Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 015 (Testimonies of the Baptist to Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

2. Чөмүлдүрүүчү Жакандын Машаяк жөнүндө маанилүү күбөлөндүрүүсү (Жакан 1:29-34)


Жакан 1:31-34
«Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок Ысрайыл эли Аны билип калсын деп, сууга чөмүлдүрүү үчүн келгем», - деди. Жакан күбөлөндүрүүсүн мындай деп улантты: «Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, Анын үстүндө турганын көрдүм. Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок адамдарды сууга чөмүлдүртүү үчүн мени жиберген Кудай мага: «Рухтун кимдин үстүнө түшүп, Анда болуп турганын көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол», - деген. Мен көрдүм да: «Бул - Кудайдын Уулу», - деп күбөлөндүрдүм».

Кудай чөмүлдүрүүчү Жаканды отуз жашка чыкканда Машаякка жол даярдап, Аны элдерге таанытуу кызматына чакырган. Чөмүлдүрүү маалында ал кечирим алгандарды Машаяктын келишине даярдаган. Кудай Чөмүлдүрүүчүгө сүйлөп, буга чейин эч ким көрбөгөн нерсени, б.а. Ыйык Рухтун Машаякка келип түшөөрүн көрө тургандыгын убада кылды. Ыйык Рух Ыйсага келип түштү. Байыркы Келишимдеги пайгамбарлар бир канча убакытка чейин Рухтан шыктануу алышчу, ал эми Машаяк болсо дайыма Рухка толуп турат. Түбөлүктүү жаз сыяктуу Рух ишенгендерди Кудайлык күчкө толтурат.

Иордан дарыясынын боюнда эки адам бетме-бет турушту; асман жай ачылып, капысынан Жакан көк асмандан тынчтыктын жана момундуктун белгиси болгон көгүчкөндө Ыйык Рухтун түшүп келе жатканын көрдү.

Рух Чөмүлдүрүүчүгө эмес, тобо кылгандарга эмес, Ыйсага келип түштү. Чөмүлдүрүүчү Жакан бул Назареттик жаш Адам бардык пайгамбарлардан жана бардык жаратылгандардан улуу экендигин күбөлөндүрдү. Ошондо Чөмүлдүрүүчү Жакан түбөлүктүү, күтүп жаткан Кудай маңдайында турганын билди.

Эч нерсеге шектенбеген чөмүлдүрүүчү Жакан качан Мариям Элизабетке барганда, энесинин ичинде жаткан бала кубанычтан туйлап жибергендей (Лука 1:36-45), бул жолкусунда дагы Жакан зор кубанычка батып, Кудайды даңктады.

Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаякты Рух берүүчү катары тааныды. Ал көргөн нерсесин жашырбай, башкаларга бийик үн менен: «Теңир келди, Ал бул жакта, Ал соттоо үчүн эмес, бирок сүйүү көрсөтүү үчүн жана жакшы каалоосу менен келди», - деп жар салды. Ал жөнөкөй адам эмес, Ал Рухка толгон Кудайдын Уулу.

Ыйсанын Кудайдан келген Рух экенине ишенген ар ким ошол эле убакта Анын Кудайдын Уулу экендигине да ишенет. Ошентип чөмүлдүрүүчү Жакан Машаяктын келишинин максатын түшүндүрдү; тобо кылгандарды Ыйык Рухка чөмүлдүрдү. Кудай – Рух. Анын Уулу - денеде келген Кудайдын Руху. Аны ээрчигендерди ушул Кудайдын Рухуна толтуруу Анын эрки. Кудай – сүйүү.

Урматтуу бир тууганым! Сен Ыйык Рухка толдуң беле? Кудайдын күчүн Өзүңдүн жашооңдон көрдүң беле? Качан гана Машаяктын курмандыгына ишенүү менен күнөөлөрүңдөн кечирим алганыңда, сен дагы ушул кудайлык мүнөзгө ээ болосуң. Кудайдын Козусунун кечиримин кабыл алган ар бир адам Ыйык Рухка толот. Кудайдын Уулу Өзүнүн Рухун ар бир ишенген адамга бергенге даяр.

Сыйынуу: Кудайдын ыйык Уулу, биз Сени даңктайбыз жана Сага табынабыз. Биз үчүн Сен Өзүңдү басынттың, күнөөлөрүбүздү Өзүңө алдың. Айкаш жыгачта төгүлгөн каның аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү кечиргендигиң үчүн рахмат. Бизге жана Сени сүйгөндөрдүн баарына берген Ыйык Рухуңдун күчү үчүн рахмат. Көптөрдү күнөөлүү жашоолорунан ойгот. Аларды жаңылант жана Өзүңдүн назик чындыгың менен аларды толтур.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса Ыйык Рух берүүчү болуп калды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:45 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)