Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 026 (The Baptist testifies to Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?

3. Чөмүлдүрүүчү Жакандын Ыйсаны Күйөө катары күбөлөндүрүшү (Жакан 3:22–36)


Жакан 3:22-30
Ошондон кийин Ыйса шакирттери менен Жүйүт жерине келди. Алар менен ошол жерде калып, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жатты. Жакан болсо Шалемдин жанындагы Айнондо чөмүлдүрүп жатты, анткени ал жерде суу көп эле. Адамдар келип, сууга чөмүлдүрүлүп жатышты. Анткени Жакан түрмөгө камала элек болчу. Жакандын шакирттери менен бир жүйүттүн ортосунда тазалануу жөнүндө талаш чыгып кетти. Шакирттери Жаканга келип: “Устат! Иордан дарыясынын наркы өйүзүндө сени менен чогу болгон, сен күбөлөндүргөн Адам элди сууга чөмүлдүрүп жатат. Элдин баары Ага барып жатышат”, - дешти. Жакан аларга мындай деп жооп берди: “Кудай бермейинче, адам өз мойнуна эч нерсени ала албайт. “Мен Машаяк эмесмин, бирок Анын алдынан жиберилгем” дегениме силер өзүңөр күбөсүңөр. Колуктусу бар адам – күйөө. Ал эми күйөөнүн жанында туруп алып тыңшап турган күйөө жолдош анын үнүн укканада аябай кубанат. Мен ошол кубанычты башыман өткөрдүм. Ал өсүшү керек, мен болсо кичирейишим керек.

Пасах майрамы бүткөндөн кийин, Ыйса Иерусалимден кетип, элди чөмүлдүрө баштады. Жогорудан төрөлүүдөн мурда өкүнүү болуш керек экендигин, тобо кылмайынча куткарылуу келбестигин шакирттери билишчү. Күнөөлөрү үчүн кечирим бере турган чөмүлдүрүү бул ошол өкүнүүнүн белгиси болгон. Чөмүлдүрүү аркылуу тобо кылган адамдар Жаңы Келишимге Кудай менен кирүүгө болгон суусоолорун түшүндүрүшкөн.

Чөмүлдүрүүчү Жакан кызматынын ордун өзгөртүп, Иордан өрөөнүнүн түндүк жагына барат. Адамдар Жаканга келишип, жүрөктөрүндөгү муң-кайгыларын ага төгүшкөн. Жакан болсо алады чөмүлдүрүп, Ыйса менен жолугушууга даярдаган.

Пасах майрамынан кийин, Ыйса түз эле Галилеяга кайтып барган жок. Ал тобо кылгандарды чөмүлдүрүп жүрдү. Анда зор күч болгондуктан, элдин көбү чөмүлдүрүүчү Жаканга эмес, Ыйсага келип жатышты. Натыйжада эки жактын ортосунда талаш пайда боло баштады. Алардын талашы: “Эки башчынын кимиси күнөөнү тазалоодо кыйыныраак?” деген суроо болду. Бирок булар жашоодогу өтө маанилүү суроолор болчу, себеби алар эки устаттын кимисине жашоолорун арноо тууралуу ойлонуп жатышкан. Бир тууганым, сен жашооңду арноо жолу тууралу ойлондуң беле?

Чөмүлдүрүүчү Жакан чоң азгырыкты жеңди. Ал Ыйсанын улуу жетишкендиктерине көз арткан жок. Жакан өзүнүн кызматы чектелүү экендигин түшүнгөн. Чөмүлдүрүүчү Жакан момундук менен: “Жөнөкөй адам мындай жакшы иштерди өз күчү менен кыла албайт. Качан гана Кудай ага бийликти, батаны жана жемишти бергенде, ал муну кыла алат”, - деп жооп берди. Биз болсо тескерисинче өзүбүзгө, билимибизге, сыйынуубузга жана кооз сөздөрүбүзгө сыймыктанабыз. Эгерде сен рухий жөндөмдүүлүк алышың керек болсо, ал Кудайдан келет. Сен Кудайдын талаптарынын баарын аткарсаң дагы, татыксыз бойдон, кул бойдон кала бересиң. Чөмүлдүрүүчү момун бойдон кала берди, ал мүмкүнчүлүгүнөн чоң иш кылган жок, бирок Кудайды даңктады.

Жакан шакирттерине кайрадан Машаяк эмес экендигин айтты. Ал Ыйсанын Иерусалимге сый-урмат менен кирет деп күткөн, бирок андай болгон жок. Ыйса болсо чөмүлдүрүүсүн уланта берди. Чөмүлдүрүүчү тынчсызданып жатса дагы, тил алчаак болуп кала берди. Ал Машактан мурда жол даярдаш үчүн келген болчу.

Чөмүлдүрүүчү Жакан өзүнө ачылган аянга ишенимдүү болду. Жакан Машаякты тобо кылган адамдардын колуктусу катары чөмүлдүрүүнүн суусу менен тазалаган Күйөө экендигин күбөлөндүргөн. Бүгүнкү күндө ушул биримдикти Рух жаратып жатат. Бул тууралуу Пабыл мындай деген: “Биз Машаяктын денесинин мүчөлөрүбүз, Ал болсо биздин башыбыз; биз Аны менен бирбиз”. Эми мындан ары Машаяк биздин соттоочубуз эмес, Ал биздин Куткаруучубуз. Үйлөнүү тоюнун кубанычы биздин Машаякка болгон үмүтүбүздү көрсөтүп жатат.

Чөмүлдүрүүчү Жакан алыста туруп, Жыйындын өсүп жатканына кубанды. Бирок ал шакирттеринин арасында эмес, Ыйсанын жанында турду. Ал ишенимдүү дос болду. Качан ал чөлдө бөлүнүп калган кезде, Ыйса шаарга барып, ал жактан ажайыптарды көрсөтүп, жакшы кабар таратты. Чөмүлдүрүүчү Падышалыктын келгенин көрүп, жаны кубанды. Күйөөнүн үнү жана сөздөрү анын жанына жагып турду. Машаяктын ийгилиги тууралуу кабарлар Жакан үчүн асмандын музыкасы сыяктуу болчу. Ошентип Ыйсанын назиктиги Чөмүлдүрүүчүнүн кызматынын акыркы күндөрүн кубанычка бөлөдү. Ал үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош катары сүйүнүп жатты.

Жакан өлүмгө даяр болчу. Ал өзүн ээрчигендердин санынын көбөйүп жатканына тынчсызданган эмес. Жыйындын өсүшү үчүн ал кичирейүүнү жана жок болууну тандады.

Окурман, силердин чогулушту ким жетектейт? Жетекчи болуу үчүн башкаларга каршы аракет кылгандар барбы? Машаяк сенде күчтүү болуп өсүшү үчүн, эң кичинеси болуу менен башкаларга жол бересиңби? Жаканга кошулуп: “Ал өсүшү керек, мен болсом кичирейишим керек”, - деп айт.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Машаяк Күйөө болуп аталат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:53 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)