Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 002 (The word before incarnation)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

1. Сөздүн денеде келгенге чейинки мааниси жана кызматы (Жакан 1:1-5)


Жакан 1:1
Башында Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон

Адам өзүнүн ойун жана максатын сөз аркылуу түшүндүрөт. Сен эмнени сүйлөсөң, сен - ошол адамсың. Сенин сөздөрүң сендеги адамдын жыйынтыгы жана сөз сенин рухуңду чагылдырат.

Кудайдын Сөзү Анын Инсандык-Кудайлык табиятын чагылдырат жана Анын бардык күчү Анын Ыйык Сөзү аркылуу кыймылга келет. Башында Кудай асманды жана жерди Өзүнүн кудуреттүү Сөзү аркылуу жараткан. Качан Ал: «Болсун!»- дегенде, болуп калган. Бүгүнкү күнгө чейин Кудайдын күчү Анын Сөзүндө кыймылга кирет. Сенин колуңдагы Жакшы Кабар Кудайдын кудуретине толо экендигин түшүндүң беле? Бул китеп бардык суутек бомбаларынан да күчтүү, себеби ал сендеги жамандыкты жок кылып, сени жакшылыктын үстүнө тургузат.

Жакандын жакшы кабарындагы «Сөз» деген сөздүн грек тилинде эки мааниси бар. Биринчиси бул ооздон келе жаткан үндү алып чыккан дем. Экинчиси – эркектин табиятындагы рухий адам. Бул эки маанини тең араб тилинде грамматикалык категорияны (Орусча – женский, мужской род) ээрчиген этиштен көрүүгө болот. Англис тилинде бул маанилер ошол сөзгө карата колдонулган ат атоочко жараша грамматикалык категориянын негизинде айырмаланат. Эгерде Жакан: «Эң башында Сөз бар болгон», - деп жана экинчи аятта: «Сөз эң башында... болгон», - деп түшүндүрүп жатса, анда бул бизге Машаяктын Инсандыгынын сырларынын бирин көрсөтүп жатат. Бирөөнүн оозунан чыккан кадимки сөз сыяктуу эле, бул Сөз дагы Атадан чыгат. Ошентип Машаяк Кудайдын эркинин жана Анын ойунун жыйындысы. Биз бул тууралуу башка диндерден да таба алабыз. Тактап айтканда - бул Машаяк Кудайдын Сөзү жана Андан чыккан Рух деген чындыгы. Дүйнө жүзүндө бир дагы адам ушундай асмандык мүнөзгө ээ боло албайт. Буга жалгыз гана кыз Мариямдан төрөлгөн Ыйса ээ боло алат.

Бейт-Лехемдеги Ыйсанын денеде келиши Анын башталышы эмес болчу. Себеби Ал доор баштала электе эле Атадан чыккан жана бул дүйнө жаратыла электе эле бар болгон. Демек Атасы түбөлүктүү сыяктуу эле, Машаяк да түбөлүктүү жана Кудай Сөзү эч убакта өзгөрбөгөн сыяктуу эле, Машаяк да өзгөрүлбөйт. Жакан бизге Машаяк менен Атасынын ортосундагы бекем мамилени көрсөткөн. Айтылган сөз ооздон чыгып, абада жок болот. Бирок Ыйса эч убакта Атасынан бөлүнбөйт. Ыйса дайыма Атасы менен. «Кудай менен» деген сөз айкашынын мааниси грек тилинде Сөз Кудайды көздөй жылып, Кудайдын ичине кирип жаткадагы маанини түшүндүрөт. Демек Ыйса дайыма Кудайга карай багыт алат. Бул багыт Ыйык Рухтан төрөлгөндөрдүн бардыгы үчүн принцип болуп калат, себеби сүйүүнүн булагы бул Кудай. Ошол сүйүү дайыма көз каранды болуу менен өзүнүн булагы болгон Кудай Атага карай умтулуп, Анын ичине кирет.

Кудай Өз Сөзү аркылуу Машаякты башка жаратылыш аттуулар сыяктуу жоктон жараткан эмес. Уулу Өзү жаратуучу Сөз жана Ал Атасынын бийлигин Өзүндө алып жүрөт. Ушул биринчи аяттын аягында биз «Сөз Кудай болгон», - деген таң калыштуу чечүүчү сөздөрдү окуйбуз. Мына ушундай жол менен Жакан өзүнүн Жакшы Кабарынын эң биринчи аятынан тартып эле бизге Ыйсаны Кудайдан чыккан Кудай экендигин, Жарыктан чыккан Жарык, чын Кудайдан чыккан чын Кудай экендигин жана төрөлгөн, бирок жаратылган эмес, Атасы Экөө биригип бирди түзөрүн, ошондой эле Ал түбөлүктүү, кудуреттүү, ыйык жана боорукер экендигин айтып жатат. Машаякты Кудайдын Сөзү деп таанып билген адам Машаяктын ушул кудайлык табиятына берилген түшүндүрмөгө макул болот.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машаяк, биз Сенин алдыңда тизе бүгүп чөгөлөйбүз, себеби Сен доор баштала электе эле бар болгонсуң жана дайыма Атага багыт аласың. Бизге Сага көз каранды болгонго эмес, бирок өз ыктыярыбыз менен өзүбүздү Кудайга арнаганга, Анын сүйүүсүндө калганга жардам бер. Теңир Ыйса, Сенин бийлигиң бизде Өз Сөзүң аркылуу ишенимдин негизинде ишке ашышы үчүн, бизге Жакшы Кабарыңды түшүнүктүү сөздөр менен алып келгениң үчүн ыраазыбыз.

СУРООЛОР:

  1. Жакандын Жакшы Кабарынын биринчи бөлүмүнүн биринчи аятында кайсы сөз кайталанып айтылган? Анын мааниси эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)