Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 019 (The first six disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

3. Биринчи алты шакирт (Жакан 1:35-51)


Жакан 1:47-51
Ыйса келе жаткан Натанаелди көрүп: «Куулугу жок накта ысрайылдык мына ушул», - деди. Натанаел Андан: «Мени кайдан билесиң?» - деп сурады. Ыйса ага: «Филип сени чакыра электе эле, Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм», - деди. Ошондо Натанаел: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» - деди. Ыйса ага: «Сен мага: «Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм», - дегеним үчүн ишенип жатасың. Мындан чоңун көрөсүң», - деди. Дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, мындан ары ачылган асманды жана Адам Уулун көздөй жогору чыгып, кайра төмөн түшүп жаткан Кудайдын периштелерин көрөсүңөр».

Ыйсанын Натанаелдин ички дүйнөсүн көргөнүн түшүнгөндөн кийин, Натанаел артка кетенчиктей түштү. Ал Байыркы Келишимдин мыйзамдарына ишенген, Чөмүлдүрүүчүнүн алдында күнөөлөрү үчүн тобо кылган жана Кудайдын Падышалыгын чын жүрөктөн күтүп жаткан эле. Бул өз алдынча адилдик эмес, күнөөнүн айынан жүрөктүн ыйлоосу, бул Кудай жибере турган Машаяк Куткаруучуга карата чакырык болчу.

Ыйса сыйынууну угуп, бактын көлөкөсүндө чөгөлөп сыйынып жаткан адамды көргөн. Адам жашырган нерсени билип коюучу күч Кудайлык табиятты түшүндүрөт.

Ыйса аны кабыл албай койгон жок. Тескерисинче, Натанаелди Байыркы Келишимге таянуу менен Машаяктын келишин күтүп жаткан ишенгендердин үлгүсү экендигин түшүндүрүү менен аны адил кылды.

Машаяктын баа берүүсү Натанаелдеги күнөм саноону жок кылды. Ал Ыйсага берилип, Ыйык Сөздөгү Машаякка тиешелүү болгон Кудайдын Уулу жана Ысрайылдын Падышасы деген наамдарды колдонуу менен, Аны урматтады. Натанаел бул сөздөрдү айткандыгы үчүн өлүм жазасына тартылмак, себеби Ыйык Жазууну көчүрүп жазуучулар жана Жогорку Кеңешменин мүчөлөрү Кудайдын Уулу болот деген фактынын жокко чыгарышкан. Ошондуктан Натанаелдин мындай даңктоосу Кудайды мазактоо деп эсептелген. Өзүн Ысрайылдын Падышасы кылып жарыялаган адам Ирод падыша тарабынан куугунтукталып, рим бийлигинин башчыларынын колуна түшмөк. Ошнетип, бул жан-дили менен ишенген адам пайгамбарларга ачылып берилген убадалар канчалык маанилүү экендигин түшүнгөндүгүн көрсөттү. Ал адамга караганда Кудайдан көбүрөөк корккон. Кандай гана кыйынчылык алып келбесин, ал Ата деген наамды айтуу менен Ага урматтоосун көрсөттү.

Буга чейинки бир дагы шакирт Машаякты Натанаел атагандай атай алышкан эме. Машаяк бул наамдардын бирин да кабыл албай койгон жок. Ал ачылган асманды көрсөтүп, буга макул экендигин билдирди. Машаякты периштелер дайыма тегеректеп жүрөөрүн жана бул периштелер өйдө чыгып, Ыйсанын кереметтерин Атасына жеткирип, ылдый түшүп Уулуна колдору толо бата алып келишет. Ошентип Жакып көргөн аян ишке ашты, батанын молдугу Ыйсада келди. Пабыл жазгандай: «Бизге Машаяк аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды берген Теңирибиз Ыйса Машаяктын Кудайы жана Атасы макталсын». Машаяктын төрөлүшүнөн жана чөмүлдүрүлүүсүнөн улам асман ачык бойдон турат. Буга чейин асман Кудайдын каарынын эсебинен жабык болчу. Периштелер асмандын дарбазасынын жанында кылыч кармап, кайтарып турушчу. Эми болсо, Кудайга алып бара турган дарбаза Машаякта ачылды.

Ушул жерден биринчи жолу Жакан Машаякка мүнөздүү болгон «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн», - деген сөздөрүн пайдаланды. Бул ырайымдын доорунун чындыгы адам түшүнө алгандан да жогору, адамга жетиштүү болгондон да мол, бул биздин жаңы ишенимибиздин негизи. Ошентип качан гана Ыйса бул сөздөрдү кайталап айткан маалда, биз бир азга токтолуп, Анын айткысы келип жаткан максаты тууралуу ойлонуп, ушул сөздөрдүн артында турган рухий аянды түшүнгөндөй болушубуз керек.

Мындай жарыялоодон кийин, Натанаел жана жаңы төрөлгөн Жыйын куугунтукка учурабашы үчүн, Машаяк Натанаелдин күбөлөндүрүүсүн бир аз өзгөрттү. Ыйса: «Мен убадаланган Кудайдын Уулумун», - деп айтпастан, Ал Өзүн «Адам Уулу» деп атады. Негизинен Ыйса Өзүнө ушул наамды колдончу. Анын денеде келиши уникалдуу болгон; Ал бизге окшош болду, бул чоң керемет эмеспи! Кудайдын Уулу адам болду, биз үчүн Кудайдын Козусу катары курман болду.

Ошол эле убакта, бул «Адам уулу» деген наам Даниел пайгамбардын китебинде айтылган сырдуу нерсени көрсөтүп жатат. Кудай сотту да Өз Уулуна тапшырды. Натанаел Ыйсанын Падыша жана Уул гана эмес, ж.о.э. дүйнөнүн Соттоочусу да экенин, адамдын денесиндеги Кудай экендигин түшүндү. Ыйса ишеними алсыздарды ишенимдин эң жогорку тепкичине жеткирди. Ыйса айылдык жаш адам болгодуктан, мындай ишенимге жетүү оңой болгон жок. Ошентсе дагы ишеним аркылуу шакирттери Андагы даңкты – үстүдөгү ачык асманды көрүштү.

Сыйынуу: Кудайдын Уулу, дүйнөнүн Соттоочусу, бир Сага табынабыз. Биз каардан башка эч нерсеге татыксыз болчубуз. Бирок Сенин ырайымың аркылуу кечиримге ээ болдук. Биздин досторубузга дагы ырайым кыла көр. Кудайды издегендерге Сени көрүш үчүн, Сени билип жана сүйүп, Сага таянышы үчүн билимдери артып, үмүттөнүү менен жашоосу үчүн, аларга дагы баталарыңды төгө көр.

СУРООЛОР:

  1. Кудайдын Уулу менен Адам Уулу наамдарынын ортосунда кандай байланыш бар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:48 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)