Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 005 (The Baptist prepares the way of Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

2. Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаякка жол даярдайт (Жакан 1:6-13)


Жакан 1:6-8
Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле. Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калышы үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген. Ал жарык эмес болчу, бирок Жарык жөнүдө күбөлөндүрүү үчүн келген.

Адамдар Кудайдын Жарыгына келиши үчүн, караңгы дүйнөгө Кудай Жакан чөмүлдүрүүчүнү жиберген. Күнөө караңгыда жасаларын ар бир адам билет. Ал эми ким өзүнүн айыбын Кудайдын алдында мойнуна алып, чын жүрөктөн тобо кылса, ал жарыкка келет. Сенчи? Сен жарыкка келдиң беле, же дале болсо өзүңдү караңгыда жашырып жүрөсүңбү?

Чөмүлдүрүүчү Жакан элдерге жүрөктөрүнүн абалын түшүндүргөн. Кудайдын мыйзамына таянуу менен карасак, ар бир жүрөк жамандыкка толгон. Ошондуктан Теңирдин күнүндө жазага тартылбаш үчүн, адамдар тобо кылып, түп-тамырынан бери өзгөрүлүшү керек. Чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы көп адамдарды титиретти. Адамдар чөлдө тобо кылууга чакырып жаткан Жаканга чуркашты. Алар күнөөлөрүн ачык айтышып, күнөөдөн тазалануу үчүн, өзүмчүлдүктү чөгөрүү үчүн жана дарыянын агымынан жаңы өмүр алуу үчүн Иордан дарыясында чөмүлүү алышкан.

Кудай Жакан чөмүлдүрүүчүнү тандады. Ал Жаканды жарыктандырды жана ага адамдарды ойготуп, аларды акыл-эсине келтирип, ойлорун өзгөртүп, Машаяктын келишине даярдоо иши тапшырылган болчу. Эски осуяттагы адамдар Теңирдин атынан бирөө келе тургандыгын жакшы билишкен. Бул тууралуу Ышайа пайгамбар мындай деген: «Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт». Ошондой эле ал Теңирдин атынан мындай деген: «Тур, жаркыра Иерусалим, анткени сенин жарыгың келди. Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!» (Ышайа 60:1). Жакан чөмүлдүрүүчү келе жаткан жарыкты Байыркы Келишимдин адамдарына гана тийиштүү эмес, бирок ошондой эле бардык адамзатка тийиштүү экендигин айткан. Ошентип Чөмүлдүрүүчүнүн кабары бүт дүйнөгө тараган. Ал өлгөндөн кийин да, Кичи Азиядагы жана Жер Ортолук Деңиздин тегерегиндеги бардык аймактардагы адамдар аны ээрчишкен. Анын жарык эмес экендигине жана ал жарыктан мурда келген кабарчымын деген күбөлөндүрүүсүнө карабай, миңдеген адамдар аны ээрчишкен. Ал адамдарга өзүн көрсөткөн эмес, ал Машаякка карай багыт берген. Бул Кудайдын чыныгы кабарчыларынын анык белгиси. Алар өздөрүн ээрчигендерди өздөрүнө байлап алышпайт. Алар адамдарды Машаякка багытташат.

Жакандын кызматынын максаты тобо кылдырып, чөмүлдүрүү эмес. Анын максаты Машаякка ишендирүү болгон. Аны элдер Машаяк деп ойлошкондорун билчү. Бирок ал азгырыкка кирбей, Теңирге жол даярдады. Ал келе турган Машаяк элди Ыйык Рух менен чөмүлдүрөрүн билчү. Ошондой эле Жакан адамдын ойу менен гана тобо кылуусу жетишсиз экендигин, ал тургай ал күнөөсүнөн кечирим алуу үчүн чөмүлдүрүлүшү да жетишсиз экендигин түшүнгөн. Баарыбыздын ички дүйнөбүздө жаңылануу керек экендигин ал билген. Эски Осуяттагы бир дагы пайгамбарга берилбеген сыяктуу эле, Кудай Жаканга дагы жүрөктү өзгөртүүчү бийликти берген эмес. Бул бийлик жаратуучу, өмүр берүүчү Сөз болгон, Анын ысымына ишенген жана Жарыгына жүрөгүн ачкан адамга Өзүнүн күчү менен жаңыланта ала турган чыныгы Жарык болуп эсептелинген Ыйса үчүн сакталган болчу. Мына ошондуктан Жакан чөмүлдүрүүчү бир гана ишеним аларды жаңы жашоого алып барарын билип, көптөрдү Машаякка ишенүүгө чакырган.

Аполлос аттуу адам чөмүлдүрүүчү Жаканды ээрчиген, Кудайдан корккон, тырышчаак жана чечен философ болгон. Ал жаңы келишимдин жарыгын кабыл ала элек болсо дагы, Ыйса Машаяк жөнүнүдө жалындап үйрөтүп жүргөн. Качан ал өзүн Ыйсага ачканда, жарык анын жүрөгүнө кирип, Теңирдин жарыгы болуп калды жана караңгыда эскертүүчү от болду. Жакан көптөгөн адамдарды жарыкка алып келди.

Сыйынуу: Теңир Машаяк, Сени даңазалайбыз. Сен бул дүйнөнүн жарыгы жана бактысыздарга үмүт болгондугуң үчүн ыраазыбыз. Сен биздин караңгы жүрөктөрүбүздү жарыктандырдың, күнөөлөрүбүздү ачып, бизди кечирдиң. Бизди жарыктын балдары кылып, түбөлүк өмүргө өткөргөндүгүңө рахмат. Эми ушул жарыгыңдын нурлары биздин досторубузга, туугандарыбызга жетип, алар да чын жүрөктөн тобо кылып, ишеним менен Сенин улуу жарыгыңа киришсе экен деп сыйынабыз.

СУРООЛОР:

  1. Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматынын максаты эмне болгон?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)