Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 003 (The word before incarnation)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

1. Сөздүн денеде келгенге чейинки мааниси жана кызматы (Жакан 1:1-5)


Жакан 1:2-4
Сөз эң башында Кудайда болгон. Бардыгы Ал аркылуу башталган. Эмне башталса дагы, Ансыз башталган эмес. Анда өмүр болгон, Ал өмүр адамдар үчүн жарык болгон.

Машаяк Өзү үчүн жашаган эмес. Ал дайыма Кудай үчүн жашаган. Ал эч убакта Атасынан бөлүнгөн эмес, бирок дайыма Анда жашоо менен жана Анда калуу менен Атасына карай багыт алчу. Машаяктын ушундай «Атасына карай багыт алышы» жакшы кабарчы Жакан үчүн абдан маанилүү болгондуктан, Жакан бул маанини жакшы кабарынын эч башынан тартып кайталап айткан. Машаяк менен Кудайдын ортосундагы түбөлүктүү биримдик ыйык Үч Бирдиктеги сырдуу нерсе. Биз бири биринен бөлүнгөн, көз каранды эмес үч башка кудайларга ишенбейбиз. Биз сүйүүгө толгон бир Кудайга ишенебиз. Түбөлүктүү Кудай бөлүнүп, Өзү жалгыз жашабайт. Анын Уулу дайыма Аны менен бирге, Аны менен жеткилеңдүү таттуу мамиледе жашайт. Эгерде адам жүрөгүнө Ыйык Рух аркылуу төгүлгөн Кудайдын сүйүүсүн сезбеген болсо, анда ал Кудайдын ким экендиги тууралуу чындыкты түшүнө албайт. Ошол Кудайлык сүйүү Атаны, Уулду жана Ыйык Рухту бир Кудай кылып бириктирип турат.

Качан Кудай башында бул дүйнөнү жаратып жатканда, Ал дүйнөнү жаратуу ишин жалгыз жана үн чыгарбай туруп жараткан жок. Ал бардыгын Сөзү аркылуу жаратты. Машаяк Кудайдын Сөзү болгондуктан, бул дүйнө Ал аркылуу пайда болду. Демек мунун мааниси - Машаяк Ал Куткаруучу, Арачы жана Сатып Алуучу гана эмес, Ал ошондой эле Жаратуучу дагы. Эгерде Машаяксыз эч нерсе жаратылбаса, анда ушул нерсенин өзү Машаяктын кудуреттүүлүгүн көрсөтүп жатат. Эгерде Машаяктын аракетисиз эч нерсе болбосо, анда Ал бардыгын башкарып турат десек болот. Машаяктын ким экендигин аягына чейин түшүнө алган, сезе билген кеңири жүрөк болсо кана! Бүгүнкү күндөгү бардык илимий ачылыштардан тартып бардык жөнөкөй бир клеткалуу жандыктар Ыйса Машаяктын даңкын жана Анын күчүн чечмелеген түшүндүрмөлөргө салыштыра келгенде, алар маанисиз нерсе болуп чыга келет. Сенин үнүң, булчуңдарың, денеңдин келбети жана жүрөгүңдүн согушу, мына ушунун баары Машаяктын сага берген белектери. Бул үчүн Ага ыраазычылык айткың келеби?

Кудайдан жана Анын Рухунан башка нерселердин бардыгы жаратылган. Ал - тирүү, түбөлүктүү жана ыйык. Кудайдын Өзүндө өмүр бар болгон сыяктуу эле, Машаяк да чыныгы өмүрдүн булагы. Ал ишенимдүү тирилтүүчү. Ал бизди айыптын жана күнөөнүн өлүмүнөн тирилтип, бизге Өзүнүн түбөлүктүү жашоосун берет. Машаяктагы ушул кудайлык жашоо өлүмдү жеңди. Ал Өзүнүн кудайлык өмүрүнүн күчү менен мүрзөдөн тирилип чыкты. Машаяк жаратуучу гана эмес, Ал ошондой эле өмүрдүн булагы дагы. Өзү ыйык болгондуктан, эч качан өлүмгө дуушар болбойт. Кудайдан же Анын Уулунан эч кандай күнөө табууга мүмкүн эмес, ошондуктан Ал өлбөйт. Биз Жакандын Жакшы Кабарындагы бөлүмдөрдөн Машаяктын жашоосу тууралуу ойлорду табабыз. Бул жашоо Анын принциптеринин пайдубалдарынын бири.

Күндүн нуру жер планетасына жашоо берет. Ушул сыяктуу эле Машаяктын да жашоосу бизди жарыктандырат, жандандырат жана үмүт берет. Биздин ишеним мыйзамдын, өлүмдүн жана соттун дини эмес. Биздин ишеним – өмүрдү, жарыкты жана үмүттү кабарлап турган тирүү ишеним. Машаяктын өлүп, кайра тирилүүсү бардык үмүтсүздүктү жокко чыгарды. Биздеги Ыйык Рухтун жашоосу Кудайдын жашоосу менен бириктирди. Бул дүйнө күнөөнүн айынан караңгылык менен капталган, бирок Машаяк - жарыктагы сүйүү. Анда караңгылык, жамандык жок. Мына ошол себептен Машаяк даңкка толгон. Ал күндөн да жарык жаркырайт. Ошентсе дагы, Жакан Машаяктын даңкынын жаркырашын сүрөттөө менен баштаган жок. Ал Машаяктын күчүн жана жашоосун көрсөтүү менен баштаган. Машаяктын ыйыктыгын билүүбүз бизди ачыкка чыгарат, соттойт жана биздеги күнөөнү талкалайт. Анын жашоосун таанып билүү бизди тирилтет. Машаякта тамыр алуубуз бизди сооротот жана бизди чындап эле жандандырат.

Ыйса - адамзаттын жарыгы. Ал Өзү үчүн жаркырабайт жана Ал Өз ысымын даңазалабайт. Ал биз үчүн жарык болот. Биз жарыктын булагы эмеспиз, караңгынын булагыбыз. Бүт адамзат – жамандык, бирок Машаяк биз Аны түшүнүп кабыл алышыбыз үчүн жана өзүбүздүн караңгы абалыбызды түшүнүшүбүз үчүн Ыйса бизди жарыктандырган. Анын Жакшы Кабары аркылуу биз өлгөндөрдөн тирилип, түбөлүк өмүргө киребиз. Үмүтсүз жашообуздан чыгышыбыз үчүн, Машаяк Өзүнө тартып, өмүрүнүн жарыгы менен бизди чакырат. Биз Ага чечкиндүүлүк жана кайраттуулук менен жетебиз.

Сыйынуу: Кагылайын Теңир Ыйса, Сен, Ата жана Ыйык Рух бир болгонуңар үчүн табынабыз. Сен бул дүйнөнү Ата менен татуу мамиледе кылып жараткансың. Сен мага өмүрдү убада кылдың. Жашоомдогу бардык караңгы нерселер үчүн кечирим сураймын жана чыныгы жашоо менен жашашым үчүн күнөөлөрүмдү таштап, Сенин түбөлүк өмүрүңдүн жашоосу менен жашашым үчүн, мени Өзүңдүн Ыйык Рухуң менен жандандыр.

СУРООЛОР:

  1. Жакшы Кабардын башында Жакан бизге ачып берген Машаяктын жети мүнөздөмөсү кайсылар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)