусалимдеги Ийбадатканага табынууга барчу (Мыйзамды кайталоо 16:16).

Ошол кездерде шаардын борборунда бир көлмө болгон. Кээ бир грек версияларынын айтуусу боюнча, периште келип, көлмөнү чайпачу экен. Ирод бул көлмөнү бастырмалар менен курчаткан экен. Бул бастырмалардын калдыктары жакында эле табылды. Бул жер «Боорукерлик үйү» деп аталчу жана ал жакта майып адамдар суунун чайпалганын күтүп, айыгуу үчүн ал жакка тез-тез келип турушчу. Алар качан суу чайпалганда биринчи секирип түшсө, айыгып каларына ишенишкен эле.

Ыйса бул көлмөгө келгенде, ал жакта көп эл бар эле. Ал жактан Ыйса отуз сегиз жылдан бери шал оорусу менен ооруган, кайгыга баткан адамды байкады. Бул адам башкаларга жек көрүндү болуп жүргөн. Боорукерлик үйүндө ар ким өзү үчүн жашачу; бул шал адамды эч ким аячу эмес. Ошентсе дагы, бул адам үмүтүн үзбөй, өтө сейрек келген мүмкүнчүлүктү, Кудайдын ырайымын күтө берди. Ошондо денеде келген Ырайым анын маңдайына капысынан келип калды. Анан Ыйса ал адамдын көлмөнү тиктеп жаткан көздөрүн Өзүнө тартып, аны айыктыра баштады. Ыйса шал оорулуу адамдын айыгууга болгон каалоосун арттырды. Ыйса бул адамга таарынычын айтып алганга мүмкүнчүлүк берди. Ал адам: «Мен үчүн эч ким кам көрбөйт. Мен дайыма айыгууну издейм, бирок ал болбой калат: менин ахыбалымды эч ким сурабайт. Балким Сен мени менен күтүп, качан суу чайпалганда, сен мени көлмөгө салып жибеберсиң?» - деп жалбара карады.

Мен үчүн эч ким кам көрбөйт! Бир тууганым, балким сенин да абалың ушундай болуп жүрбөсүн? Сени башкалар жокко чыгарып коюштубу? Анда биз сага айтарыбыз: Ыйса сенин маңдайыңда турат. Ал сен жөнүндө сурап жатат, Ал сени издеп тапты; Ал сага жардам берет жана куткарат. Шал адам өзүн ушундай сезип жаткан. Анын суроолуу көздөрү Ыйсанын көздөрү менен кездешип, Анын көздөрүндөгү боорукердикти шал оорулуу адамда Теңирдин сүйүүсүнө болгон ишенимди жаратты. Качан Ыйса бул бактысыз адамдын айыгууга болгон терең умтулуусун көргөндө жана Ыйсанын анын оорусунан бошото аларына ишенгенин көргөндө, Ал: «оордуңдан туруп, төшөгүңдү ал да, бас!» - деп буйрук кылды. Бул Кудайдын буйругу мүмкүн эмес нерсени мүмкүн кылды. Шал оорулуу адам Машаяктын сөздөрүнө ишенип, Андан чыгып жаткан күчкө өзүн тапшыруу менен сөөктөрүнө кирип жаткан агымды сезип, күч анын денесин жандандырып жатканын байкады. Денесине күч кирип, денеси толук айыкты.

Ошол замат ал кубанганынан секирип, төшөгүн башына коюп алып, кубанып кетип бара жатты. Анын ишеними Ыйсанын күчүнө кошумча болуп, ошол замат айыгууну алып келди.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен бул шал оорулуу адамдан өтүп кетпестен, аны боорукердигиң менен көргөндүгүң үчүн рахмат айтабыз. Анын Сенден башка эч кимиси жок болчу. Бизге адамга эмес, бирок Сага таянганга жардам бер. Башкалар үчүн кам көрүп, баталарыңды башкалар менен бөлүшүүбүз үчүн, бизди Өзүңдүкүндөй сүйүүнүн мүнөзүнө ээ болушубуз үчүн бизди өзгөрт.

СУРООЛОР:

  1. Бетездадагы көлмөнүн жанындагы шал оорулуу адамды Ыйса кантип айыктырды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:58 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)