Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 030 (Jesus leads his disciples to see the ready harvest)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
4. Ыйса Самарияда (Жакан 4:1–42)

б) Ыйса шакирттерине бышып калган эгин талаасын көрсөтөт (Жакан 4:27-38)


Жакан 4:27-30
Ошол кезде шакирттери келип калышты. Алар Анын аял менен сүйлөшүп жатканын көрүп, таң калышты. Бирок эч кимиси Андан: “Андан эмнени сурап жатасың?” – деп сураган жок. Аял суу алган идишин таштап, шаарга барды да, элге: “Жүргүлө, кылганымдын баарын айтып берген Адамды көргүлө! Ал Машаяк эмеспи?” – деп айта баштады. Ошондо алар шаардан чыгып, Ыйсаны көздөй жөнөштү.

Сөздүн кызыгына кирген маалда, шакирттери шаардан тамак-аш сатып алып, кайтып келишти. Алар Ыйсаны жалгыз күнөөкөр аял менен, болгондо да самариялык аял менен турганын көрүп, таң калышты. Бирок алар рухтун катышуусун сезишкендиктен, бири дагы даап сүйлөгөн жок. Шакирттер Ыйса кылып жаткан ажайыпты байкашты, себеби аял Ыйсаны карап, Анын сөздөрүн угуп жатканда, анын жүзү өзгөрүп жаткан эле. Куткаруучунун Өзү менен таанышып жаткандагы кубаныч аялды бийлеп алды.

Анан аял идишин жерге койду. Ал Ыйсага суу берген жок, анткени Ал аялдын суусунун кечирим берүү менен кандырган болчу. Эми болсо аял көптөр үчүн тирүү суунун булагы болуп калды. Аял айылга чуркап барып, элдерге болгон окуяны айтып, Машаякты көрсөттү. Бир убактарда анын оозу күнөөлүү каалоолорду сүйлөчү болсо, эми аны оозу Машаякты күбөлөндүрүүчү таза суунун булагы болуп калды. Ал Машаяктын кантип анын күнөөлөрүн ачкандыгын айтып, элдерди Машаякка алып келди. Айылдыктар аялдын тобо кылуусун угушуп, өзгөчө окуя болуп жатканын, бул аялдын ичиндеги Кудайдын ишин көрүп ишене башташты. Элдер аялдагы сырды ачууну күтүштү. Алар Ыйса шакирттери менен эс алып жаткан кудукту көздөй жөнөштү.

Бул окуя Ыйсаны ээрчигендерди Анын иштери эмне кыларын чагылдырган үлгү болуп саналат. Машаяк бизди куткаруу үчүн келгенин биз да досторубузга жана кошуналарыбызга айтышыбыз керек. Анан аларды дагы Ыйык Рухтун жардамы менен ошол тирүү сууга болгон суусоо башталат. Сен башкаларга тирүү суунун булагы болдуң беле? Ыйсадан күнөөлөрүң үчүн кечирим сурап, жашооңду Ага берсең, Ал сени тазалайт жана ыйыктайт. Ошондо гана, бул мурдагы бузулган аял өзгөрүп, тегерегине жакшы кабар тараткандай, сен дагы көптөр үчүн бата болосуң.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, мени издеп, мен жөнүндө билгениң үчүн рахмат. Мен бул самариялык аялдан артык эмесмин. Менин күнөөлөрүмдү кечир. Менин чындыкка болгон суусунумду кандырган, менин жашоомду тазалаган Кудайдын белегин мага бер. Асмандагы Атаны көрүү үчүн менин көздөрүмдү ач. Мен пайдалуу адам болушум үчүн жана жашоом Сенин ырайымыңа табынуу менен жооп берүүсү үчүн, жүрөгүмдү Ыйык Рухка толтур. Көптөрдү куткарып, аларды Өзүңө алып кел. Сен Өзүңө келгендерди кубалабайсың.

СУРООЛОР:

  1. Биз тирүү суу менен кантип сугарылабыз?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:56 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)