Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 016 (The first six disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

3. Биринчи алты шакирт (Жакан 1:35-51)


Жакан 1:35-39
Эртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле. Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: «Мына, Кудайдын курмандык Козусу!» - деди. Жакандан бул сөздөрдү укканда, эки шакирт тең Ыйсаны ээрчип жөнөштү. Ыйса артына бурулуп, алардын ээрчип келе жатканын көрүп: «Силерге эмне керек?» - деп сурады. Алар Андан: «Устат, кайсы жерде турасың?» - деп сурашты. «Барып өзүңөр көргүлө», - деди Ыйса. Алар барып, Ыйсанын кайсы жерде турарын көрүштү да, ал күнү Аныкында калып калышты. Бул убак онунчу саат чамасын эле.

Машаяк - денеде келген Кудайдын Сөзү, Кудайдын Өзү, өмүрдүн өзү жана жарыктын булагы. Жакшы кабарчы Анын табиятын мына ушундайча сүрөттөгөн. Ошондой эле ал Ыйсанын иштери жана кызматтары тууралуу баяндаган. Ал – Жаратуучу жана бардыгынын коргоочусу. Ал Кудайды сүйүүгө толгон, боорукер Ата экендигин таанытты. «Мына, Кудайдын Козусу», - деп кайталоо менен, бул ураан аркылуу Жакан Ыйсанын мүнөзү тууралуу корутунду чыгарды. 14-аятта Жакан Ыйсанын маңызын жана булагын түшүндүрсө, 29 жана 30-аяттарда Машаяктын максатын жана кызматын түшүндүргөн.

Машаяк бизди соттон бошотуу үчүн, күнөөлөрүбүздү Өз мойнуна алуу үчүн жиберген Кудай алдында курмандыкка чалынуучу Адам болуп келди. Мындай курмандыктын болушун Кудай каалады жана муну батанын курмандыгы катары курмандыкка чалып, аны кабыл алды. Пабыл мынтип айткан: «Анткени Кудай Машаяктын ичинде дүйнөнү Өзү менен элдештирди, адамдардын күнөөлөрүн эске алган жок. Бизге болсо Кудай менен элдешүү жөнүндөгү сөздү жарыялоону тапшырды».

Өз күнөөлөрүбүздөн сатылып алынуу үчүн жаныбарларды курмандыкка чалып көргөн болбосок, анда бүгүнкү күндө биз үчүн «Кудайдын Козусу» деген кептин төрүн түшүнүү оңой болбойт эле. Байыркы Келишимдеги курмандык чалуу жолдорун изилдегендер кан төгүлмөйүнчө кечирим жок деген Кудайдын принциптеринин чындыгында эле болгондугун аныкташкан. Кудай биздин күнөөлөрүбүз үчүн бизди жазалабай, бул үчүн Өзүнүн Уулун бергендиги өтө таң калыштуу. Бизге окшогон каршы чыккан күнөөкөрлөр үчүн ыйык Бирөө курман болду. Асмандагы Атанын адилетүү балдары болуш үчүн, айыптуулардын күнөөлөрүнүн айынан Кудайдын Уулу курмандыкка чалынды. Бизди сатып алган Атаны, Уулду жана Ыйык Рухту урматтайлы да даңктайлы.

«Кудайдын Козусу» деген сөздүн терең маанисин эки шакирт ошол замат эле түшүнө алышкан жок. Бирок чөмүлдүрүүчү Жакан Кудайдын Козусун көрсөткөндө, алар Теңир болгон, дүйнөнүн Соттоочусу болгон жана ошол эле убакта адамзат үчүн курмандык болгон Ыйсаны билгилери келишти. Мына ушул ойлор кунт коюп угуп турган эки шакирттин акыл-эсин каптады. Ыйса Жакандын шакирттерин тартып алган жок, тескерисинче, Чөмүлдүрүүчү өзү аларды Ыйсага багыттады. Эки шакирт Ыйсаны ээрчүүнү туура көрүштү.

Ыйса алардын каалоолорун, максаттарын сезген. Алар Ыйсадан сүйүүнү жана ырайымда көрүштү жана бул Жакшы Кабардагы Ыйсанын «Силерге эмне керек?» - деген биринчи сөздөрүн угушту. Теңир аларга асмандын татаал доктриналарын куйган жок, бирок аларга өз акылдарына жараша сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берди. Бир тууганым, сен эмнени издеп жатасың? Сенин жашооңдун максаты эмне? Сен Козуну ээрчийсиңби? Сага Ыйса керекпи? Сенин мекетептеги экзамендериңден да маанилүү болгон бул улуу чындыкты изилде.

Эки шакирт Ыйса менен бирге Анын үйүнө барууну суранышты. Ыйса аларга «Келип Мени менен окугула», - деген жок, Ал «Барып, өзүңөр көргүлө», - деп айтты б.а. «Көздөрүңөрдү ачкыла, ошондо Менин чыныгы Инсандыгымды, Менин иштеримди, күчүмдү жана Кудайдын жаңы образын көрөсүңөр», - деген. Машаякка жакындаган ар бир адам дүйнөнү жаңы жолдор менен тааный баштайт жана Кудай кандай болсо, Аны ошондой көрө алат. Ыйсанын көз карашы биздин акылыбыздын жыйындысын баштан аяк өзгөртөт, Ал биздин оюбуздун борбору жана үмүтүбүздүн максаты болуп калат. Бул эки шакирт сыяктуу келгиле, көргүлө, тобо кылгыла: «Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле».

Бул эки шакирт бир күн боюу Ыйса менен болушту. Ырайымдын саатары кандай сонун! Жакшы кабарчы ушул баталуу бир күндүн бир сааты жашоодогу чечүүчү көз ирмем экендигин күбөлөндүргөн. Бул саат үч чамасында болчу. Анан жакшы кабарчы Жакан Рухтун шыктандыруусу аркылуу Ыйсанын чындыгын, Теңир аны ишеними аркылуу кабыл алгандыгын, аны адил кылгандыгын жана Ыйса – убадаланган Машаяк экендигине көзү жетти. Сенин ички дүйнөңдүн караңгы түнүнө Ыйса Машаяктын жарыгы жанды беле? Сен Аны дайыма ээрчигиң келеби?

Сыйынуу: Кудайдын ыйык Козусу, биз Сага табынабыз жана Сени даңктайбыз. Сен бул дүйнөнүн күнөөсүн алып салып, бизди Кудай менен элдештирдиң. Сенин артыңдан ээрчигенге жардам бер. Биздин мыйзамсыздыгыбызды кечир жана Сага жан дилибизден кызмат кылышыбыз үчүн, бизге Өзүңдүн улуулугуңду ачып бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн эки шакирт Ыйсаны ээрчип жөнөштү?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:46 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)