Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 014 (Testimonies of the Baptist to Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

2. Чөмүлдүрүүчү Жакандын Машаяк жөнүндө маанилүү күбөлөндүрүүсү (Жакан 1:29-34)


Жакан 1:29-30
Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул - Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат. Менден кийин келген Адам менин алдыма турду, анткени Ал менден мурда эле бар болчу». – деп мен ушул Адам жөнүндө айткам.

Фарисейлер чөмүлдүрүүчү Жаканга кыжырланган бойдон Иерусалимге кайтышты. Муну түшүнгөн Жакан Машаяктын Өз элин буудайды элеген сыяктуу тазалай тургандыгына ишенди. Каарданган Машаяк колуна балтасын алып, оорулуу даракты кыят. Ошентип Машаяктын келиши Каардын Күнүн кабарлап жатат. Качан ал: «Машаяк биздин арабызда», - дегенде, муну угушкан шакирттери күнөөлөрүнөн бошонгуча шашышкан. Алар жазанын чагылганы эскертүүсүз келип түшөт деп ойлошкон.

Отуз жаш курагындагы Машаяк жөнөкөйлүгү менен Чөмүлдүрүүчүгө келип, андан чөмүлдүрүүсүн сурады. Бул жөнөкөйлүк Чөмүлдүрүүчүнү таң калтырып, ал Ыйсаны эмес, тескерисинче Ыйса аны чөмүлдүрүшү керек экендигин айтты. Бирок Ыйса адилеттик ишти аткаруу үчүн андан чөмүлдүрүүсүн сурады.

Ошондон кийин, чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйык Ыйсанын бул дүйнөнү жок кылыш үчүн эмес, бирок дүйнөнүн күнөөсүн мойнуна алуу үчүн келгенин түшүндү. Ыйса чөмүлдүрүүнү адамзаттын өкүлү катары алды. Теңирдин келиши каарга эмес, сатып алууга, кечиримге толо эле. Ыйса Байыркы Келишимдин бүтө турган жеринде тургандыктан, Чөмүлдүрүүчү Жаңы Келишимдеги Кудайдын сүйүүсүнүн тереңдигин түшүнө баштады. Мындай түп-тамыры менен өзгөрүү Чөмүлдүрүүчүнүн түшүнүгүнө төңкөрүлүштү алып келди.

Кийинки күнү Ыйсанын келе жатканын көргөн Жакан Аны колу менен көрсөтүп: «Көргүлө, түшүнгүлө, көздөрүңөрдү ачкыла, Куткаруучу ушул!», - деди. Анда эч кандай чагылгандын чартылдаганы, миңдеген периштелердин коштоосу көрүнбөйт, тескерисинче ар бир адам үчүн Сөз төгүлүп жатты. Бул жаш адамды, Теңирдин Өзүн, дүйнөнүн Үмүтүн, көпкө күтүшкөн эле.

Жакан тегерегиндеги адамдардан Мессияны саясий жеңиштердин негизи катары жана аскердик стратегия катары колдонууларын эми каалабады.

Бул Кудайдын Козусу, күчтүү жана жеңиштүү Иуданын арстаны эмес, тескерисинче Ал момун жана назик Козу.

Рухка толгондон кийин, Жакан: «Ушул Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат. Байыркы курмандыкка чалынган козу сыяктуу Ал Кудайдын Козусу болуп тандалган. Ал бүткүл адамзаттын күнөөлөрү үчүн берилген татыктуу курмандык. Анын сүйүүсү күчтүү жана таасирдүү. Ал ыйык жана ар бир адамдын күнөөсүн Өзүнө алып жатканда дагы, ыйык бойдон кала берген». Ал күнөөсүз болсо дагы, Машаяктагы Кудайдын адилдигине ээ болушубуз үчүн, биздин айыбыздан күнөө болду.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсү - бул Жакшы Кабардын туу чокусу, Ыйык Жазуунун өзөгү. Ал Машаяктын биз үчүн азап тартуусу аркылуу даңкталарын түшүнгөн. Машаяктын куткаруусу бүт дүйнөгө таандык, ал баарын ичине камтыйт, ал бардык улуттарга, акка да, карага да, сарыга да тийиштүү. Ал билимдүү менен билимсизге, бай менен кедейге, жаш менен карыга да берилген. Бул өткөндү, учурду жана келечекти өз ичине камтыйт. Анын өлүмү бардык күнөөнүн кунун төлөдү.

Келишинин эң биринчи күнүнөн баштап эле, Козу жамандыктын залакасын тарта баштаган. Ошентсе дагы, Ал жамандыкты кубалаган жок, текеберди жек көргөн жок, тескерисинче аларды сүйө берди. Ыйса алардын кулчулукта экендигин билген жана биз үчүн өлүүгө даяр болчу.

Кудайдын биздин үстүбүздөгү каарын Кудайдын Козусу алып салгандыгын Чөмүлдүрүүчү угуучуларына жарыялады. Ал – курмандык, алардын ордуна өлө турган Козу. Угуучулар кантип эле бир гана адам бүт адамзаттын күнөөсүн көтөрсүн дешсе керек. Жакандын сөздөрү угуп жаткандардын көздөрүн ачты, бирок алар үчүн азыр айкаш жыгачтын мааниси али түшүнүксүз болчу. Кудайдын Машаяктагы планы таң калыштуу окуя менен ишке ашмак.

Чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйсанын куткарылууну жеткилең кылыш үчүн келгендигин кайталап айтты, себеби Ал түбөлүктүү Теңир экендигин «Ал менден улуу, Ал менден мурда эле бар болчу» - деди.

Машаяктын даңкы улуу болчу, ошентсе дагы Анын айкаш жыгачтагы сүйүүсү ушул даңктын жүрөгүн ачты. Жакшы кабарчы: «Биз Анын даңкын көрдүк; Ал айкаш жыгачта азап тартуу менен бизди эркиндикке чыгаруучу сүйүүсүнүн тереңдигин көрсөттү».

Сыйынуу: Дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алган, бизге ырайым кылган Кудайдын Ыйык Козусу! Кудайдын денеде келген түбөлүктүү Уулу! Биздин күнөөлөрүбүздү кечир. Биздин күнөөлөрүбүздү Өз мойнуңа алгандан уялбаган момун Назареттик Адам, Сени даңазалайбыз, себеби Сен бизди сүйөсүң жана бизди айкаш жыгачтагы Өзүңдө жеткилең кылдың. Биз Сени сүйөбүз жана ыраазычылык айтабыз, анткени Сен бул дүйнөгө соттоочу катары эмес, бирок Козу катары келдиң. Бүт дүйнөнүн күнөөсүн мойнуңа алгандыгыңа ишенебиз. Эми болсо башкаларга Сенин аларды да сатып алгандыгың тууралуу айтып бергенге бизге акылмандуулук бер.

СУРООЛОР:

  1. «Кудайдын Козусунун» мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)