Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 006 (The Baptist prepares the way of Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

2. Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаякка жол даярдайт (Жакан 1:6-13)


Жакан 1:9-10
Бул дүйнөгө келген ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык бар. Ал бул дүйнөдө болгон, дүйнө Ал аркылуу жаралган, бирок бул дүйнө Аны тааныган жок.

Машаяк - бул дүйнөдөгү чыныгы жарык. Ыйык Рух пайгамбарлар аркылуу жүздөгөн жылдар мурда Анын келиши тууралуу алдын ала айткан. Байыркы Келишим Машаяктын бул дүйнөгө келе тургандыгын кабарлаган пайгамбарчылыктарга толгон. Мисалы, Ышайа пайгамбар мындай деген: «Анткени мына, жерди караңгылык, элдерди караңгылык каптаганы жатат. Ал эми сенин үстүңдөн Теңир жаркырайт, Анын даңкы сенин үстүңө келет».

Жакан 1:9-10 – аяттарында «дүйнө» деген сөз төрт жолу айтылат. Жакшы кабарчы Жакан үчүн бул сөздүн мааниси караңгылык деген мааниге жакын. Ал мындай деп жазат: «Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз» (1 Жакан 5:19).

Башында бул дүйнөдө жаманчылык жок болгон, себеби Кудай бул дүйнөнү жакшы кылып жараткан. Дүйнө Анын сулуулугуна жана жакшылыгна толо эле. «Ошентип кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгын карап, абдан жакшы экенин көрдү...» Башталыш 1:31. Кудай адамды Өзүнүн бейнесинде жаратты жана Ал Өзүнүн даңкын адамзаттын атасына берди. Ал эми адам болсо Жаратуучусунун жарыгынын күзгүсү сыяктуу чагылдырып турду.

Бирок текеберликтин айынан баары жамандыкка батып, тил албастык кылышты. Алар жүрөктөрүндөгү Кудай менен болгон мамилелешүүнү унутушту, себеби алар өздөрүн караңгылыктын рухуна ачып беришкен болчу. Кудайдан алыстаган адам дайыма жаманчылыкка барат. Бул тууралуу Дөөт мындай деген: «Алсыз адам жүрөгүндө: «Кудай жок!» - дейт. Алар бузулуп кетип, жаман иштерди жасашты. Жакшылык кылган бир да адам жок» (Забур 13:1).

Ошентсе дагы, жакшы кабарчы Жакан Машаякты бул дүйнөгө чаңкыйып көздү уялткан жарык сыяктуу эмес, бирок ал күн сыяктуу акырындык менен көтөрүлүп, караңгылыкты жок кыла тургандыгын күбөлөндүргөн. Элди жарыктандыруу үчүн, Машаяк назиктик менен жанды. Теңир бул дүйнөгө соттоочу, жан алгыч катары келген эмес. Ал Куткаруучу жана сатып алуучу катары келген. Ар бир адам Машаяктын жарыгына муктаж. Мындай жарыктандыруучу болбосо, алар караңгыда кала беришет. Машаяк - чыныгы жарыктандыруучу, Андан башка эч ким жарыктандырбайт. Жакшы Кабар аркылуу Анын жарыктандыруусун кабыл алган ар бир адамдын мүнөзү өзгөрүлөт жана башкаларды да жарыктандырат. «Жаратуучу бул дүйнөгө келди» деген сөздүн маанисин түшүнүп жатасыңбы? Жаратуучу Өзүнө тийиштүү жерге келди, Падыша Өзүнүн элине жакындады. Ким ойгонуп, Анын келүүсүнө даяр болот? Ким Анын келүүсү тууралуу чындыкты изилдейт. Ким Анын Мыйзамын жана максаттарын изилдейт? Ким дүйнөлүк нерселерди, куру максаттарын калтырып, Кудайдын келишин кучагын кең жайып, тосуп алат? Ким Анын төңкөрүлүшүн жана Анын келе турган убагынын кайталангыс экендигин түшүнө алат?

Ошентип, Теңир капысынан күнөөкөрлөрдүн арасына келди. Ал байкалбастан тынч жана жөнөкөй болуп келди. Ал дүйнөнү улуулугу, күчү жана даңкы менен жарыктандырууну каалаган жок. Тескерисинче, Ал Өзүнүн момундугун, сүйүүсүн жана чындыгын ачып берди. Жаратуунун башында адамзаттын жыгылышына текебердик себеп болгон. Ошондуктан кудуреттүү Ыйса Өзүн момун кылып көрсөттү. Ал тургай Шайтан дагы Кудай сыяктуу күчтүү, даңктуу жана акылдуу болгусу келген. Бирок Машаяк эски акырда кадимки наристе болуп келди. Ал момундугу менен, назиктиги менен жана тил алчаактыгы менен жеңди. Ал ар бир адамды жогору көтөрүп, аларды куткаруу үчүн адамзаттын эң төмөнкү деңгээлине чейин түштү.

Адамдар, баарыңар уккула! Бул Жакшы Кабардан кийин биз дүйнө жарыкты көрбөйт деген коркунучтуу, үрөйдү учуруучу сөздөрдү окуйбуз. Кудайдын Уулу адамзатка жакын келип, алардын арасында жашаганын дүйнө көргөн жок. Адамдар өзүлөрүнүн философияларынын, илимдеринин жана илимпоздорунун айынан сокур жана акылсыз бойдон калышты. Кудай алардын маңдайында тургандыгын көрүшкөн жок. Алар өздөрүнүн Жаратуучусун таанышкан жок. Соттоочу-Куткаруучусун кабыл алышкан жок.

Мына ушундай жүрөк оорутарлык чындыктан кийин, Кудайдын Падышалыгынын маанилүү принцибин аныктасак болот. Демек биз Кудайды акылыбыз менен, адамдык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен түшүнө албайбыз. Машаяктын сүйүүсү жөнүндөгү ар бир кабар бул Кудай берген чыныгы ырайым жана белек. Жакшы кабар аркылуу бизди Ыйык Рух чакырат, бизди Өзүнүн жөндөмдүүлүктөрү аркылуу жарыктандырат жана таза ишенимде сактайт. Ошондуктан тобо кылышыбыз керек, өзүбүздүн акылыбызга, денелик сезимдерибизге көз каранды болбошубуз керек. Баарыбыз тең өзүбүздү күндүн нуруна кактаган сыяктуу, өзүбүздү чыныгы жарыкка ачышыбыз керек. Ушундай жол менен Машаякка болгон ишеним чыныгы билимди жаратат. Бул башталыш ишеним бизден эмес, ал Теңирге баш ийгендердеги Теңирдин Рухунун иши.

Сыйынуу: Теңир Машаяк, бул дүйнөгө келгениң үчүн рахмат. Сен бул дүйнөнү соттоо үчүн жана өч алуу үчүн келген жоксуң, тескерисинче бардык элдерди жарыктандырып, аларды куткаруу үчүн келдиң. Биз сокур жана акылсызбыз. Биздеги адилетсиздикти кечир жана бизге момун жүрөк бер. Сени көрүү үчүн биздин көздөрүбүздү ач жана Ыйык Рухтун күчү менен жашашыбыз үчүн биздин жандарыбызды Өзүңдүн назик жарыгыңдын нурларына ач.

СУРООЛОР:

  1. Жарык болгон Машаяк менен караңгы дүйнөнүн ортосунда кандай мамиле бар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)