Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
2. Тубаса сокур адамдын айыгуусу (Жакан 9:1-41)
а) Ишемби күнү айыктыруу (Жакан 9:1-12)Жакан 9:1-5 Ыйса жүйүттөрдөн кетип бара жатканда, көчөдөн кайгырып отурган бир адамды көрдү. Анын сүйүүсү кечирим алып келет. Анын сүйүүсү - чынгы бата. Ыйсанын шакирттери да бул сокур адамды көрүштү, бирок ал үчүн анча кабатырланышкан жок. Тескерисинче алар бул адамдын сокур болуп калганына ким күнөөлүү болгондугу тууралуу ойлонуп жатышты. Мурда адамдардын көбү ооруну күнөөнүн, же дагы бир нерсенин айынан болгон Кудайдын жазасы деп түшүнүшчү. Ыйса оорунун себебин атаган жок; анын оорусуна ата-энеси да, ал адам өзү дагы себепкер эмес экендигин, анын оорусу Кудайдын кудуретин көрсөтүүгө даярдалганын айтты. Ыйса шакирттерине бул оорунун себебин аныктоого жол бербеди. Анын ордуна Ал башкалардын ойлонуусуна түрткү берип, Кудайдын максаты болгон куткарылууну жана айыгууну көрсөттү. Ыйса: «Мен буга карата бир нерсе кылышым керек», - деди. Ыйсанын сокур адамга карата сүйүүсү артты. Ал айыптап, ал адамдын шагын сындырууну эч каалабады. Тескерисинче, Ал боору ооруп, сокур адамды айыктырууну эңседи. Бул аркылуу Ыйса өзүнүн башкалар үчүн кун төлөөгө даяр турган сүйүүсүн, ишенимин жана максатын көрсөттү. Ал адамдарды ыйык жашоого үйрөтө турган дүйнөнүн Куткаруучусу эле. Ыйса: «Мен ишти Өзүмдүн атымдан же Өзүмдүн күчүмдөн кылбайм; Мен Атамдын атынан Анын эрки менен Атамдын ишин аткарганы келгем », - деген. Анын кылып жаткан иши Кудайдыкы экенин айтты. Ыйса убакыт чукулдап, өлүм жакындап калганын билген. Ошого карабастан, Ал убактысын сокур адамды айыктыруу үчүн берди. Ыйса сокур адамды өмүрдүн жарыгы менен жарыктандыргысы келген дүйнөнүн жарыгы. Ошол мезгилде Ыйса дагы, башка ыйыктар дагы эч нерсе кыла албаган каттаал мезгил жакындап калган. Качан жарык болуп турганда, Жакшы Кабар таратууга мүмкүнчүлүк болуп турганда Ыйсаны күбөлөндүрөлү. Караңгылык басып жатканда, бул дүйнөдө Ыйсадан башка үмүт жок. Жакан 9:6-7 Мурда Ыйса кереметтерин сөз айтуу менен гана кылчу, бирок бул жолкусун Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасап, аны сокур адамдын көздөрүнө сүйкөдү. Муну менен, Ыйса Өз денесинин бөлүгү ага берилгендигин сокур адамга сездиргиси келди. Ыйса сокур адамдын кайгысын терең түшүнгөндүктөн, анын айыгуусу өзгөчө жакшы жол менен келди. Негедир сокур адамдын көздөрү ошол замат ачылган жок. Ал бир өрөөндүн аягына чейин барып, «Жиберилген» деген мааниге ээ болгон Силоом көлмөсүнө жуунушу керек болчу. Мына ушул сыяктуу эле адам төрөлгөндөн тартып эле күнөөнүн айынан рухий көздөрү сокур болгондуктан, Ыйса тартуулаган айыгууга жана куткарылууга муктаж. Сокур адам Ыйсанын ага болгон сүйүүсүн жана убадасын кабыл алды. Ал Ыйсанын айтканын ошол замат аткарды. Ал жолдо бара жатканда, Ыйсанын ага берген буйругун түшүнө албаса дагы, кете берди. Көлмөгө барып бетин жууган соң, көздөрү көрө баштады. Ал ошол замат жарыкты, элдерди, сууну, өзүнүн колдорун жана көк асманды көрө баштады. Ал мунун баарын ажайып менен көрө баштады. Кубанычы койнуна батпай, ал жалынып-жалбарып Кудайды даңктап жатты. Жакан 9:8-12 Бул керемет жашыруун бойдон калган жок, себеби анын айыкканын башкалар да көрүшүп, абдан таң калышты. Кээ бирлери бул ошол калчылдап түз баса албаган, башкалардын жардамы менен баскан сокур адам экендигине ишенишкен жок. Ал адам болсо ошол сокур адам өзү экендигин айтып жатты. Элдер анын кантип айыккандыгын майда-чүйдөсүнө чейин сурашып, айыктыруучунун өзү жөнүндө эмес, бирок кантип айыккандыгы жөнүндө сурашты. Көзү көрө баштаган адам аны айыктырган Ыйса экендигин айтты. Ал Ыйса жөнүндө көп билчү эмес. Ал Ыйсанын Кудай экенин билбегендиктен, Аны колу менен көзүнө баткак сүйкөгөн «киши» катары гана кабыл алды. Анан ал киши ага көзүн жууганга буйрук берип, ал ошону аткаргандыгын айтты. Ошондо, Кеңешменин сөз ташыган адамдары андан: «Ыйса кайда?» - деп сурашты. Жаш жигит аларга: «Мен билбейм; мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрө баштадым. Ал менден акча сураган жок, менден ыраазычылык сөз да күткөн жок. Мен көлмөгө барып жуунар замат көрө баштадым. Мен анын ким экенин жана кайда экенин билбейм», - деди. Сыйынуу: Теңир, биз Сага ыраазыбыз; Сен сокур адамдан кыя өтүп кеткен жоксуң, аны жокко чыгарып салган жоксуң. Сен анын көздөрүн ачуу аркылуу, күнөөдө төрөлгөндөргө ажайыбыңды көрсөттүң. Сенин жарыгыңды көрүп, Сенин ысымыңдын алдында күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып, тобо кылышыбыз үчүн, ыйык Рухуң менен биздин көздөрүбүздү тазарта аарчы. СУРООЛОР:
|