Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 023 (Need for a new birth)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
2. Ыйсанын Никедим менен сүйлөшүүсү (Жакан 2:23 – 3:21)

б) Жогорудан төрөлүүгө болгон муктаждык (Жакан 3:1-13)


Жакан 3:6-8
Денеден төрөлгөн - дене, Рухтан төрөлгөн – рух. “Жогорудан төрөлүшүң керек”, - деп айтканыма таң калба! Шамаал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адам да ушундай болот.

Ыйса ар бир адамга түп-тамырынан бери өзгөрүлүшү керек экендигин Никедимге түшүндүрдү. Дене менен рухтун ортосундагы айырмачылык сыяктуу, бул өзгөрүү да чоң айырмачылыкка ээ. Жаңы Келишимдеги “дене” деген сөз Кудайдан бөлүнгөн, соттолууга тийиштүү, бузулган адамдын күнөөкөр табиятын түшүндүрөт. Бул сөз денени гана айткан жери жок. Бул ошондой эле баш ийбес акылга жана рухка да тийиштүү. Бул Ыйса: “Жүрөктөн бузук ойлор чыгат”, - деп айткандай, толук бузукулуктун абалы. Кудайдын Падышалыгына кирүүгө бир дагы адам татыктуу эмес. Адам төрөлгөнүнөн тартып бузулган жана ал бузукулуктун булагы.

“Рух” болсо Кудайдын Өзүн, чындыкка толгон, таза күчкө жана сүйүүгө толгон Ыйык Рухту түшүндүрөт. Кудай бузулган адамзатты жек көрбөйт. Тескерисинче, ал “дененин” күнөөлүү булактарын Ыйсада жеңип чыкты. Бул жогорудан төрөлүүнүн максатын көрсөтүп жатат. Чакырылган нерсе үчүн жашашыбыз үчүн, биздеги Ыйык Рух дененин кумарларын талкалайт. Сен дененин зөөкүрлүгүнөн бошонуп, кайрадан төрөлдүң беле?

Үчүнчү жолкусунда, Ыйса Никедимге сылыктык менен: “Сен жана кеңешменин бүт мүчөлөрү, Ыбрайымдын бардык урпактары! Силер кайрадан төрөлүшүңөр керек”, - деп айтты. Бул жоопкерчилик жана ыйык кызмат. Бир тууганым, бул жердеги Ыйсанын: “керек” деп айткан сөзү буйрук экенин толук ишенүү менен айтабыз. Түп-тамырыңдан бери толук жаңыланмайынча, сен Кудайды биле албайсың жана эч качан Анын Падышалыгына кире албайсың.

Сен шамаалдын желип бара жаткандыгын көрдүң беле? Кайрадан төрөлүү ошол шамаалга окшош. Шамаал боштуктан башталып, кайра ошол жакка кайтып баргандай сезилет. Ошол сыяктуу эле Кудайдын балдары да жогорудан төлөрлүп, Өз Атасына кайтып барышат. Шамаалдын үнү анын ошол жерде бар экендигин түшүндүрөт.

Адамдагы Ыйык Рухтун үнү - жогорудан төрөлгөн адамдын белгиси. Ишенгендерде Кудайдын күчүнүн үнү болушу үчүн, Ыйык Рух бизге бул дүйнөдөн сырткаркы жактан келет.

Жакан 3:9-13
Ошондо Никедим Андан: “Бул кандай болушу мүмкүн?” – деп сурады. Ыйса ага мындай деп жооп берди: “Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коөюн, биз билгенибизди айтабыз, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз, силер болсо биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албайсыңар. Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер? Амсанда жашаган, асмандан түшкөн Адам Уулунан башка эч ким асманга көтөрүлгөн эмес”.

Никедим Ыйсанын түшүндүрүүсүнөн Ыйык Рухтун күчүн сезди. Ал Кудайдын тартып жаткан күчүнө чын жүрөгүнөн жооп берди. Бирок анын акылы түшүнө алган жок, ал чындыктын терең маанисин кармай албады. Никедим: “Бул төрөлүү кандайча болорун мен билбейм”, - деди. Бир нерсени моюнга алуу жеңилүүнү аныктайт. Ыйса сөзүн андан ары улантты: “Ооба, сен кадыр-барктуу окутуучусуң. Сен Мага келдиң, башкалар болсо келип, Мени менен сүйлөшкүдөй өздөрүн акылдуу жана кыйын сезишти. Сен болсо аларды жеңдиң, бирок чындыгында сен Ыйык Рухтун максатын али билбейсиң. Силердин бардык табынууларыңар, алып келген курмандыгыңар жана Мыйзамды аткарууга кылган аракетиңер бекер убара. Силер Кудайдын Падышалыгынын жөнөкөй булактарын билбейсиңер”.

Ыйса үчүнчү жолу “Чындыкты, сага чындыкты айтып коөюн” деп айтты. Ар бир жолкусунда бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса жаңы аянды жарыялады. Себеби биздин адамдык акылыбыз түшүнүүгө жай келет эмеспи.

Никедимдеги үйрөнүп жаткан жаңы нерсе эмне болду? Машаяк жекелик сандагы “Мен” деген ат атоочту “Биз” деген көптүк сандагы ат атоочко өзгөртүү менен, Өзүн Ыйык Рухтун үнүнө кошту. Машаяк Кудай менен бир жана Анын денедеги Сөзү. Ыйса баары байкабаган чындыкты үйрөтөт. Ал Рух аркылуу түшүнүүчү чындыктарды күбөлөндүрөт. Биз болсо ошол күбөлөндүрүүлөрдү кабыл алып, аларга ишенишибиз керек.

Ыйса бүт адамзатка караганда, эмнени жакшы билген? Ал Кудайды билген жана Аны Ата деп чакырат. Бул сырдуу нерсе ыйык кызмат кылуучулардын акылына Рухтун жардамысыз кирмек эмес. Машаяк Атасынан келди жана кайра Ага кайтып барды. Ал асмандан түштү жана кайра асманга көтөрүлүп кетти. Качан Кудайдын Руху Ыйса аркылуу денеде келгенде жана бөлүнүүнү жеңгенде, Кудай менен адамзаттын ортосундагы бөлүнүү жок болду. Мындан ары түбөлүктүүлүк бизден алыс эмес. Эми Ал бизге жакын. Адамзаттын бул Кудайдын чындыгы жөнүндөгү күбөлөндүрүүнү түшүнбөгөндүгү таң калыштуу. Адамдар Рухтан төрөлгөн Бирөө менен Анын Атасынын ортосундагы биримдикти түшүнүшкөн жок, себеби алар ишенүүдөн баш тартышты, же өзүлөрүнүн күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок. Алар жогорудан төрөлүүгө болгон муктаждыкты көрүшкөн жок, тескерисинче, өзүлөрүн жакшы жана билимдүү эсептешип, адашышты. Өзүнө ишенип таянуу Ыйык Үч Бирдиктин биримдигин түшүнүүгө тоскоол болорун билишпеди.

Сыйынуу: Ата, Уул жана Ыйык Рух, биз Сага табынабыз; Өзүңдүн сүйүүң менен бизди жаңыланттың жана Өз чындыгыңдын балдары кылдың. Көптөгөн адамдар жогорудан төрөлүшү үчүн Ата, Уул жана Ыйык Рух тууралуу күбөлөндүрүү калың калктын катмарына жетип, өз тилибизде Сен тууралуу билүүбүз үчүн жана көптөрдүн куткарылып калуусу үчүн, Сенин чындыгың жана Рухуң биздин элибизде да тарасын.

СУРООЛОР:

  1. Ишенгендердеги жогорудан төрөлүүсүнүн белгилери кайсылар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:51 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)